Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

"Жер ресурстар башкармалыгы" жана "Муниципалдык мүлк башкармалыгы"

жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын борбор шаарында шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын мындан ары ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, "Жер ресурстар башкармалыгы жөнүндө" жобо;

2-тиркемеге ылайык, "Муниципалдык мүлк башкармалыгы жөнүндө" жобо.

2. Бишкек шаарынын мэриясы бул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Конгантиев К.К.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Дюшембиевге Б.О. жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Бишкек шаары,

30-июнь 2016-жыл, № 196

А. М. Кененбаев

Бишкек шаардык кеңешинин
2016-жылдын 30-июнундагы
№ 196 токтомуна
1-тиркеме

"Жер ресурстар башкармалыгы жөнүндө"
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. "Жер ресурстар башкармалыгы" (мындан ары - Башкармалык) Бишкек шаарында жер мамилелеринин муниципалдык саясатын жүргүзүүнү жана экономикалык-укуктук жөнгө салууну камсыздоочу Бишкек шаарынын жерлерин башкаруу жана тескөө боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында уюштурулду.

Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүнө кирүүчү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

2. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 6-февралындагы № 44 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүн кайрадан уюштуруу жөнүндө" токтомунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлкүн башкаруу боюнча комитеттин (каттоо номери: 7573-3301-У-е, ОКПО коду: 21060681, юридикалык дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 56) жана Бишкек жер комитетинин (каттоо номери: 18209-3301-У-е, ОКПО коду: 23007849, юридикалык дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 31) кайра уюштурулушунун натыйжасында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 31-мартындагы № 140 "Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы" мекемесин уюштуруу жөнүндө" токтомунун негизинде түзүлгөн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын укуктарынын жана милдеттеринин укук улантуучусу болуп саналат.

3. Башкармалык - Мекеме уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат, банктык мекемелерде өз алдынча баланска, эсептерге, бюджеттик алыш-бериш эсебине, казыначылык органдарда депозиттик эсепке (Бишкек шаары боюнча Казыналыктын региондук бөлүмү), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы бар тегерек мөөргө, фирмалык бланктарга, штамптарга жана башка кабыл алынган реквизиттерге, расмий атрибуттарга ээ, сотто доогер жана жоопкер болуп чыга алат.

4. Башкармалык өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында Бишкек шаарынын мүлк кызыкчылыктарын көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине, Бишкек шаардык кеңештин токтомдоруна, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдоруна жана буйруктарына жана ушул жобого ылайык иш жүргүзөт.

5. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан түзүлөт.

6. Башкармалык өзүнүн иш-аракетин башкаруунун жана бийликтин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө ишке ашырат.

7. Өзүнүн иш-аракетин ишке ашыруу маселелер боюнча мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен Башкармалыктын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына каршы келбеген Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келишимдик негизде түзүлөт.

8. Башкармалык белгисиз мөөнөткө түзүлөт.

9. Башкармалыктын түзүлүшүнө жана анын иш-аракетине тийиштүү жана ушул жободо көрсөтүлбөгөн бардык маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жөнгө салынат.

10. Башкармалык башка юридикалык жактарды түзүүдө жана алардын ишине Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык гана катыша алат.

11. Башкармалыктын аталышы:

мамлекеттик тилде: "Жер ресурстар башкармалыгы";

расмий тилде: "Управление земельных ресурсов".

12. Башкармалыктын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720017, Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246.

13. Башкармалыктын кызматкерлери муниципалдык кызматкерлер болуп саналышат. Аларга Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери, укуктары жана милдеттери таратылат.

14. Башкармалыктын компетенциясынын чектеринде кабыл алынган чечимдер, тескөөлөр жана буйруктар Бишкек шаарынын аткаруу бийлигинин бардык органдары, менчиктин түрүнө карабастан, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.

15. Башкармалык өзүнүн иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэриясына отчёт берет.

16. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын иш-аракетин контролдоону жүзөгө ашырат.

17. Бишкек шаардык кеңеш муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду жүзөгө ашырат.

