Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын
12-июнундагы №319 “2012-жылга карата Бишкек
шаарынын бюджетин бекитүү жана 2013-2014-
жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
       Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы №319 “2012-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2013-2014-жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 1-пункттагы “6 283 265,0”, “4 277 353,7”, “521 421,0”, “512 644,6”, “453 351,2”, “518 494,5” деген сандар тийиштүү түрдө “6 520 456,4”, “4 516 190,2”, “533 635,4”, “503 469,1”, “457 381,7”, “509 780,0” деген сандарга алмаштырылсын;
2) “2012-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү” 1, 1-1 тиркемелери бул токтомдун 1, 1-1-тиркемелери менен алмаштырылсын;
3) “2012-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү” 2, 2-1 тиркемелери бул токтомдун 2, 2-1-тиркемелери менен алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун 3-тиркемесине ылайык киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча атайын каражаттардын пландуу суммасы 50 962,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
3. Бул токтомдун 4-тиркемесине ылайык чыгашалардын негизги топтору жана кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр бекитилсин.
4.Токтомдун 6-тиркемеси бул токтомдун 5-тиркемеси менен алмаштырылсын.
5. Бишкек шаарынын мэри И. Ш. Өмүркуловго:
а) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын ченемдерин бузгандыгы үчүн кызмат адамдарына карата тартиптик таасири бар чаралар көрүлсүн;
б) 2013-жылдын кабыл алынган бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду өз убагында киргизүү камсыздалсын. Чыгымдардын каржыланышы жана бюджеттик каражаттардын беренеден беренеге которулушу Бишкек шаардык кеңештин сессиясында каралмайынча жүргүзүлбөсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы (Э. Ш. Докенов) жана биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                           М. А. Аманкулов                                                      
      Бишкек ш.,
      6-июнь 2013-жыл, №24