БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
“Тунгуч” кичи районундагы 135 квартиралуу №17/2
жана 90 квартиралуу №36/2 үйлөрдү жер участоктору
менен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине
кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 692 “Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 404-б буйругун аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулушу департаментинин балансынан “Тунгуч” кичирайонундагы аянты 0, 27 га жер участогу менен 135 квартиралуу №17/2 үйдү жана аянты 0,2 га жер участогу менен 90 квартиралуу №36/2 үйдү тийиштүү инженердик инфраструктурасы менен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн мүлк менен бардык иш-чараларды жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У. Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Төрага М.А. Аманкулов
Бишкек ш.,
24-декабрь 2014-жыл, №106