2. Негизги милдеттер

18. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер ресурстарын белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;

менчиктин түрүнө карабастан, бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана жарандык-укуктук мамилелеринин чектеринде Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;

шаардык жер саясатты, анын ичинде, шаардык жерлерди, жер үчүн акынын өлчөмдөрүн баалоо жана аларды алуу тартибинин методологиясын жана критерийлерин, шаардык жерлерди жогорку натыйжалуу пайдаланууну экономикалык стимулдаштыруу механизмин, жер пайдалануунун механизмин өзүнө камтыган жер мамилелерин жөнгө салуучу экономикалык-укуктук тутумду ишке ашырууну иштеп чыгууга жана камсыз кылууга катышуу;

Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жерлерди кошуу менен жер участокторго укуктарды берүү үчүн арыздарды кароо жана жер маселелери боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды, анын ичинде, Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча тооруктарды уюштуруу жана жүргүзүү бөлүгү боюнча даярдоо;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын жер реформасы жана архитектуралык-шаар куруу иш-аракети чөйрөсүндө шаардык социалдык-экономикалык программаларды аткаруу.

3. Негизги иш-милдеттер

19. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү аткарат:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине мүлктү белгиленген тартипте кабыл алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган башка учурларда муниципалдык менчикти түзүүнү жүзөгө ашырат;

мамлекеттик сырды сактоо жана маалыматты коргоо функцияларын аткаруу менен мамлекеттик сырга жана купуя маалымат категориясына тийиштүү маалыматтарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген коргоо режимин ишке ашырат;

Башкармалыктын автоматташтырылган маалыматтык тутумун түзүүнү, коштоону жана өркүндөтүүнү төмөнкү багыттар боюнча жүзөгө ашырат:

а) электрондук документ жүгүртүү тутуму;

б) Бишкек шаарынын менчик объекттеринин эсеби;

в) Бишкек шаары боюнча муниципалдык менчиктин электрондук реестри;

г) Башкармалыктын электрондук архиви;

д) Башкармалык жана башка жактар ортосундагы түзүлгөн келишимдер боюнча электрондук реестр.

Бишкек шаарынын муниципалдык жер участокторун чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, мөөнөттүү (убактылуу) кайтарымсыз пайдаланууга бекитүүнү жол-жоболоштурат;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Бишкек шаардык кеңештин ченемдик укуктук актыларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыгын көздөп, инвестициялык программаларды иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана эсепке алууда өзүнүн компетенциясынын чектеринде катышат;

Бишкек шаарынын жер участокторун ижарага берүүчү катары чыгат;

мүлктүк мамилелерди жөнгө салууну жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;

чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде өзүнүн компетенциясынын чектеринде белгиленген тартипте Бишкек шаарынын кызыкчылыгын көздөйт;

Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чыгып сүйлөйт, Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналган уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана берет;

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналган уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүүдө, кайра уюштурууда жана жоюуда катышат;

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укуктарды берүүдөн шаардын бюджетине каражаттардын түшүү болжолун Бишкек шаарынын мэриясына даярдайт жана көрсөтөт, бул түшүүлөрдү камсыздоо үчүн тийиштүү чараларды көрөт;

жер участокторду сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторду сатуу жөнүндө сунуштарды уюштурат жана киргизет;

Бишкек шаарынын жер участокторунун наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;

жарандарга жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү боюнча ишти белгиленген тартипте уюштурат;

өзүнүн компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө Бишкек шаарынын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону камсыз кылат;

жер пайдалануучулар менен болгон ижара мамилелерде Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы жана өкүлү болуп саналат;

Бишкек шаарында жер участокторго укуктарды берүү маселелери боюнча чечимдердин (токтомдордун) ижара жана сатуу-сатып алуу келишимдеринин долбоорлорун даярдайт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участокторду пайдалануу үчүн ижара акылардын эсебин жүргүзөт;

жеке жана юридикалык жактардын аларга жер участокторду берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүч каттарын) кароо мөөнөтүн бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча чараларды көрөт.

