Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Бишкек шаарынын мэриясынын иши жөнүндө
         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, көпчүлүк коалициянын чечимин эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.     Бишкек шаарынын мэри И. Ш. Омуркулов:
а) үч күндүн ичинде ”Тазалык” муниципалдык ишканасынын начальниги М. А. Кутановдун, Муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги Б. Т. Кудайбергеновдун, Атаандаштык саясат башкармалыгынын начальниги А. Н Багутанын, Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги М. Э. Мияровдун, Бишкек шаарынын вице-мэри В. В. Красиенконун ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени карасын;
б) Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловдун, Бишкек шаарынын вице-мэрлери Б. О. Дюшембиевдин жана А. И. Усубакунованын жоопкерчилик чараларын карасын;
в) үч айдын ичинде жасалган иштер жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин алдында отчёт берсин жана түзүлгөн кырдаалды оңдоо боюнча сунуш киргизсин;
г)  Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын начальниги Э. З. Зарлыковдун ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Бишкек шаарынын башкы архитектору А. А. Абдыкаровдун ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине кайрылсын.
2.                Бул токтомду аткаруу боюнча чара көрүлбөгөн учурда Бишкек шаардык кеңештин фракциялары Бишкек шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө процедурасын демилгелөө укугун өзүнө калтырат.
3.                Бул токтомдун аткарышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (В. М. Лисниченко) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
11-март 2013-жыл, №7