Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин кээ бир токтомдоруна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасынжетекчиликке алып, Ата-Мекен фракциясынын жетекчисинин А.Т.Сариевди социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга которуу жөнүндө катынын жана Бишкек шаардык кеңештин депутаттары К.А.Токтосартовдун (Ата-Мекен фракциясы) жана Ш.Мааткабыловдун ("КСДП" фракциясы) ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыздарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү депутаттар Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамынан чыгарылсын:

а) социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиядан:

Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич - "КСДП" фракциясынан депутат;

- Токтосартов Камалдин Акунович -"Ата-Мекен" фракциясынан депутат.

б) регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиядан:

- Сариев Аликбай Токталиевич - "Ата-Мекен" фракциясынан депутат.

2. Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга Ата-Мекен" фракциясынан депутат - Сариев Аликбай Токталиевич киргизилсин:

3. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы N 4 "Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө токтомунун тиркемесинетөмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 1-пунктун 2-сабындагы "Сариев Аликбай Токталиевич - "Ата-Мекен фракциясынын мүчөсү" деген сөздөр алынып салынсын;

б) 3-пункттун 1-сабындагы "Токтосартов Камалдин Акунович - "Ата-Мекен" фракциясынын мүчөсү" деген сөздөр алынып салынсын;

в) 3-пункттун 4-сабындагы "Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич - "Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы" фракциясынын мүчөсү деген сөздөр алынып салынсын;

г) 3-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы сап менен толукталсын;

"Сариев Аликбай Токталиевич - "Ата-Мекен" фракциясынын мүчөсү".

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

М.Аманкулов 

Бишкек шаары,

2013-жылдын 19-ноябры, №59