Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кенештин

ТОКТОМУ

Концепцияны жана “2015-2017-жылдарга карата

жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана

кылмыштуулукту алдын- алуу” комплекстүү шаардык

программаны бекитүү жөнүндө


 

Жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын-алуу максатында, 2006-жылдын 7-августундагы Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 30-августундагы № 390 "Балдарды коргоо жана колдоо жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы  № 285 "Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдү жана балдар иши боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө" токтомун жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

Концепция жана 2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын - алуу комплекстүү шаардык программа(1, 2-тиркемелер);

         2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын - алуу комплекстүү шаардык программаныишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары- иш-чаралар планы), (3-тиркеме).

  • . Бишкек шаарынын мэриясы (К. К. Кулматов):

квартал сайын “2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын – алуу” программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты берсин;

жашы жетпегендер үчүн эс алууну уюштуруу боюнча программаны белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин;

шаардык мектептердин базасында адистештирилген спорт класстарды белгиленген тартипте түзүү боюнча мүмкүнчүлүктү карап чыксын жана сунуш киргизсин;

жашы жетпегендерди спорттун ар кандай түрлөрүнө тартуу жана окутуу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чектеринде жеке спорт-ден-соолукту чыңдоо комплекстери жана муниципалитеттердин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтык боюнча сунуш киргизсин;

селсаяктык жана кайырчылык кылуу менен иштөө боюнча иш-чаралар планы менен “2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендер арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын – алуу” программасына толуктоону иштеп чыксын жана киргизсин.

3.  Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы №228 “Концепцияны жана "2011-2013-жылдарга карата жашы жетпегендер арасындагы укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу" комплекстүү шаардык программасын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин  регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (Лисниченко В.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А. М. Рыскуловага жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-апрель 2015-жыл,  № 119 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаардык кенештин

2015-жылдын  «29»апрелиндеги

№119 токтомуна 1-тиркеме

 

“2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу”

программасынын концепциясы

I. Киришүү

"2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендер арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу" Программасынын концепциясы (мындан ары - Концепция) жашы жетпегендердин арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган, бул кылмыштарды жасоого түрткү болгон себептерди жана шарттарды жоюуга багытталган комплекстүү көп деңгээлдүү иш-чаралар системасын камтыйт.

Концепцияда өспүрүмдөрдүн укук бузууларын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин негизги максаттары, милдеттери жана багыттары түзүлгөн.

Укук бузууларды алдын алуунун сунушталып жаткан системасы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын, Бишкек шаарынын ИИББнын жашы жетпегендердин иштери боюнча инспекциясынын; Балдарды жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын (мындан ары-МАБ), Саламаттыкты сактоо департаментинин, Бишкек шаардык Дене тарбия, спорт жана туризм боюнча комитетинин, Бишкек шаарынын Маданият башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Коомчулук менен байланыш башкармалыгынын күч-аракеттеринин биригүүсүн көздөйт.

Алдын алуу чараларын толук көлөмдө иш жүзүнө ашыруу белгилүү финансылык чыгымдарды талап кылат. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралардын көп деңгээлдүү системасынын комплексин толук көлөмдө чечүүнү конкреттүү чараларды белгилөө менен, ошондо да ушул иш-чараларга жооптуу шаардык уюмдарды көрсөтүү менен  баштоо зарыл.

Ушуга байланыштуу төмөндөгүлөр сунушталат:

жашы жетпегендер арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча максаттуу багытталган иштерди уюштуруу максатында адамдын ар кандай жашоо-тиричилик чөйрөсүндөгү коомдук потенциалын бириктирүү;

жашы жетпегендер арасындагы укук бузууларды алдын алуу боюнча белгиленген чаралардын аткарылбай калуусуна алып келип жаткан туюндурманын конкреттүү эместигинен, алдын алууга багытталган иш-чараларды максималдуу конкреттештирүү жана деталдаштыруу;

укук бузуулардын алдын алуунун бардык субъекттеринин иш-чаралар программасынын жана иш-аракеттеринин натыйжалуулугун баалоо үчүн аткаруу түзүмдөрүнүн так отчеттуулугун жүргүзүү.

