Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Бишкек шаарынын 2011-жылдагы
бюджетинин  аткарылышы жөнүндө
 
         Бишкек шаардык кеңеши 2011-жылы атайын каражаттарды жана республикалык бюджеттен алынган расмий каражаттарды кошуп алганда шаардын бюджетине  6 032 171, 8 миң сом суммадагы, же такталган планга карата 93,0%   киреше түшкөндүгүн белгилейт. Бюджеттин чыгаша бөлүгү  6 030 302,8 миң сомду, же такталган планга карата 92,9% түздү.
         Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 223 “2011-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2012-2013 -жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомунун 5-пунктуна ылайык шаардын бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлдү.
         Отчёттук мезгил ичинде республикалык бюджеттен 1 245 045,5 мин сом түштү, анын ичинде социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатууга 1 034 663,5 миң сом, мектептердин утурумдук ремонтун жүргүзүүгө 10 382,0 миң сом сумма жана Бишкек шаарынын жергиликтүү  бюджетинин алынбай калган кирешесин  компенсациялоого 200 000,0 мин сом сумма түштү. 
         Бюджеттик мекемелердин кредитордук карызы 2012-жылдын 1-январына карата абал боюнча 381 952,2 миң сом түздү, анын ичинде:
         а) шаардык бюджет боюнча - 300 974,6 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча – 241,0 миң сом, медикаменттерди сатып алуу боюнча – 2 287,3 миң сом, тамак-аш продуктыларын сатып алуу боюнча – 7 646,1 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча – 4 819,8 миң сом, алынган бланктар үчүн “Шуансинь” Кытайлык хромофототипия компаниясынын алдында – 6 049,5 миң сом,   капиталдык салымдар боюнча – 73 011,6 миң сом, чет өлкөлүк кредиттер боюнча – 80 693,4 миң сом, жылуулук энергиясына дотациялар боюнча (БЖЭ, ведомстволук отканалар) – 24 566,1 мин сом, жол куруу боюнча – 26 527,3 миң сом, муниципалдык ишканалардын аткарган иштеринин көлөмү боюнча – 20 098,4 мин сом,  капиталдык ремонт боюнча – 16 191,5 миң сом,  эмеректерди, компьютердик жабдууларды, китептерди, механизмдерди сатып алуу боюнча – 16 676,2 миң сом ж.б.;
         б) Ленин району боюнча - 25 298, 6 миң сом, анын ичинен коммуналдык кызматтар боюнча – 16 266, 4 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча – 8 040,2 миң сом;
         в) Октябрь району боюнча – 8 435,7 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча -   8 293,6 миң сом жана башкалар – 142,1 миң сом;;
         г) Биринчи май району боюнча – 34 922,3 миң сом, анын ичинен коммуналдык кызматтар боюнча – 7 804,5 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча – 16 360,1 миң сом, ссуда боюнча - 8 282,5 миң сом жана башкалар -2 475,2 миң сом;
         д) Свердлов району боюнча – 12 321,0 миң сом, анын ичинен коммуналдык кызматтар боюнча – 9 788,3 миң сом,   капиталдык ремонт боюнча – 1 200,0 миң сом жана башкалар – 1 332,7 миң сом..
         Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:                           
1.                Бишкек шаарынын 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана кирешелер боюнча милдеттерди эске алганда 6 095 267,9 мин сом суммада жана чыгашалардан ашкан 64 965,1 миң сом суммадагы кирешени эске алганда 6 030 302,8 мин сом суммадагы чыгашаны эске алуу менен бекитилсин.
2.         Бишкек шаарынын мэриясы;
а) Бишкек шаарынын 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" мыйзамынын 52-статьясын бузуу менен киргизилгендигин белгилесин;
б) Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" мыйзамынын талаптарын дайыма бузгандыгы үчүн бул маселени аткаруучуларына (Бишкек шаары боюнча мамлекеттик салык башкармалыгы, Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча мамлекеттик салык башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын эркин экономикалык зоналардын жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн субъекттерин контролдоо боюнча мамлекеттик салык башкармалыгы) тийиштүү чара көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин   бюджет   жана   финансы     боюнча   туруктуу   комиссиясына (Э. Ш. Докенов) жана биринчи вице-мэр М.А.Исмаиловго жүктөлсүн. 
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №10