Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Турак жай менчик ээлеринин шериктиктерине
муниципалдык менчиктин объекттерин
(турак эмес жайларды) өткөрүп берүү жөнүндө
 
         Кыргыз Республикасынын “Турак-жай менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, турак-жай менчик ээлеринин шериктештиктерине турак үйлөрдө жайгашкан турак эмес жайларды өткөрүп берүү маселеси боюнча материалдарды карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.     Бишкек шаарынын мэриясы:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте “Сезимтал үйү” турак-жай менчик ээлеринин шериктиктерине Саманчин көчөсү, № 4-үйүндө жайгашкан турак эмес жайларды өткөрүп берсин;
б) муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
2. Комиссия турак үйлөрдө жайгашкан муниципалдык жайлардын таандыгын аныктоо жана аларды турак жайдын менчик ээлеринин шериктештерине өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча ишти улантсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Төрага                                                                                 М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
6-июнь 2013-жыл, №32