Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Бишкек шаардык кеңештин
төрагасын шайлоо жөнүндө 
        
Бишкек шаардык кеңештин XXVI чакырылышынын кезектеги биринчи (уюштуруу) сессиясынын эсептөө комиссиясынын төрагасынын Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
 ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин XXVI чакырылышынын кезектеги биринчи (уюштуруу) сессиясынын эсептөө комиссиясынын отурумунун Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө №1, №2, №3 протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бишкек шаардык кеңештин депутаты – Марат Аскерович Аманкулов Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын. 
 Төрагалык кылуучу,       
 Бишкек шаардык кеңештин депутаты                                Л. А. Васильев
 
Бишкек шаары,
28-декабрь  2012-жыл, №1