4. Башкармалыктын укуктары жана милдеттери

20. Башкармалык төмөнкү укуктарга ээ:

өзүнүн компетенциясынын чектеринде Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин тескөөгө, Бишкек шаарынын жерлерине карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык түзүүгө;

Бишкек шаарынын муниципалдык мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын  уюштуруу-укуктук формасын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, өзгөртүү жөнүндө сунуштарын киргизүүгө;

Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда чарбалык коомдордун акционери катары Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө;

муниципалдык менчикте турган, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилген жер участокторду сатуу жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин белгиленген тартипте ишке ашырууга;

сот органдарында Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотторуна доолорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндарды төлөтүү жөнүндө доолорду өзүнүн компетенциясынын чектеринде доолоого;

Бишкек шаарынын мэриясына жана Бишкек шаардык кеңешке жерлерди максаттуу багыты боюнча эмес пайдалануу, жер участогун сарамжалдуу эмес пайдалануу, жер участоктор жер жөнүндөгү мыйзамдарында, Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктарында, жер участокторуна укуктар келишимдеринде каралган мөөнөттө пайдаланылбаган учурларда жерлерди толугу менен же анын бөлүгүн алып коюу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

жер участокторун пайдалануу маселелери боюнча жер пайдалануучуларга/ижарачыларга көрсөтмө берүүгө жана тийиштүү органдарга тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн тийиштүү чара көрүү максатында материалдарды жөнөтүүгө;

Башкармалыктын иш-аракетин камсыздоого багытталган келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды жана башка документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык түзүүгө;

Башкармалыктын иш-аракетинин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;

Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын, атайын жумушчу топтордун ишине катышууга;

өзүнүн компетенциясынын маселелери боюнча жарандарды кабыл алууга, түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, алар боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө;

өз компетенциясынын чектеринде буйруктарды чыгарууга;

Башкармалык төмөнкүлөргө милдеттүү:

кызматкерлерге эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген залал үчүн жоопкерчилик тартууга;

Башкармалыктын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана башка милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү менен камсыздоого;

башкарууга берилген мүлктүн сакталышын камсыздоого;

белгиленген тартипте башка милдеттерди аткарууга.

21. Башкармалык ушул жободо көрсөтүлбөгөн жана ага жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу үчүн дагы башка укуктарга ээ.

22. Башкармалык шаардык бюджеттин каражаттарынын жана башка каржылоо булактарынын эсебинен башкармалык тарабынан түзүлгөн, топтолгон жана сатылып алынган маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат тутумдарынын менчик ээси жана кожоюну болуп саналат.

23. Башкармалык пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) чөйрөсүн, маалымат ресурстарын пайдалануу жана таратуу шарттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипке ылайык чектелген жетүү мүмкүнчүлүгүнүн маалыматынын сакталыш режимдерин аныктайт.

5. Башкармалыктын иш-аракетин уюштуруу

24. Башкармалыктын жогорку органы Бишкек шаарынын мэриясы болуп саналат, ал мыйзамга ылайык Башкармалыкты түзүү, Башкармалык жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жана киргизүү, Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу, Башкармалыктын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү, Башкармалыктын начальнигин жана начальнигинин орун басарын дайындоо жана бошотуу маселелерин чечет.

25. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын ишине тийиштүү бардык маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.

26. Башкармалыктын жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу начальник саналат.

27. Башкармалыктын начальниги:

Башкармалыктын ишин уюштурат жана жетектейт;

Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген чектелген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чектеринде Башкармалыктын штаттык расписаниесин, түзүмүн жана иш тартибин бекитүүгө берет;

бекитилген штаттык расписаниеге жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык Башкармалыктын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде Башкармалыкты көрсөтөт.

ишеним катсыз Башкармалыктын атынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;

Башкармалыктын кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;

өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Башкармалыктын мүлкүн, акча каражаттарын кошо башкарат;

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш буйруктарды чыгарат;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген сметага ылайык Башкармалыктын кызматкерлерине карата сыйлоо жана жаза көрүү чараларын көрөт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана өндүрүштүк зарылчылыкка ылайык Башкармалыктын иш режимин белгилейт;

өзүнүн орун басарынын компетенциясын аныктайт;

мыйзамдарга ылайык банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансылык документтерге кол коёт;

финансылык жана эсеп тартибинин сакталышын камсыз кылат.

