БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
8 (сегиз) батир көлөмүндөгү кыймылсыз мүлктү
муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан Бишкек шаары, Москва көчөсү, 191 дарегинде жайгашкан турак үйдөгү 8 (сегиз) батир көлөмүндөгү кыймылсыз мүлктү Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте, тиркемеге ылайык 8 батирди кабыл алуу боюнча чара көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К.К.Конгантиев), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Э.З.Зарлыковго жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
|
А. М. Кененбаев |
Бишкек шаары,
2016-жылдын 27-сентябры, №204
|
|
Бишкек шаардык кеңештин |
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алынуучу батирлердин
ТИЗМЕГИ
№ |
Дареги |
Аянты чарчы метр |
Кабат |
Бөлмөнүн саны |
1 |
Москва көчөсү, 191-үй, 137-батир |
113,4 |
5 |
3 |
2 |
Москва көчөсү, 191-үй, 141-батир |
112,3 |
6 |
3 |
3 |
Москва көчөсү, 191-үй, 145-батир |
111,7 |
7 |
3 |
4 |
Москва көчөсү, 191-үй, 149-батир |
112,3 |
8 |
3 |
5 |
Москва көчөсү, 191-үй, 153-батир |
111,4 |
9 |
3 |
6 |
Москва көчөсү, 191-үй, 157-батир |
113,8 |
10 |
3 |
7 |
Москва көчөсү, 191-үй, 161-батир |
114,5 |
11 |
3 |
8 |
Москва көчөсү, 191-үй, 165-батир |
114,6 |
12 |
3 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу |
|
Р.Садыралиев |