БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруусунун үлүштүк (дем берүүчү)
гранттардын эсебинен кошо каржылоого
долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясы (мындан ары-комиссия) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык финансы башкармалык (Э. З. Зарлыков) менен бирдикте Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү менен 2016-жылга үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду аныктоо жана даярдоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзсүн.
3. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин:
артыкчылыктуу тартипте 2016-жылга сынакка багытталуучу долбоорлордун тизмегин;
комиссия жөнүндө жобону жана анын иш-регламентин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасына (А. М. Кененбаев) жана Бишкек шаарынын мэрине (К. К. Кулматов) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы А. М. Кененбаев
Бишкек ш.,
8-декабрь 2015-жыл, № 157
Бишкек шаардык кеңештин
2015-жылдын “8” декабрындагы
№157 токтомуна тиркеме
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун
үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен
кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча
комиссиясынын курамы
Комиссиянын төрагасы – Бишкек шаарынынбиринчи вице-мэри;
Төраганын орун басары –Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана
финансы боюнча туруктуу комиссиясынын
төрагасы;
Комиссиянынкатчысы –Бишкек шаардык финансыбашкармалыгынын
кызматкери.
Комиссия мүчөлөрү:
1. Бишкек шаардык кеңештин ар бир фракциясынан өкүлдөр;
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик агенттиктин өкүлү;
3. Бишкек шаардык финансы башкармалыктын өкүлү;
4. Административдик райондордун экономика жана финансы маселелерин тейлеген башчынын орун басарлары;
5. Өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын өкүлдөрү белгиленген квотага ылайык.
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси Э. А. Нурдавлетов