Бишкек шаардык кеңештин токтому
Бишкек шаарынын мэри И.Ш.Өмүркуловдун
Бишкек шаарынын мэриясынын
2010-жылдын апрелинен 2012-жылдагы
жана 2013-жылдын 5 айынын
ичиндеги иш-аракети жөнүндө отчету
Бишкек шаарынын мэри И. Ш. Өмүркуловдун Бишкек шаарынын мэриясынын 2010-жылдын апрелинен 2012-жылдагы жана 2013-жылдын 5 айынын ичиндеги иш-аракети жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 44-статьясынын, Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 “Бишкек шаардык кеңештин Регламенти жөнүндө” токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин Регламентинин жана Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 11-мартындагы № 7 “Бишкек шаарынын мэриясынын иши жөнүндө” токтомунун негизинде Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Бишкек шаарынын мэри И.Ш.Өмүркуловдун Бишкек шаарынын мэриясынын 2010-жылдын апрелинен 2012-жылдагы жана 2013-жылдын 5 айынын ичиндеги иш-аракети жөнүндө отчету эске алынсын.
Төрага М. А. Аманкулов
Бишкек ш.,
27-июнь 2013-жыл, №34