Бишкек шаардык кеңештин токтому
Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын
орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 38-статьясынын негизинде, добуш берүүнүн жыйынтыгын эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин депутаты - Любовь Викторовна Ардамина XXVI чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Төрага М. А. Аманкулов
Бишкек шаары,
28-декабрь 2012-жыл, №6