Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кенештин токтому

 
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруусунун аймактык коомдук органдарын
эсептик  каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу      
         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.     “Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун
аймактык коомдук органдарын эсептик каттоо жүргүзүү  тартиби жөнүндө” жобо бекитилсин.
2.                Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына чечим кабыл алуу жолу менен аймактык коомдук органдарын эсептик каттоо жүргүзүү   укугу ыйгарылсын.
3.                Кабыл алынган чечимдер жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин сессиясына маалымдасын.
4.                Бишкек шаардык кеңештин 2003-жылдын 9-июлундагы №184 “Бишкек шаарынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кеңешин эсептик каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5.                Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага                                                                        М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
27-июнь 2013-жыл, №37
 
 
 
                                                         Бишкек шаардык кеңештин
                                                                2013-жылдын “27” июнундагы
                                                      №­­­ 37 токтомуна тиркеме
 
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун
аймактык коомдук органдарын эсептик каттоо жүргүзүү
тартиби жөнүндө жобо
 
Бул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана башка ченемдик-укуктук актыларга ылайык аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын эсептик каттоону тартипке келтирүү максатында иштелип чыкты.
I.                  Жалпы жоболор
 
1.                     Бишкек шаарынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу (мындан ары – АКӨАБ органы) органын эсептик каттоо Бишкек шаардык кеңеш тарабынан жүргүзүлөт.
2.                     Эсептик каттоо АКӨАБ органынын иши, жергиликтүү маанидеги кээ бир маселелерди АКӨАБ органына өкүлдөө жана аларды келишимдик негизде жергиликтүү бюджеттен каржылоо үчүн негиз болуп саналат.
3.                     АКӨАБ органын эсептик каттоо Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилген чек аралардын чектеринде жүргүзүлөт.
II.               Эсептик каттоо үчүн АКЖӨАБ органы тарабынан берилүүчү документтер. Аларды берүү мөөнөтү жана тартиби
 
4.                     АКӨАБ органын жетекчиси же жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн чогулушу тарабынан өкүлдөнгөн жак Бишкек шаардык кеңешке АКӨАБ органын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 10 күндөн кеч эмес каттоо үчүн документтерди берет.
5.                     АКӨАБ органын эсептик каттоо жүргүзүү үчүн керектүү документтер:
АКӨАБ органын жетекчиси же жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн чогулушу тарабынан өкүлдөнгөн жак тарабынан кол коюлган белгиленген формадагы арыз;
АКӨАБ органын же тургундардын демилгечи тобунун чогулуш өтүү күнүн, ордун жана делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүн ченемин көрсөтүү менен жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн чогулушун чакыруу жөнүндө чечими;
катышкандардын (катышуучулардын) тизмесин тиркөө менен чогулуштун протоколу;
Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилген органдын аймагынын чек аралары.
6.    Каттоого берилген документтер тигилген жана номурланган болуусу тийиш.
7.    Бишкек шаардык кеңеш АКӨАБ органы тарабынан каттоо үчүн берилген документтердин аныктыгын текшерүүгө укуктуу.
8.    Бишкек шаардык кеңеш төмөнкү учурларда эсептик каттоо жүргүзүүдө баш тартат:
жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн чогулушу тарабынан өкүлдөнбөгөн жак тарабынан документтер берилгенде;
-         документтерди берүү мөөнөттөрү бузулганда;
жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн чогулушун даярдоо жана өткөрүү жол-жобосу бузулган фактылар белгиленгенде.
9.    АКӨАБ органын эсептик каттоодо баш тартуу сот тартибинде даттанылуусу мүмкүн.
III.           Бишкек шаарынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органын эсептик каттоосун жол-жоболоштуруу
 
10.                      Бишкек шаарынын АКӨАБ органын эсептик каттоо жөнүндө чечим Бишкек шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынат.
11.                     Эсептик каттоо Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын өкүлдөнгөн адиси жүргүзгөн АКӨАБ органын эсептик каттоо журналына киргизилет.
12.                     АКӨАБ органын эсептик каттоо жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
13.                     Анын жоюлушуна алып келүүчү АКӨАБ органын бириктирүү же чоңойтуу менен байланышкан АКӨАБ органын ишинин чектери өзгөргөндө жаңы түзүлгөн АКӨАБ органы бул жобо тарабынан белгиленген тартипте эсептик каттоодон өтөт.
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси                                                        Э. А. Нурдавлетов