Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Бишкек шаарынын үй жана  кварталдык 
комитеттеринин аймактарынын чектерин
бекитүү  жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы №625 токтому менен бекитилген “Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Жобосуна, Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы №232 “Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы №151 “Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө” Жобосуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.    Төмөндөгүлөр бекитилсин:
а) Бишкек шаарынын үй комитеттеринин аймактарынын чектери              (№1-18- тиркемелер);
б) Бишкек шаарынын кварталдык комитеттеринин аймактарынын чектери (№19-38-тиркемелер).
2.    Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3.    Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловго жана Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (Н. А. Айсаев) жүктөлсүн.
Төрага                                                                        М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
27-июнь 2013-жыл, №38
 
Бул токтомдун тиркемелерин №210-иш бөлмөсүнөн алууга болот.