Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар

министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө келишимин жактыруу жөнүндө

 

Өзгөчө жана экстремалдык кырдаалдарда Бишкек шаарынын калкына өз убагында тез жана комплекстүү жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө келишим (мындан ары - Кызматташуу жөнүндө келишим) жактырылсын (тиркелет).

2. Бишкек шаарынын мэриясы (Ибраимов А.С.):

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен белгиленген тартипте Кызматташуу жөнүндө келишим түзсүн;

жыл сайын Бишкек шаарынын бюджетинде жогоруда көрсөтүлгөн Кызматташуу жөнүндө келишимге ылайык Куткаруу кызматынын чыгымдарын каржылоо үчүн акча каражаттарын кароого уруксат берсин;

Бишкек шаарында Өзгөчө кырдаалдар кызматын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыксын, жобосун жана чыгымдар сметасын Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясы жана Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2001-жылдын 9-апрелиндеги № 26/26 "Бишкек шаарында Куткаруу кызматын түзүү жөнүндө" биргелешкен токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (Лисниченко В.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Г.А.Милицкийге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 13-майы, №185

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин
2016-жылдын 13-майындагы
№ 185 токтомуна
тиркеме

Кызматташуу жөнүндө
КЕЛИШИМ

Бишкек шаары

 

____-ж. "___" _______________

1. Келишимдин тараптары

1.1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарынын негизинде иштеген Бишкек шаарынын мэри "________________________" Бишкек шаарынын мэриясынын атынан (мындан ары - Мэрия) бир тараптан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" жобонун негизинде иштеген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри "________________________" Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан (мындан ары - Министрлик) экинчи тараптан, мындан ары "Тараптар" деп бирге аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.

2. Келишимдин предмети

2.1. Бишкек шаарынын тургундарынын кайрылууларына ыкчам чара көрүү, шаар тургундарынын жашоосуна жана ден соолугуна, ошондой эле ири материалдык зыян коркунучун алып келүүчү өзгөчө жана экстремалдуу кырдаалдарда калкка тез жана комплекстүү жардам көрсөтүү максатында, мэрия жана министрлик Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча Куткаруу кызматынын (мындан ары - Кызмат) күжүрмөн даярдыгын жана күндөлүк ишмердигин биргелешип камсыз кылуу жөнүндө макулдашышты.

3. Тараптардын милдеттенмелери

3.1. Келишимди аткаруу максатында, Мэрия жана Министрлик өздөрүнө төмөнкү милдеттенмелерди алышат:

3.1.1. Мэрия:

- Мэриянын "185" ыкчам чара көрүү кызматы аркылуу авариялык кызматтардын жана тез арада чара көрүү кызматтарынын иш-аракеттерин камсыз кылат жана ар тараптуу көмөк көрсөтөт жана координациялайт;

- шаардын бюджетинин мүмкүнчүлүгүнө жараша, Бишкек шаарынын бюджетинде жыл сайын акча каражаттарды карасын жана Кызматтын тийиштүү ишин, тактап айтканда, байланыш кызматтарын, транспорттук чыгымдарын, атайын жабдуу жана инвентарын сатып алууну төлөөнү каржылайт;

- Кызматтын өнүгүүсүнө, Бишкек шаарынын боордош шаарларынын тез чара көрүү кызматтары менен кызматташууну жөнгө салууга көмөк көрсөтөт.

3.1.2. Министрлик:

- анын алдына коюлган милдеттерди чечүү үчүн кызматтын кызматкерлеринин штаттык санын бөлүп берет, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аларды күтүүнү, мүлк, турак жай жана керектүү нерселердин бардыгы менен камсыз кылат;

- Кызматтын турмуш тиричилигин камсыз кылуу үчүн кызматтык жана уктоочу жайларды, боксторду жана курулмаларды бөлүп берет жана аларды күтүүнү камсыз кылат;

- Кызматтын жайларын тийиштүү жабдуу жана мүлк менен камсыз кылат;

- Кызматтын алдына коюлган милдеттерди чечүү жана Кызматтын турмуш тиричилигин камсыз кылуу үчүн автомобилдик жана атайын техникаларды бөлүп берет, аларды күтүүгө жана ремонтуна, күйүүчү-майлоочу материалдарга финансылык каражаттарды бөлүп берет;

- Кызматты табелге ылайык атайын шаймандар жана мүлк менен камсыз кылат;

- Кызматты байланыш жана маалымат өткөрүп берүү мобилдик каражаттары менен камсыз кылат;

- "Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча куткаруу кызматы жөнүндө" жобого ылайык, Кызматтын күжүрмөн даярдыгы, ыкчам чара көрүүсү, тарбия иши жана багыттар боюнча ишине контроль жүргүзөт;

- шаар тургундарынын жашоосуна жана ден соолугуна, ошондой эле ири материалдык зыян коркунучун алып келүүчү өзгөчө жана экстремалдуу кырдаалдарда Бишкек шаарынын калкына тез жана комплекстүү жардам көрсөтүүнү камсыз кылат;

- Кызматтын күжүрмөн даярдыгын, күндөлүк турмуш тиричилигин камсыздоо жана кызматкерлердин социалдык маселелерин чечүү үчүн чараларды көрөт.

4. Жалпы жоболор

4.1. Ушул келишимди аткарууга, өзгөртүүгө же бузууга тиешелүү талаш тартыштар жана келишпестиктер пайда болгондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сүйлөшүү жолу менен же сот тартибинде чечилет.

4.2. Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, алар жазуу жүзүндө берилген жана эки тараптын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан кол коюлган, Бишкек шаардык кеңеши тарабынан жактырылган учурда гана жарактуу болот.

4.3. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлдү.

5. Келишимдин иштөө мөөнөтү

5.1. Ушул келишим 1 жылдык мөөнөткө түзүлөт, эки Тарап кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана эгерде тараптардын бири экинчисине келишимди бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлама менен кайрылбаса. ал жыл сайын узартылган болуп эсептелинет.

5.2. Келишим тараптардын биринен аны бузуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлама жөнөтүлгөндөн кийин бузулат жана келишимди токтотуу жөнүндө экинчи тарапка кабарлама жөнөтүлгөн күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин өзүнүн иштөөсүн токтотот.

6. Тараптардын кол тамгалары

Бишкек шаарынын мэриясы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Мэр ________________________________

Министр ____________________________

2016-жылдын "___" __________________

2016-жылдын "___" __________________

М.О.

М.О.

 

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин убактылуу аткаруучу

 

Р.Садыралиев