Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 129 “Бишкек шаарынын Шаар куруу кеңеши тууралуу жобону

бекитүү  жөнүндө” токтомунун тиркемесине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

Бишкек шаарынын шайлоочуларынын кызыкчылыктарын билдирүү жана шаар куруу–архитектуралык ишти жөнгө салуучу “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстеринин жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоо максатында, Бишкек шаарынын прокуратурасынын Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 129 “Бишкек шаарынын Шаар куруу кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна каршылыгын (2016-жылдын 8-ноябрындагы чыгыш № 11/9-63-16) карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 129 “Бишкек шаарынын Шаар куруу кеңеши тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1.2.-пунктунун 2-абзацындагы “түзүлөт” деген сөздүн алдына “Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынан (Бишкек шаардык кеңеште көрсөтүлгөн ар бир фракциядан бирден депутаттан),” деген сөздөр менен толукталсын;

2.7.-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “Бишкек шаарынын Шаар куруу кеңешинин отурумунун күн тартибинин бардык каралуучу маселелери көрмө жана аудио жазуулар менен коштолот.”;

2.8.-пункт “Шаар куруу кеңешинин төрагасы” деген сөздөрдөн кийин “Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэри, Бишкек шаарынын Шаар куруу кеңешинин төрагасынын орун басары, Бишкек шаарынын Шаар куруу кеңешинин курамына киришкен Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарабынан кол коюлат.” деген сөздөр менен толукталсын;

2.9.-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: “Шаар куруу кеңешинин белгиленген тартипте бекитилген чечимдери сунуштоочу мүнөзгө ээ”.

 

2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын шааркуруу кеңешинин отурумдарын онлайн режиминде өткөрүү үчүн жабдуу сатып алууну карап чыгуу сунушталсын.

 

3. Бишкек шаарынын мэриясы өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

 

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  К. Б. Музуралиев