БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңештин Президиуму жөнүндө
Бишкек шаардык кеңештин регламентинин негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаардык кеңештин XXVII чакырылышынын Президиуму бекитилсин (тиркелет).
- Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
2013-жылдын 2-апрелиндеги № 19 “Бишкек шаардык кеңештин Президиуму жөнүндө”;
2013-жылдын 25-декабрындагы № 62 “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 19 “Бишкек шаардык кеңештин Президиуму жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;
2015-жылдын 29-июнундагы № 145 “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 19 “Бишкек шаардык кеңештин Президиуму жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;
2015-жылдын 8-декабрындагы № 163 “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 19 “Бишкек шаардык кеңештин Президиуму жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;
2016-жылдын 27-февралындагы № 175 “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 19 “Бишкек шаардык кеңештин Президиуму жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;
2016-жылдын 30-июнундагы № 192 “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 19 “Бишкек шаардык кеңештин Президиуму жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;
2016-жылдын 27-сентябрындагы №206 “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 19 “Бишкек шаардык кеңештин Президиуму жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы К. Б. Музуралиев
Бишкек ш.
11-январь 2017-жыл, №5
Бишкек шаардык кеңештин
2017-жылдын “11” январындагы
№5 токтомуна тиркеме
Бишкек шаардык кеңештин XXVII чакырылышынын Президиумунун
КУРАМЫ
Президиумдун төрагасы:
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы
Президиумдун мүчөлөрү:
Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары;
Бишкек шаардык кеңештин “КСДП” депутаттык фракциясынын лидери;
Бишкек шаардык кеңештин “Республика-Ата-Журт” депутаттык фракциясынын лидери;
Бишкек шаардык кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” депутаттык фракциясынын лидери;
Бишкек шаардык кеңештин “Мекеним Кыргызстан” депутаттык фракциясынын лидери;
Бишкек шаардык кеңештин “Кыргызстан” депутаттык фракциясынын лидери;
Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчисинин милдетин
убактылуу аткаруучу Р. К. Садыралиев


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