II. Проблемалардынмазмунужанааныпрограммалыкметоддор мененчечүүзарылчылыгынын негиздеме

Жашыжетпегендерарасындакылмыштуулуктун жанаукукбузуулардындеңгээлинтөмөндөтүү, баңгизаттардымыйзамсызжүгүртүүжана башка укукбузуулармененкүрөшүүбоюнчабелгилүүкүч-аракеттеркабылалынууда. Укукбузуулардынжанакылмыштуулуктун өспүрүмдөртарабынанжасалышынөзубагындаалдын-алуубоюнча так чараларжанакоординациялыкаракеттерди көрүүсунушталып жатат.

Бишкекшаарынынмэриясынынжанаукуккоргоооргандарынынкылмыштуулукмененкүрөшүүжанакоомдуктартиптикамсызкылуужаатындагыиш-аракеттерижалпысынаншаардынкалкынынкоопсуздукдеңгээлинтурукташтыруугамүмкүндүкберди.

Азыркыубактагы жашыжетпегендердин арасындагыукукбузуулардыалдыналуунун азыркы тутуму ишалыпбарып жатат, бирок көрүлгөнаракеттер оңнатыйжалардыбербей  жатат. Ошолэлеубакта, өз ара макулдашылбаган алдыналууиш-чараларыкаалагандайжыйынтыккаалыпкелбейжанакриминалдыкпроцесстердиндинамикасынанбир топ арттакалыпжатат.

Кылмыштуулук–социалдыккөрүнүш, анымененийгиликтүүкүрөшүүүчүнкомплекстүүишалыпбарганда, аныничиндежашыжетпегендерарасындагыукукбузуулардын алдыналуу иштерин жүргүзгөндө гана мүмкүн. Буга байланыштуу, экономикалык, социалдык-маданий, тарбиялыкжанаукуктукмүнөздөгүкомплекстүүиш чараларкерек.

III. Комплексттүү шаардыкпрограмманынКонцепциясыныннегизгимаксаттарыжанамилдеттери

"2015-2017-жылдагыжашыжетпегендерарасындагыукукбузуулардыжанакылмыштуулуктуалдыналуу" комплексттүү шаардыкпрограммасынын (мындан ары - Программа) негизгимаксаттарыболупжашыжетпегендерарасындагыукукбузуулардыжанакылмыштуулуктуалдыналуу саналат.

Программанын  максаттарынажетүүүчүнтөмөнкү милдеттердичечүүталапкылынат:

а) Бишкек шаарындагы жашы жетпегендердин укук бузууларынын алдын алуу көйгөйүн чечүүдө комплекстүү чечимдердин негизин түзүү;

б) жашы жетпегендер арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу сапатын жогорулатуу үчүн ведомство аралык иш-аракеттердин механизмдерин жакшыртуу жана системалоо;

в) жашы жетпегендер арасында алкоголизмдин, баңгиликтин, энергетикалык суусундуктарды ичүүнүн, насвай тартуунун, тамеки чегүүнүн алдын алуу системасын жакшыртуу;

г) алкоголдук ичимдиктерди ичүүдө, баңги заттарын колдонууда, тамеки чегүүдө жашы жетпегендер тарабынан жасалган укук бузуулардын себептерин жана шарттарын табуу жана четтетүү;

д) улуу жашы жетпегендер тарабынан төмөнкү фактыларга тартууну табуу жана тыюу салуу:

- кылмыш кылууга жана коомго жат аракеттерди жасоого;

- баңги заттарды колдонууга, алкоголдук, алкоголу азыраак жана энергетикалык суусундуктарды ичүүгө,  тамеки заттарын, насвайды колдонууга.

е)  жашы жетпегендерди социалдык камсыздоо жана реабилитациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү;

ж) жашы жетпегендерге карата таасир этүүчү альтернативдүү чараларды камсыз кылуу (спорттук секцияларга тартуу, интеллектуалын өнүктүрүүчү жана көркөм-эстетикалык багытын өстүрүүчү ийримдерге тартуу);

з) укук бузуулардын алдын алууда, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарынын, Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын ишмердиктерин активдештирүү;

и) өспүрүмдөрдүн укуктук нигилизмин төмөндөтүү;

к) жашы жетпегендер тарабынан укук бузууларга түрткү берүүчү себептерди жана шарттарды  табуу жана четтетүү;

л) балдардын жана өспүрүмдөрдүн ар тараптуу кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн толугураак канааттандырууга багытталган ишмердиктеги мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын макамын көтөрүү; балдар жана өспүрүмдөр үчүн акысыз ийримдердин жана спорт секциялардын санын көбөйтүү.