28. Башкармалыктын начальниги бир орун басарга ээ.

Башкармалыктын начальнигинин орун басары Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Башкармалыктын начальниги жокто (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык иш сапар жана башка) же ыйгарым укуктарын токтоткон учурда, анын ыйгарым укуктарын убактылуу Башкармалыктын начальнигинин орун басары жүзөгө ашырат.

Начальник жокто, финансылык документтерге кол коюу укугу бул жөнүндө начальниктин тийиштүү буйругунун негизинде өткөрүлүп берилет.

Башкармалыктын начальнигинин орун басары функционалдык милдеттер жана Башкармалыктын начальнигинин буйруктары тарабынан белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде иш жүргүзөт.

6. Башкармалыктын мүлкү

29. Башкармалыктын мүлкүн ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча балансында чагылдырылган негизги жана жүгүртмө каражаттарды, каржы ресурстарды (интеллектуалдык менчиктин объекттерин кошуу менен) түзөт.

Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын макулдугу менен гана ага бекитилип берилген мүлктү (негизги каражаттарды) тескөөгө укуктуу.

30. Башкармалыкты күтүүгө чыгымдарды каржылоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

7. Эсепке алуу жана отчёттуулук

31. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын иш-аракетин контролдоону жүргүзөт.

32. Башкармалык Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жана аныкталган мөөнөттөрдө бухгалтердик жана статистикалык отчёттуулукту берет. Башкармалыктын иш-аракетин текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бул укук берилген уюмдар жүргүзөт.

33. Башкармалыктын начальниги жана башкы бухгалтери Башкармалыктын эсебинин тууралыгы жана финансы каражаттарынын жана мүлкүнүн максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартышат, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык толук материалдык жоопкерчилик тартышат.

8. Эмгек мамилелери

34. Башкармалык кызматкерлердин квалификациялык талаптарын мыйзам тарабынан белгиленген тартипте өз алдынча аныктайт. Администрация менен кызматкерлердин ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын ченемдери менен жөнгө салынат.

35. Башкармалык иштердин тийиштүү көлөмүн аткаруу үчүн жарандарды мөөнөттүү эмгек келишимдердин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тартуу укугуна ээ.

36. Башкармалыктын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.

9. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу

37. Ушул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте киргизилет.

38. Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жана ал тарабынан каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

39. Башкармалыктын ишин токтотуу Бишкек шаарынын мэриясынын чечими же сот органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

40. Башкармалыкты жоюу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан дайындалган Башкармалыкты жоюу тартибин жана мөөнөттөрүн белгилеген жоюу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

41. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып, анын мүлкүн алып коюуга же карыздарын жабууга багытталган насыя берүүчүлөрдүн бардык талаптары жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана канааттандырылат.

42. Каттоо органы тарабынан тийиштүү буйрук чыккан датадан тартып, Башкармалык өз иш-аракетин токтоткон, жоюусу аяктаган болуп эсептелинет.

43. Насыя берүүчүлөрдүн талаптары канааттандырылгандан кийин, Башкармалыктын калган мүлкү, бул мүлккө буюмдук укугу же Башкармалыкка карата милдеттенмелик укугу бар Бишкек шаарынын мэриясынын атынан анын уюмдаштыруучусуна өткөрүлүп берилет.

44. Иш процессинде пайда болгон документтер, жоюу учурунда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу

Р.Садыралиев

Бишкек шаардык кеңешинин
2016-жылдын 30-июнундагы
№ 196 токтомуна
2-тиркеме

"Муниципалдык мүлк башкармалыгы жөнүндө"
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. "Муниципалдык мүлк башкармалыгы" (мындан ары - Башкармалык), Бишкек шаарынын мэриясынын төмөнкү ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн:

менчиктештирүү жаатындагы муниципалдык саясатты жүргүзүүнү камсыз кыла турган, Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттери болгон, жер участокторунан тышкаркы, муниципалдык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн (мындан ары - "Мүлк") башкаруу жана тескөө боюнча;

алардын экономикалык жана инвестициялык тартууларын жогорулатуу максатында, муниципалдык мүлктү натыйжалуу, сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууну камсыздоо боюнча.

Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүнө кирүүчү, ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

2. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 6-февралындагы № 44 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүн кайрадан уюштуруу жөнүндө" токтомунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлкүн башкаруу боюнча комитеттин (каттоо номери: 7573-3301-У-е, ОКПО коду: 21060681, юридикалык дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 56) жана Бишкек жер комитетинин (каттоо номери: 18209-3301-У-е, ОКПО коду: 23007849, юридикалык дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 31) кайра уюштурулушунун натыйжасында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 31-мартындагы № 140 "Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы" мекемесин уюштуруу жөнүндө" токтомунун негизинде түзүлгөн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын укуктарынын жана милдеттеринин укук улантуучусу болуп саналат.

3. Башкармалык - Мекеме уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат, банктык мекемелерде өз алдынча баланска, эсептерге, бюджеттик алыш-бериш эсебине, казыначылык органдарда депозиттик эсепке (Бишкек шаары боюнча Казыналыктын региондук бөлүмү), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы бар тегерек мөөргө, фирмалык бланктарга, штамптарга жана башка кабыл алынган реквизиттерге, расмий атрибуттарга ээ, сотто доогер жана жоопкер болуп чыга алат.

4. Башкармалык өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында, Бишкек шаарынын мүлк кызыкчылыктарын көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдерине, Бишкек шаардык кеңештин токтомдоруна, Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктарына жана ушул жобого ылайык иш жүргүзөт.

5. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан түзүлөт.

6. Башкармалык өзүнүн иш-аракетин башкаруунун жана бийликтин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен ишке ашырат.

7. Башкармалыктын өзүнүн иш-аракетин ишке ашыруу маселелер боюнча мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келбеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде түзүлөт.

8. Башкармалык белгисиз мөөнөткө түзүлөт.

9. Башкармалыктын түзүлүшүнө жана анын иш-аракетине тийиштүү жана ушул жободо көрсөтүлбөгөн бардык маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

10. Башкармалык башка юридикалык жактарды түзүүдө жана алардын иш-аракетине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык гана катыша алат.

11. Башкармалыктын аталышы:

мамлекеттик тилде: "Муниципалдык мүлк башкармалыгы";

расмий тилде: "Управление муниципального имущества".

12. Башкармалыктын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720017, Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246.

13. Башкармалыктын кызматкерлери муниципалдык кызматкерлер болуп саналышат. Аларга Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери, укуктары жана милдеттери таратылат.

14. Башкармалыктын компетенциясынын чектеринде кабыл алынган чечимдер, тескөөлөр жана буйруктар Бишкек шаарынын аткаруу бийлигинин бардык органдары, менчиктин түрүнө карабастан, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.

15. Башкармалык өзүнүн иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэриясына отчёт берет.

16. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын иш-аракетин контролдоону жүзөгө ашырат.

17. Бишкек шаардык кеңеш муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду жүзөгө ашырат.

2. Негизги милдеттер

18. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

жер участокторунан башка, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;

менчиктин түрүнө карабастан, бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана жарандык-укуктук мамилелердин чектеринде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык, Бишкек шаарынын кыймылсыз объекттерин жана башка менчигин менчиктештирүү жаатындагы саясатты ишке ашыруу;

шаардык мүлк саясатын жана анын ичинде шаардык мүлктөрдү баалоонун методологиясын жана критерийлерин, мүлк үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн жана аны алуунун тартиптерин, шаардык мүлктөрдү жогорку натыйжалуу пайдалануунун экономикалык стимулдаштыруу механизмин, мүлктөрдү натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну өзүнө камтыган мүлк мамилелеринин экономикалык-укуктук тутумун жөнгө салууну иштеп чыгууга жана камсыз кылууга катышуу.

