Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ
 
Монументалдык курулмаларды
күтүү жана пайдалануу жөнүндө
 
         Монументалдык курулмаларды сактоо жана күтүү, борбор шаарыбыздын эстетикалык көрүнүшүн кайра калыбына келтирүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-статьясынын 15-пунктунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.                Жумушчу комиссиянын төрагасы К. К. Конгантиевдин маалыматы эске алынсын.
2.                Чүй проспекти жана Фучик көчөсүнүн, Жибек Жолу проспекти жана Жаш Гвардия бульварынын, Тоголок Молдо көчөсү жана Жибек Жолу проспекти, Абдрахманов көчөсү жана Жибек Жолу проспектинин, Ибраимов көчөсү жана Жибек Жолу проспектинин, Горький көчөсү жана Манас проспектинин кесилиштеринде жайгашкан монументалдык курулмаларды жарнамалык максаттарда пайдаланууга тыюу салынсын.
3.                Бишкек шаарынын мэриясы:
а) көрсөтүлгөн монументалдык курулмаларды пайдалануу менен жарнамалык объекттерди коюуга уруксат берүүчү документтерди бербесин жана табыштамаларды иштеп чыгууга кабыл албасын.
б) 2014-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде монументалдык курулмаларды кайра калыбына келтирүүгө жана күтүүгө каражат карап чыксын.
4.                Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана ченемдик-укуктун актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери жана   укук   тартиби боюнча    туруктуу   комиссиясына   (В. М. Лисниченко), муниципалдык   менчик,   жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков)  жана Бишкек шаарынын вице-мэри      Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                        М. А. Аманкулов                                               
Бишкек ш.,
19-ноябрь 2013-жыл, №57