IV. Концепцияны ишке ашыруу мөөнөттөрү

Программаны ишке ашыруунун мөөнөтү: 2015-2017-жылдар.

V. Иш-чаралар тутуму

Иш-чаралар тутуму жашы жетпегендердин арасындагы укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуунун бирдиктүү тутумун түзүүгө, ушул багыттагы алдын алуу субъекттеринин бардык күч-аракеттерин координациялоо, иштелип чыккан иш-чаралардын негизинде кылмыштуулук менен күрөшүүнүн конкреттүү жыйынтыктарына жетишүүгө багытталган.

Концепция өзүнө төмөнкү иш-чаралар комплексин камтыйт:

көчөлөрдө, билим берүү уюмдарынын аймагында жана башка коомдук жайларда жашы жетпегендер тарабынан жасалган укук бузууларга жана кылмыштуулукка каршы багытталган алдын алуу чаралар;

эркинен ажыратуу жайларынан бошотулган жашы жетпегендер арасында укук бузууларды алдын алуу;

жашы жетпегендер арасындагы укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алууну маалымат-усулдук жактан камсыз кылуу;

жашы жетпегендердин иши боюнча инспекциясынын алдын алуу учётунда турган жашы жетпегендерди жыл сайын тереңдетилген медициналык текшерүүдөн өткөрүү.

VI. Программалык иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоо жана күтүлүүчү жыйынтыктар

Программалык иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоо үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары боюнча алдын алуу субъекттеринин отчёттуулук системасын уюштуруу;

алдын алуунун ар бир субъекти иштин бул багытында жетише ала турган көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуусу;

ар бир жылды аяктоо боюнча алдын алуу ишмердүүлүгүн анын натыйжалуулугун баалоо менен жыйынтык чыгаруу.

Программалык иш-чаралардын күтүлүүчү жыйынтыктары:

а) алдын алуу субъекттеринин, коомчулуктун күчтөрүн бириктирүү жолу менен жашы жетпегендердин арасындагы укук бузууларды алдын алуунун муниципалдык тутумунун натыйжалуулугун көтөрүү;

         б) Бишкек шаарындагы жашы жетпегендердин укуктарын жана мыйзам чегиндеги кызыкчылыктарын камсыз кылууда ведомство аралык өз ара аракеттенүү деңгээлинин сапаты жогорулайт;

в) жашы жетпегендер арасында укук бузууларды алдын алууну, алкоголдук жана алкоголу азыраак, анын ичинде энергетикалык суусундуктарды ичүүнү, тамеки заттарын, насвайды колдонууну эскертүү боюнча алдын алуу иштеринин сапаты жогорулайт;

г) өз баласынын тарбиясы үчүн ата-энелердин (камкордук кылуучунун) жоопкерчилик деңгээли жогорулайт;

д) жашы жетпегендердин эсе алуусу камсыздалат, балдарды жана өспүрүмдөрдү сабактан тышкаркы ишмердиктерге, чыгармачылык, эстетикалык жактан өнүктүрүүчү ишке тартууну жана интеллектуалдык ийримдерге, спорттук секцияларга катышуусун кеңейтет;

е) сергек жашоого алып келүүчү окуучулардын жана жаштардын саны көбөйөт;

ж) өсүп келе жаткан жаш организм үчүн алкоголдук ичимдиктерди, энергетикалык суусундуктары ичүүнүн, тамеки заттарын, насвайды колдонуунун зыяндуулугу тууралуу калктын жана жашы жетпегендердин билим деңгээли жогорулайт;

з) жашы жетпегендердин аң сезимине мыйзамга баш ийген жарандын жашоо үлгүсүн калыптандыруу жана бекемдөө;

и) жашы жетпегендер жасаган укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун санын азайтуу;

к) жашы жетпегендер арасындагы рецидивдик жана кылмыштуулуктун башка түрлөрүнүн деңгээлин төмөндөтүү;

л) жашы жетпегендер арасындагы алкоголду, баңги жана психологиялык активдүү заттарды колдонуучулардын санын азайтуу.

