Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

 

                                                          Бишкек шаардык кеңештин

төрагасын шайлоо жөнүндө

 

        

Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  мыйзамдарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңештин XXVII чакырылышынын биринчи сессиясынын эсептөө комиссиясынын төрагасынын Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаардык кеңештин XXVII чакырылышынын биринчи сессиясынын эсептөө комиссиясынын отурумунун Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө №1, №2, №3 протоколдору бекитилсин (тиркелет).

 

  1. Бишкек шаардык кеңештин депутаты – Канатбек Байсарыевич Музуралиев   XXVII чакырылыштагы  Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.

 

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 26-октябрындагы №154 “Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

4. Бул токтом белгиленген тартипте  жарыялансын.

 

 Сессияда төрагалык кылуучу, 

 Бишкек шаардык кеңештин

 депутаты                                                                             Э. Дж. Шукуров

 

Бишкек ш.,

30-декабрь 2016-жыл,  №1