Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Токтом   № 152  2015-жыл  11-август

Бишкек шаарынын кошумча участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы №76 «Бишкек, Ош шаарларында, Ош облусунун Кара-Суу, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунда шайлоо дареги боюнча шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн кошумча шайлоо комиссияларды түзүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө» жобого, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын саясый партияларга, Бишкек шаардык кеңешке кайрылуусуна ылайык,  шайлоочулар чогулуштарынан жана коомдук бирикмелерден келип түшкөн кошумча участкалык шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө бардык жазуу жүзүндөгү чечимдерди карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына шайлоочулар чогулуштарынан жана коомдук бирикмелерден кошумча участкалык шайлоо комиссиялардын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер берилсин (1, 2, 3, 4-тиркемелер).

         2. 2015-жылдын 10-августунда саат 18.00дөн кийин документтердин киргизилгендигине байланыштуу, Бишкек шаардык кеңештин жумушчу тобу тарабынан катталбаган Бишкек шаарынын кошумча участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлер көрсөтүлгөн 30 протокол Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна жөнөтүлсүн.

         3. Бишкек шаарынын мэриясы тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирдикте жаңы түзүлгөн Бишкек шаарынын кошумча участкалык шайлоо комиссияларында биометрикалык каттоо пункттарын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.

         4. Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жаңы түзүлгөн Бишкек шаарынын кошумча участкалык шайлоо комиссияларында  биометрикалык каттоо өткөндөн кийин нак жашаган жери боюнча каттоосу болбогон жарандардын өздөрүнүн арыздары боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизүү сунушталсын.

         5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ч. К. Шейшекеевага жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                             М. А. Аманкулов

Шайлоочулар жана коомдук бирикмелердин чогулушунан көрсөтүлгөн Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлер:

Ленинский район

Октябрьский район

Первомайский район

Свердловский район