Бишкек шаардык кеңештин
ТОКТОМУ
Кувейт Мамлекетинин муниципалитетинин
делегациясынын визитин уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин президиумунун 2015-жылдын 28-майындагы № 19 токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кувейт Мамлекетинин муниципалитетинин делегациясынын визитин Программага ылайык уюштурууга макулдук берилсин (тиркелет).
2. Программага ылайык чыгымдарды каржылоого “Өкүлчүлүк чыгымдар” беренеси боюнча 2015-жылга Бишкек шаардык кеңештин чыгымдар сметасында каралган акча каражаттарды пайдаланууга уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин фракцияларынын лидерлерине жүктөлсүн.
Төрага М. А. Аманкулов
Бишкек ш.,
29-июнь 2015-жыл, № 136