Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги №19

“Бишкек шаардык кеңештин президиуму жөнүндө” токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

         Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 6-главасын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын  2-апрелиндеги №19 “Бишкек шаардык кеңештин  президиуму жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а)  “Аманкулов Марат Аскерович” деген сөздөр  “Кененбаев Алмаз Муканович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) “Шейшекеева Чынара Казаковна” деген сөздөр “Пирматова Асель Айтбаевна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) “Жеенчороев Мирлан Канатбекович” деген сөздөр “Музуралиев Канатбек Байсарыевич” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

г) “Президиумдун мүчөлөрү” бөлүгүндөгү 2-абзац алынып салынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

Төрага                                                               А. М. Кененбаев

Бишкек ш.,

8-декабрь  2015-жыл, №163