Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын

уставынын долбоорун талкуулоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”  мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Бишкек шаарынын мэриясы (К. К. Кулматов) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

Бишкек шаарынын жарандарынын жыйындарында Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулоо өткөрүүнү сунуштасын;

жарандардын жыйындарын өткөрүүдө Бишкек шаарынын мэриясынын ар бир муниципалдык аймактык башкармалыгынан 100 өкүлдөн кем эмес жыйында  катышкандарды тартуу менен Бишкек шаарынын төрт административдик районунда Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулоону уюштурсун;

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттын уставынын долбоорун талкуулоону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосунан кийин өткөрсүн.

 2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизсин.

 

 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (Н. А. Айсаев) жана Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь 2015-жыл,  № 149