Бшкек шаардык кеңештин
ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын
28-декабрындагы №4 “Туруктуу комиссиялардын
курамын түзүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасын жетекчиликке алып, “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын лидери – А. М. Кененбаевдин катына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Төмөнкүлөр чыгарылсын:
а) “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Алмаз Муканович Кененбаев Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер, укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан;
б) “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Дамирбек Толосунович Джумашов Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан.
2. Төмөнкүлөр киргизилсин:
а) “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Алмаз Муканович Кененбаев Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын курамына;
б) “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Дамирбек Толосунович Джумашов Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамына.
3. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28 - декабрындагы №4 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) 1-пункттун 5-сабы алынып салынсын.
б) 2-пункттун 5-сабындагы “Дамирбек Толосунович Джумашов” деген сөздөр “Алмаз Муканович Кененбаев” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 4-пункт төмөнкү мазмундагы 9-сап менен толукталсын:
“Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Дамирбек Толосунович Джумашов;
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы М. А. Аманкулов
Бишкек ш.,
20-май 2015-жыл, № 130