Бишкек шаардык

кеңештин аппарат жетекчиси                                   Э. А. Нурдавлетов

 

 

 

 

Бишкек шаардык кенештин

2015-жылдын  «29»апрелиндеги

№119 токтомуна 2-тиркеме

 

“2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын- алуу боюнча

комплекстүү шаардыкпрограмма

 

 

Программанын паспорту:

1.

Программанын ченемдик камсыздалуусу

 

2.

Жагдайдынжалпы анализи

 

3.

Программанын негизги максаттары жана милдеттери

 

4.

Программаныишке ашыруу принциптери

 

5.

Каржылоо көлөмү жана булактары

 

6.

Программаны ишке ашырууда күтүлүүчү натыйжалар

 

7.

Программаны ишке ашыруу механизми, аны ишке ашыруунун жүрүшүн контролдоо

 

2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын-алуу боюнча комплекстүү шаардык программанын паспорту

 

Программанын аталышы

2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендер арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын-алуу боюнча комплекстүү шаардык программа

Программанын координатору

Бишкекшаарынын мэриясы

Программаны иштеп чыгуучулар

Бишкек шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 1-июлундагы         № 275-б буйругу менен бекитилген жумушчу комиссия

Программанын негизги аткаруучулары

Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары,  Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы (мындан ары-Бишкек шаарынын ИИББсы), Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы (мындан ары-Бишкек шаарынын мэриясынын СӨБсы), Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору (мындан ары-Бишкек шаарынын МСЭКБсы), Шаардык дене тарбия жана спорт комитети, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаменти, Муниципалдык аймактык башкаруулар (мындан ары-МАБ), Калкты жумуш менен камсыз кылуу борбору, Жашы жетпегендер үчүн социалдык-реабилитациялоо борборлору, Бишкек шаарынын билим берүү уюмдары

Программанын максаттары жана милдеттери

Программанын максаты төмөнкүлөргө багытталган жашы жетпегендердин арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу системасын жакшыртуу болуп саналат:

-жашы жетпегендердин арасында кылмыштуулук деңгээлин төмөндөтүүгө;

-жашы жетпегендер тарабынан алкоголдук ичимдиктерди жана энергетикалык суусундуктарды ичүү, тамеки тартуу, баңги заттарын колдонуунун алдын алуу боюнча ишти активдештирүүгө;

-ведомство аралык өз ара аракеттенүү механизмин жакшыртуу жана системалаштыруунун Бишкек шаарындагы жашы жетпегендердин укуктарын жана мыйзам чегиндеги кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууда сапатын жогорулатуу жардамы менен балдардын жана өспүрүмдөрдүн интеллектуалдык, чыгармачылык жана физикалык жактан өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө.

2) Программанын негизги милдеттери:

Программанын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

-Бишкек шаарында жашы жетпегендердин укук бузууларынын алдын алуу көйгөйүн комплекстүү чечүү негиздерин түзүү;

- жашы жетпегендер арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын-алуу иштеринин сапатын жогорулатуу үчүн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмин жакшыртуу жана системалаштыруу;

-жашы жетпегендер арасындагы алкоголизмди, баңгичиликти, энергетикалык суусундуктарды, насвайды колдонууну, тамеки чегүүнү алдын алуу тутумун жакшыртуу;

-жашы жетпегендер тарабынан укук бузууларга, баңги заттарын пайдаланууда, арак ичүүгө, энергетикалык суусундуктарды ичүүгө, насвайды колдонууга, тамеки чегүүгө алып келүүчү себептерди жана шарттарды табуу жана четтетүү;

-улуу муундагы адамдар тарабынан жашы жетпегендерди төмөнкүлөргө тартуу фактыларын табуу жана тыюу салуу:

а) кылмыш кылууга жана коомго жат аракеттерди жасоого;

б) банги заттарын колдонууга, алкоголдук, алкоголу азыраак жана энергетикалык суусундуктарды ичүүгө, насвайды, тамеки заттарын колдонууга;

-жашы жетпегендерди социалдык камсыздоо жана реабилитациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу;

- жашы жетпегендерге карата таасир этүүчү альтернативдүү чараларды камсыз кылуу (спорттук секцияларга тартуу, интеллектуалын өнүктүрүүчү жана көркөм-эстетикалык багытын өстүрүүчү ийримдерге тартуу)

 

Программаны ишке ашыруу 2015-2017-жылдар ичинде жүзөгө ашырылат

Программаны каржылоо көлөмү жана булактары

Программаны каржылоо көлөмү шаардык бюджеттен каралган каражаттардын чегинде, ошондой Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген эле башка булактардын эсебинен түзөө киргизилет

  1. Программанын ченемдик камсыздалуусу

2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендер арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулук алдын алуу комплекстүү шаардыкпрограмма(мындан ары-Программа) жашы жетпегендер арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик, муниципалдык, коомдук жана өкмөттүк эмес органдарды жана уюмдарды бириктирүү максатында иштелип чыкты жана балдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоого багытталган.

