Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 3 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 36-41-пункттарын жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын лидеринин катынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
Насипов Алымбек Абдыманапович - “Мекеним Кыргызстан”
фракциясынын мүчөсү;
Расул кызы Миргул - “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү.
- Төмөнкүлөр киргизилсин:
Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын курамына:
Маткасымов Дамирбек Адылбекович - “Мекеним Кыргызстан”
фракциясынын мүчөсү;
Десятников Павел Николаевич - “Мекеним Кыргызстан”
фракциясынын мүчөсү.
- Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 3 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 2-пукттун 8-сабындагы “Насипов Алымбек Абдыманапович” деген сөздөр “Маткасымов Дамирбек Адылбекович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-пукттун 9-сабындагы “Расул кызы Миргул” деген сөздөр “Десятников Павел Николаевич” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы К. Б. Музуралиев