3. Негизги иш-милдеттер

19. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү аткарат:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине мүлктү белгиленген тартипте кабыл алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасын мыйзамдарында каралган башка учурларда муниципалдык менчикти түзүүнү жүзөгө ашырат;

мамлекеттик сырды сактоо жана маалыматты коргоо функцияларын аткаруу менен мамлекеттик сырга жана купуя маалымат категориясына тийиштүү маалыматтарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коргоо режимин ишке ашырат;

Башкармалыктын автоматташтырылган маалыматтык тутумун түзүүнү, коштоону жана өркүндөтүүнү төмөнкү багыттар боюнча жүзөгө ашырат:

а) электрондук документ жүгүртүү тутуму;

б) Бишкек шаарынын менчик объекттеринин эсеби;

в) Бишкек шаары боюнча муниципалдык менчиктин электрондук реестри;

г) Башкармалыктын электрондук архиви;

д) Башкармалык жана башка жактар ортосундагы болгон келишимдер боюнча электрондук реестр.

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине тийиштүү болгон кыймылсыз объекттердин реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат, Бишкек шаарынын мүлкүнө тийиштүү мамлекеттик каттоо органдарында муниципалдык менчик укуктарды каттоодо Бишкек шаарынын мэриясын көрсөтөт;

Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, мөөнөттүү (убактылуу) кайтарымсыз пайдаланууга бекитүүнү жол-жоболоштурат;

муниципалдык менчик объекттерге чектелген буюмдук укуктарды берет;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Бишкек шаардык кеңештин укуктук ченемдик актыларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн тескөөнүн жана пайдалануунун белгиленген тартиби бузулган учурда, өз ыйгарым укуктарынын чектеринде тийиштүү чараларды көрөт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Бишкек шаардык кеңештин укуктук ченемдик актыларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыгын көздөп, инвестициялык программаларды иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана эсепке алууда өзүнүн компетенциясынын чектеринде катышат;

Бишкек шаарынын мүлкүн ижарага берүүчү катары чыгат;

мүлктүк мамилелерди жөнгө салууну жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;

чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде өзүнүн компетенциясынын чектеринде белгиленген тартипте Бишкек шаарынын кызыкчылыгын көздөйт;

Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте мүлктүк маселелер боюнча эл аралык иш-чараларда, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин реконструкциялоо менен байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду, анын ичинде, чет өлкөлүк инвесторлорду да тандоодо катышат;

Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чыгып сүйлөйт, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү болгон уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана берет;

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү болгон уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүүдө, кайра уюштурууда жана жоюуда катышат;

Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чарбалык коомдордо Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган учурларда акцияларды (үлүштөрдү) кармоочу болуп саналат, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чектеринде чарба коомдорунун уставдык капиталдарындагы муниципалдык менчикке бекитилген акциялар (үлүштөр) боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызыкчылыктарын көздөйт;

Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн Бишкек шаарынын ишканаларын, уюмдарын жана башка мүлкүн менчиктештирүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдайт;

Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюмдук укуктарды менчиктештирүүдөн жана берүүдөн каражаттардын шаардын бюджетине түшүүлөрүнүн болжолун даярдайт жана берет, бул түшүүлөрдү камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрөт, ошондой эле жогоруда аталган каражаттардын түшүүсүнө контролду жүзөгө ашырат;

Бишкек шаарынын турак эмес жайлар фондунун объекттерин сатуу боюнча ишти уюштурат жана жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес жайларды сатуу жөнүндө сунуш киргизет;

Бишкек шаарынын мүлкүнүн наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин объекттерин менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын, инвестицияларды тартуулардын долбоорлорун иштеп чыгат;

өзүнүн компетенциясынын чектеринде Бишкек шаарынын мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелери боюнча тескөөчү документтерди чыгарат;

Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Бишкек шаарынын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону камсыз кылат;

ижарачылар менен ижара мамилелерде Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы жана өкүлү болуп саналат;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ижара шарттарда мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү мүлктү пайдалануу үчүн ижара акыларды эсептөөнү жүргүзөт;

жеке жана юридикалык жактардын аларга мүлккө укуктарды берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүч каттарын) кароо мөөнөтүн бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча чара көрөт;

бошогон батирлердин эсебин жүргүзөт, бул батирлерди бөлүштүрүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктарынын долбоорлорун белгиленген тартипте даярдайт;

Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде турак аянтка жалдоо келишимди белгиленген тартипте жол-жоболоштурууну жана берүүнү жүргүзөт.

