Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана

штаттык саны жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу”  мыйзамдарына,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы  № 26 “Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө”  токтомуна  ылайык,  Бишкек шаарынын мэри  А. С. Ибраимовдун катын  (2017-жылдын 16-мартындагы чыгыш № АИ 01/257) эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

          1-тиркемеге ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү;

          2-тиркемеге ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын  штаттык саны.

         2. Бишкек шаарынын мэриясы алты айлык мөөнөттө  Бишкек шаарынын мэриясынын  колдонуудагы түзүмүн ушул  токтомго ылайык келтирсин.

         3. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө”  жана 2016-жылдын  30-июнундагы № 195 “Бишкек шаардык кеңештин                    2015-жылдын 20-майындагы № 126 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту деп эсептелинсин.

         4.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана  укук тартиби боюнча  туруктуу комиссиясына (А. А. Имангазиева) жана Бишкек шаарынын мэри                          А. С. Ибраимовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                 К. Б. Музуралиев  

 

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү                                Бишкек шаардык кеңештин

2017-жылдын  “___”________

 

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппараты

99 шт. бирдик

№__ токтомуна 1-тиркеме

 

 

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин аппарат жетекчисинин

милдетин убактылуу аткаруучу                                                                                                                      Р. К. Садыралиев  

 

                       

 

 

Аймактык бөлүмдөр бардыгы

 516 шт.бирдик

Түзүмдүк бөлүмдөр бардыгы 436 шт.бирдик

Чарба  жүргүзүүчү субъекттер

Администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрациялар – 4

Муниципалдык аймактык башкармалыктар

– 22

Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары– 4

Райондук билим берүү борборлору

– 4

1. Шаарды өнүктүрүү агенттиги

2. Жер ресурстар башкармалыгы

3. Жер пайдалануу жана  курулуш башкармалыгы

4. Коомдук-мамлекеттик  капиталдык курулуш башкармалыгы

5. Капиталдык курулуш башкармалыгы

6. Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгы

7. Шаардык транспорт башкармалыгы

8. Бишкек шаарынын саламаттык сактоо тутумун камсыздоо башкармалыгы

9.  Маданият башкармалыгы

10.  Билим берүү башкармалыгы

11. Социалдык өнүктүрүу башкармалыгы  

12.  Дене тарбия жана спорт башкармалыгы

13. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү

14. Санитардык-экологиялык инспекция

15. Муниципалдык мүлк башкармалыгы

16. Жергиликтүү бюджеттин кирешелер башкармалыгы

17. Авто коюу жайлар жана муниципалдык базарлар башкармалыгы (муниципалдык эмес кызматчылар)

18. Бишкек шаарынын мэриясынын Колл – борбору (муниципалдык эмес кызматчылар)

19. Мобилизациялык резервдин материалдарын сактоо 

        кызматы  (муниципалдык эмес кызматчылар)

 

 

1.  «Муниципалдык наабайкана» МИси

2.  «Бишкекшаарлифт» МИси

3.    «Бишкекжылуулукэнерго» КИси

4.  «Тазалык» МИси

5.  «Жашылдандыруу курулуш» МИси

6.  «Бишкексууканал» ЭӨБсы

7.  «Бишкексвет» МИси

8. «Бишкек санитардык полигону» МИси

9. Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги

10.  «Бишкекасфальтсервис» МИси

11.  «Бишкек троллейбус башкармалыгы» МИси

12.  «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы» МИси

13. «Жол сыноо лабораториясы» МИси

14.  «Бишкекбашкыархитектура» МИси

 

 

 

 

 

 

Мэр                                                                                                                                                                                                А.Ибраимов 

 

 

 

 

 

 

    

Бишкек шаардык кеңештин

                                                                        2017-жылдын “___”_______

                                                                        №____ токтомуна 2-тиркеме

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук

аппаратынын штаттык саны

 

Кызмат орунунун

аталышы

Саны

  1.  

Мэр

1

  1.  

Биринчи вице-мэр

1

  1.  

Вице-мэр

4

  1.  

Аппарат жетекчи

1

  1.  

Мэрдин кеңешчиси

1

  1.  

Мэрдин жардамчысы

1

  1.  

Бөлүм башчы

14

  1.  

Сектор башчы

1

  1.  

Башкы адис

29

  1.  

Жетектөөчү адис

30

  1.  

Адис

16

 

Жыйынтыгы:

99

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаардык  кеңештин

аппарат жетекчисинин

милдетин убактылуу аткаруучу                                            Р. К. Садыралиев