БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын
28-декабрындагы №4 “Туруктуу комиссиялардын
курамын түзүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасын жетекчиликке алып, “Республика” фракциясынын лидери - М. К. Жеенчороевдин жана “Ата-Мекен” фракциясынын лидери - С. С. Салиевдин катына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр чыгарылсын:
а) “Республика” фракциясынын мүчөсү – Умуткан Молдобековна Тыналиева Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан;
б) “Ата-Мекен” фракциясынын мүчөсү – Улан Абдыкаарович Максымбеков Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан.
2. Төмөнкүлөр киргизилсин:
а) “Республика” фракциясынын мүчөсү – Лейля Хияновна Лурова Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын курамына;
б) “Ата-Мекен” фракциясынын мүчөсү – Улан Абдыкаарович Максымбеков Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына.
3. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28 - декабрындагы №4 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) 2-пункттун 12-сабындагы “Умуткан Молдобековна Тыналиева” деген сөздөр “Лейля Хияновна Лурова” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-пункт төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын:
“Ата-Мекен” фракциясынын мүчөсү – Улан Абдыкаарович Максымбеков;
в) 4-пункттагы 5-сап алынып салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы М. А. Аманкулов
Бишкек ш.,
24-февраль 2015-жыл, № 108