4. Башкармалыктын укуктары жана милдеттери

20. Башкармалык төмөнкү укуктарга ээ:

өзүнүн компетенциясынын чектеринде Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин тескөөгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын мүлктөрүнө карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө;

Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча мүлктү Бишкек шаарынын ишканаларына жана мекемелерине чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укугуна бекитүүгө, ошондой эле мындай жүргүзүүнүн чектерин белгилөөгө;

Башкармалыктын карамагындагы мүлктү камсыздандыруучу коргоону жүзөгө ашырууга багытталган иш-чараларды ишке ашырууга;

Бишкек шаарынын муниципалдык мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын уюштуруу-укуктук формасын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, өзгөртүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;

Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган учурларда чарба коомдорунун акционери катары Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө;

муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилген турак эмес жайларды сатуу жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын чечимин белгиленген тартипте ишке ашырууга;

муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүүнү белгиленген тартипте ишке ашырууга;

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы ведомстволук ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда муниципалдык мүлктүн пайдаланышы жана сакталышы үчүн документтик текшерүүнү (ревизияны, инвентаризациялоону жана башка) жүргүзүүнү, ошондой эле алынган негизги каражаттардын өз убагында кириштөө жана башкармалыктын реестрине киргизүүнү контролдоону жүзөгө ашырууга. Тартип бузуулар болгондо Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык, өз компетенциясынын чектеринде тийиштүү чара көрүүгө;

Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыгын сот органдарында көздөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотторуна доо арыздарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндарды төлөтүү жөнүндө доо арызды, өзүнүн компетенциясынын чектеринде доолоого;

муниципалдык менчикти пайдалануу маселелери боюнча ижарачыларга көрсөтмө берүүгө жана тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн тийиштүү чараларды колдонуу максатында тийиштүү органдарга материалдарды жөнөтүүгө;

мүлктү пайдалануу боюнча муниципалдык мүлктү текшерүүнү, экспертизаларды жүргүзүү, мүлктү пайдалануу боюнча иш-чаралардын аткарылышын текшерүү үчүн адистерди белгиленген тартипте тартууга;

Башкармалык төмөнкүлөргө милдеттүү:

кызматкерлерге эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген залал үчүн жоопкерчилик тартууга;

Башкармалыктын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана башка милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү менен камсыздоого;

башка милдеттерди белгиленген тартипте аткарууга.

21. Башкармалык ушул жободо көрсөтүлбөгөн жана ага жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу үчүн дагы башка тийиштүү укуктарга ээ.

22. Башкармалык шаардык бюджеттин каражаттарынын жана башка каржылоо булактарынын эсебинен башкармалык тарабынан түзүлгөн, топтолгон жана сатылып алынган маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат тутумдарынын менчик ээси жана кожоюну болуп саналат.

23. Башкармалык пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) чөйрөсүн, маалымат ресурстарын пайдалануу жана таратуу шарттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипке ылайык, чектелген жетүү мүмкүнчүлүгүнүн маалыматын сактоо режимдерин аныктайт.

5. Башкармалыктын иш-аракетин уюштуруу

24. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Башкармалыкты түзүү, Башкармалык жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жана киргизүү, Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу, Башкармалыктын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү, Башкармалыктын начальнигин жана начальнигинин орун басарын дайындоо жана бошотуу маселелерин чечкен, Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын жогорку органы болуп саналат.

25. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын ишине тийиштүү бардык маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.

26. Башкармалыктын жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу начальник саналат.

27. Башкармалыктын начальниги:

Башкармалыктын ишин уюштурат жана жетектейт;

Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген чектелген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чектеринде Башкармалыктын штаттык расписаниесин, түзүмүн жана иш тартибин бекитүүгө берет;

бекитилген штаттык расписаниеге жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык Башкармалыктын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде Башкармалыкты көрсөтөт;