Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин

2014-жыл үчүн жасаган иши

жөнүндө  отчёту жөнүндө

Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин 2014-жыл үчүн жасаган иши жөнүндө  отчётун угуп жана талкуулап чыгып, Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги тарабынан бир топ иш жасалгандыгын белгилейт.

Ошону менен бирге, Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги  тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерине тийиштүү көңүл бурулбай жатат. Бүгүнкү күнгө Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун учёттук каттоосу жөнүндө маселе, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө типтүү келишим Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилген жок, муниципалдык аймактык башкаруулар менен иштердин бирдиктүү номенклатурасы боюнча иш жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү башка маселелер  тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат.

Азыркы убакта Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерин чече турган түзүмдүк бөлүм аныкталган жок.

Жогоруда жазылгандардын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин 2014-жыл үчүн жасаган иши жөнүндө  отчёту эске алынсын.

 

 2. Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиктин 2014-жылдагы иши жетишсиз деп табылсын.

 

 3. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

 - аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөлөрү менен калктын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыксын;

 - Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттик жөнүндө жаңы жобону иштеп чыксын жана аны Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө берсин;

 - Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин түзүмүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүн сактоону сунуштасын.

 

 4. Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

 - 2015-жылдын 10-майына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун учёттук каттоосун өткөрүү тартиби жөнүндө токтомдун долбоорун Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин;

 - Бишкек шаардык кеңештин “Көп батирлүү үйлөрдү башкаруу үчүн башкаруу уюмдарын жана башкаруучуларды тандоо боюнча ачык сынак өткөрүү тартиби жөнүндө”  токтомунун долбоору боюнча жөндөө таасирин талдоону (ЖТТны) жүргүзсүн.

 

 5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (Н. А. Айсаев) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри З. Т. Малабековго жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-апрель 2015-жыл, № 121