Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин  аткарылышы  жөнүндө

 

         Бишкек шаардык кеңеш 2016-жылы атайын каражаттарды жана  республикалык бюджеттен  алынган расмий каражаттарды кошуп алганда шаардын бюджетине 7 438 160,8  миң сом суммасындагы,  же такталган планга карата 91,1%   киреше түшкөндүгүн  белгилейт. Бюджеттин чыгаша бөлүгү  7 513 711,7 миң сомду, же такталган планга карата 90,1%ды түздү.

         Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 23-мартындагы №177 “Бишкек шаарынын 2016-жылга бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомунун 5-пунктуна ылайык шаардын бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлдү.

         Отчёттук мезгил ичинде республикалык бюджеттен 554 773,6 миң сом, анын ичинде, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарын утурумдук ремонтту каржылоого 12 210,4 миӊ сом суммасында, “Бишкек шаарынын жолдорунун боюнда муниципалдык токтотмолорду уюштуруу” долбоору боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө 9800,0 миӊ сом суммасында, II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна активдүү катышкандыгы үчүн материалдык сыйлык берүүгө карата 300,0 миӊ сом суммасында, тышкы жарыктандыруу үчүн материалдарды сатып алууга карата 32100,0 миӊ сом суммасында, чуу тосмо метал тосмолорун орнотууга 20800,0 миӊ сом, сатуудан салык боюнча алынбай калган кирешенин компенсациясы 479 458,0 миӊ сом, Статистика комитетине 105,2 миӊ сом суммасында түштү.

         Бюджеттик мекемелердин  кредитордук карызы 2017-жылдын                       1-январына карата абал боюнча  266 985,0 миң сомду түздү, анын ичинде:

         -  шаардык бюджет боюнча  -  205 406,2  миң сом, андан коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча –  475,4 миң сом, капиталдык салымдар боюнча – 26 152,9 миң сом,  жылуулук энергиясынын дотациялары боюнча (“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы, ведомстволук отканалар) – 28 449,3 миң сом, жол куруу боюнча – 63 247,6 миң сом, муниципалдык ишканалардын аткарган иштеринин көлөмү боюнча – 20 548,6 миң сом, чет элдик кредиттер боюнча – 42 534,0 миң сом, бюджеттик мекемелерди капиталдык ремонттоо боюнча –  759,2 миң сом, (турак үйлөрдү, жарыктандыруу, лифттерди, тротуарларды) капиталдык ремонт боюнча  -15 641,3 миң сом;

         - Ленин району боюнча  -   19 478,9 миң сом, андан коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча – 10 059,6  миң сом,  көрктөндүрүү комбинаты боюнча – 8 040,2  миң сом;

         - Октябрь району боюнча –  11 209,9 миң сом, андан  коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча – 11 060,9  миң сом;

         - Биринчи май  району боюнча – 24 924,3  миң сом, андан  коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча – 7 200,5  миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча – 16 360,1 миң сом; 

         - Свердлов району боюнча –  5 965,7 миң сом, андан  коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча – 5 793,5 миң сом.

         Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана кирешелер менен чыгашалар боюнча милдеттенмелерди эске алуу менен  8 042 287,3  миң сом суммада бекитилсин.

 

         2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Ж. Ж. Алымов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Р. К. Макеновго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу                                                       В. М. Лисниченко