Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 8-майындагы

№23 “Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды

иштетүү системасын жакшыртууга гранттык жана кредиттик

каражаттарды тартууну жактыруу жөнүндө”

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу, айлана чөйрөгө таштандылардын зыяндуу таасирин кыскартуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМКЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 8-майындагы   №23 “Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртууга гранттык жана кредиттик каражаттарды тартууну жактыруу жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор  киргизилсин:

а)  2-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

“-Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу боюнча долбоорунун Байкоочу кеңеши түзүлсүн;

- Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу боюнча байкоочу кеңешинин курамына Бишкек шаардык кеңештин ар бир фракциясынан экиден көп эмес депутат киргизилсин.”;

б)  3-пункт алынып салынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П.Н.Десятников), Бишкек шаарынын  биринчи вице-мэри З. Т. Малабековго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

 

М.Аманкулов

Бишкек ш.,

29-апрель 215-жыл,№ 125