Программа Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Балдар укугу жөнүндө конвенциясынын, Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексинин негизинде иштелип чыкты жана “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы кылмышты алдын алуу жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун жана 2013-жылдын 6-ноябрындагы №439-б буйругу менен бекитилген жашы жетпегендердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш чаралар планын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп окуучуларын тарбиялоо концепциясын, Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы №228 токтомун, тамекинин терс таасиринен сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун коргоо боюнча мамлекеттик программасын жана 2008-2015-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларын аткарууга багытталды.

  1. Жагдайды жалпы анализдөө

Программаны иштеп чыгуу үчүн негиз болуп “2011-2015-жылдарга карата жашы жетпегендер арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу” комплекстүү шаардыкпрограммасынишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлгөн анализи эсептелет.

         Азыркы жагдайдын анализи бүгүн биздин коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөр, өспүрүмдөр арасында укук бузуулар көйгөйү жана өспүрүмдөр арасында алкоголдук ичимдиктерди жана энергетикалык суусундуктарды ичкен, тамеки тартып, насвай колдонгон жашы жетпегендердин санынын өсүшү негизгилерден  болуп саналган бир топ көйгөйлөрдү  пайда кылгандыгын көрсөтүп жатат.

         Бишкек шаарынын ИИББнын маалыматы боюнча, учётко коюлган жашы жетпегендердин саны: 2011-жылы-1032, 2012-жылы-899, 2013-жылы - 737, анын ичинен: Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары: 2011-жылы-127, 2012-жылы-191; 2013-жылы-112. Статистикалык маалыматтар боюнча жашы жетпегендердин арасында укук бузуулардын саны азаюуда.

         Ошону менен бирге, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча 2013-окуу жылында “кооптуу топто” учетко  коюлган жашы жетпеген окуучулардын саны 2012-жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 80 учурга көп катталган. Оолукма жүрүш-туруштагы балдардын санынын өсүш тенденциясы көз салынып жатат.

         Жашы жетпегендердин жүрүм-турумундагы чектен чыгуулардын себептери коомдогу социалдык-экономикалык туруксуздуктун, жаштардын багыттарынын баалуулуктарынын өзгөрүүсүнүн, жайсыз үй-бүлөлүк-тиричилик мамилелердин, ата - энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) тарабынан контролдун жоктугунун, оор турмуштук жагдайда болуп жаткан эмгек мигранттарынын балдарынын санынын өсүшүнүн натыйжасында пайда болуп жатат.

         Ошентип, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында 20 рейд жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 188 бала  табылган, анын ичинен 56сы шаардык балдар, бул жалпы табылгандардын 30% түзөт, 32 бала Кыргыз Республикасынын ИИМсине караштуу жашы жетпегендерди адаптациялоо жана реабилитациялоо борборуна жайгаштырылды. Өткөн мезгилде Бишкек шаарында “кооптуу топтон” балдар, ДСМЧЖ (ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жактар) үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдөн чыккан балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жөнүндө маалыматтар базасын түзүү боюнча иш жүргүзүлгөн. Учетто: 15151 бала турат, анын ичинен мектеп курагында - 10033 бала, мектепке чейинки куракта - 5118 бала, анын ичинен 2705 бала - 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар.

         Учетко коюлган жайсыз үй-бүлөлөрдүн санынын статистикасы (Бишкек шаарынын ИИБсынын маалыматы): 2011-жылы-58; 2012-жылы-35; 2013-жылы-64 баланы түзүп,  бул көрсөткүч балдарга татыктуу тарбия ала албаган  балдардын үй-бүлөлөрүнүн санынын өсүүсү жөнүндө күбөлөндүрүп турат.

         Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштардын алдын алуу жана мыйзам менен келишпестикте турган жашы жетпегендерди толугу менен коргоо үчүн балдар менен иштөөдө бардык органдардын жана уюмдардын күчтөрүн бириктирүү зарылчылыгы тууралуу маселе актуалдуу боюнча калууда. Бишкек шаарынын ИИББсынын маалыматы боюнча жашы жетпегендер тарабынан жасалган кылмыштардын саны: 2011-жылы-302; 2012-жылы-384; 2013-жылы-347ни түзөт. Жашы жетпегендер жасаган кылмыштардын статистикасы кардиналдуу төмөндөбөй жаткандыгын маалымат көрсөтүп жатат. Жашы жетпегендерге карата ишти социалдык-тиричилик шарттарды эсепке алуу менен жүргүзүү керек, ведомстволор аралык координациялоосуз жана субъекттердин алдын алуу өз ара иш-аракеттерисиз чечилбей турган, чыныгы себебин жана кылмыш жасоо шартын аныктоо үчүн өспүрүмгө тийиштүү психологиялык-педагогикалык баалоону жана медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүүнү жүзөгө ашыруу керек.

Балдардын кылмыштуулугунун алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын иш-аракеттерди координациялоо жана күч-аракеттерин айкалыштыруу зарыл, бул жашы жетпегендердин арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерин чечүүдө ведомстволор аралык  өз ара аракеттенүү механизмин түзөт.

Жашы жетпегендердин арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ведомстволор аралык  өз ара аракеттенүү тутумун жакшыртуу, алардын укуктарын жана эркиндигин коргоо,  аларга тарбия берүүгө, окутууга, эмгекке даярдоого, ден соолугун коргоого милдеттүү жактарга  укуктук таасир этүү жолу менен балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоо шарттарын жана тарбиялануусун камсыздоо, зарылчылыгы бышып жетилди.

Ушунун бардыгы “2015-2017-жылдарга карата жашы жетпегендер арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу” комплекстүү шаардык программасынтүзүү зарылчылыгын шарттайт.

 

  1. Программанын негизги максаттары жана милдеттери

Программанын максаты жашы жетпегендердин арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу тутумун түзүү жана  жакшыртуу болуп саналат, ал төмөнкүлөргө багытталган:

а) жашы жетпегендер арасында кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө;

б) жашы жетпегендер арасында алкоголдук ичимдиктерди  жана энергетикалык суусундуктарды ичүү, тамеки тартуу, баңги заттарын колдонуунун деңгээлин төмөндөтүүгө;

в) ведомство аралык өз ара аракеттенүү механизмин жакшыртуу жана системалоо жана жашы жетпегендердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоодо сапатын жогорулатуу аркылуу балдардын жана өспүрүмдөрдүн интеллектуалдык, чыгармачылык жана физикалык өнүгүүсү үчүн шарт түзүүгө.

Программанын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

а) Бишкек шаарынын жашы жетпегендер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу көйгөйүн комплекстүү чечүү негиздерин түптөө;

б) жашы жетпегендер арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулукту алдын алуунун сапатын жогорулатуу үчүн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмин жакшыртуу жана системалоо;

в) жашы жетпегендер арасындагы алкоголизмдин, баңгичиликтин, энергетикалык суусундуктарды, насвайды колдонуунун, тамеки чегүүнүн алдын алуу системасын жакшыртуу;

г) жашы жетпегендер арасындагы арак ичүүдө, баңги заттарын пайдаланууда, энергетикалык суусундуктарды ичүүдө, насвайды колдонууга, тамеки чегүүдө укук бузууга  алып келген себептерди жана шарттарды табуу жана четтетүү;

д) улуу адамдардын жашы жетпегендерди төмөнкү фактыларын табуу жана тыюу салуу:

 кылмыш кылууга жана коомго жат аракеттерди жасоого тартуу;

 алкоголдук, алкоголу азыраак жана энергетикалык суусундуктарды ичүүгө, банги заттарын, насвайды, тамеки заттарын колдонууга;

е) жашы жетпегендерге социалдык камсыздоо жана реабилитациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу;

ж) жашы жетпегендерге таасир берүүчү альтернативдүү иш чараларды камсыз кылуу (спорттук секцияларга, интеллектуалын өстүрүүчү жана көркөм-эстетикалык багыттагы ийримдерге тартуу);

з) балдардын жана өспүрүмдөрдүн ар тараптуу кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн толугураак канааттандырууга багытталган мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын ишинин макамын көтөрүү; балдар жана өспүрүмдөр үчүн акысыз ийримдердин жана спорт секцияларынын санын көбөйтүү.

