Бишкек шаардык кеңештин токтому
Туруктуу комиссиялардын төрагаларын
жана төрагаларынын орун басарларын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-статьясынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин XXVI чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарлары
бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төрага М. А. Аманкулов
Бишкек шаары,
28-декабрь 2012-жыл, №5