БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 19
"Бишкек шаардык кеңештин президиуму жөнүндө" токтомунун тиркемесине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 6-главасын жетекчиликке алып, ошондой эле "КСДП" жана "Ата Мекен" саясий партиялары фракцияларынын чечимдеринин негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 19, "Бишкек шаардык кеңештин президиуму жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
"Президиумдун мүчөлөрү" бөлүмү:
"Васильев Лев Алексеевич" - Бишкек шаардык кеңештин "КСДП" саясый партиясы депутаттык фракциясынын лидери" деген мазмундагы 2-абзац менен толукталсын;
4-абзацтагы "Салиев Союзбек Сатыбалдиевич" деген сөздөр "Аматов Рысбай Аматович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бишкек шаары, 27-февраль 2016-жыл, № 175 |
|
А. М. Кененбаев |