  1. Программаны ишке ашыруу принциптери

Программанын негизги принциптери:

а) жашы жетпегендердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, аларга укуктук жана социалдык жардам берүүгө, алардын физикалык жана психикалык ден соолугун бекемдөөгө багытталган программаны ишке ашыруудагы гумандуу мүнөз;

б) сергек жашоого үндөө;

в) ар бир муктаж болгон үй-бүлөгө жана балага даректүү жардам көрсөтүүнүн оперативдүүлүгү;

г) жашы жетпегендердин арасында укук бузуулардын, алкоголизмдин, баңгиликтин, энергетикалык ичимдиктерди ичүүнүн, насвай, тамеки тартуунун алдын алуу боюнча тарбиялык иш-аракеттердин альтернативдүү формасын ишке ашыруу жолу менен: алардын кызыгууларын эске алып, балдарды жана өспүрүмдөрдү ийримдерге тартуу, спорт менен машыгуу боюнча иштердин натыйжасына жетүүгө багыт алуу;

д) балдар жана өспүрүмдөр, жайсыз  үй-бүлөлөр менен алдын алуучу тарбиялык иштин системалуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;

е) жашы жетпегендер арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иштин анализи жана мониторинги;

балдар кылмыштуулугун болтурбоо маселеси боюнча муниципалдык органдардын жана уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын күч-аракеттерин консолидациялоо.

  1. Каржылоо көлөмү жана булактары

Программаны каржылоо көлөмү шаардык бюджеттин каражаттарынын чектеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен  түзөтүү киргизилет.

  1. Программаны ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжалары

а) жашы жетпегендер арасындагы укук бузууларды алдын алууда муниципалдык системанын натыйжалуулугу жогорулайт;

б) Бишкек шаарынын жашы жетпегендеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууда ведомстволор аралык өз ара кызматташуудеңгээли жогорулайт;

в) жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн арасында укук бузууларды алдын алуу, алкоголдук, алкоголу азыраак жана энергетикалык суусундуктарды ичүү, банги заттарын, насвайды, тамеки заттарын колдонуу боюнча  алдын алуу иштеринин сапаты жогорулайт;

г) өз балдарынын тарбиясы үчүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жоопкерчилик деңгээли жогорулайт;

д) жашы жетпегендердин эс алуусун камсыздайт, балдарды жана өспүрүмдөрдү сабактан тышкаркы ишмердиктерге: эстетикалык өнүгүү жана интеллектуалдык ийримдерге, спорттук секцияларга тартууну кеңейтүү, жашы жетпегендердин катышуусун камсыз кылуу:

е) сергек мүнөздөгү жашоого алып келүүчү жаштар менен окуучулардын саны көбөйөт;

ж) калктын жана жашы жете элек жаштардын арасындаалкоголдун жана энергетикалык ичимдиктерди ичүүнүн, насвай, тамеки тартуунун жаш организмге тийгизген зыяны тууралуу билим деңгээли жогорулайт.

  1. Программаны ишке ашыруу механизми, анын ишке ашырылуусун контролдоо

 

Программанын иш чаралар планын ишке ашыруу укук бузууларды алдын алуунун төмөнкү субъекттеринин системасы аркылуу ишке ашырылат: Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү, үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо бөлүмү; Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы; Бишкек шаарынын ИИББсы; Балдар иштери боюнча комиссиясы; Бишкек шаарынын мэриясынын укуктук камсыздоо жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү; Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары, Дене тарбия жана спорт боюнча шаардык комитети; Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы; Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаменти; Бишкек шаарынын МСЭКБсы, Маданият башкармалыгы; Калкты жумуш менен камсыздоо борбору, Миграция кызматы; Жашы жетпегендер үчүн социалдык-реабилитациялык борборлору; Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү уюмдары.

Программанын аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.

Программаны ишке ашыруу жөнүндө отчётту квартал сайын Бишкек шаарынын мэриясы берет.

Бишкек шаарында жашы жетпегендердин укук бузууларын жана кылмыштуулуктун алдын алуунун аткаруучуларынын (субъекттеринин) ишин координациялоо Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлөт.

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                        Э. А. Нурдавлетов

Тиркеме 3