Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 16-мартындагы № 6 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Бишкек шаардык кеңештин XXVII чакырылышынын III сессиясынын чечимине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 16-мартындагы № 6 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” токтому төмөнкү мазмундагы 2-1- пункт менен толукталсын: “Бишкек шаарынын мэриясы вто коюу жайлар жана муниципалдык базарлар башкармалыгын жоюуну жүргүзсүн.”.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдооБишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (Имангазиева А. А.) жана Бишкек шаарынын мэриА. С. Ибраимовго жүктөлсүн.
Төрага К. Б. Музуралиев