Бишкек шаардык кеңештин
ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын
28-декабрындагы №5 “Туруктуу комиссиялардын
төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын
бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө” мыйзамынын 32-статьясын,Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бакыт Сатыбалдиевич Шарыпов Регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары болуп бекитилсин.
- Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №5 “Туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 1-пункту төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын:
“төраганын орун басары - Бакыт Сатыбалдиевич Шарыпов“ - Ата-Мекен” фракциясынын мүчөсү”.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төрага М. А. Аманкулов
Бишкек ш.,
25-декабрь 2013-жыл, №64