Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Нарын шаарынын мэриясынын акысыз

пайдалануусуна эки муниципалдык троллейбусту

өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынаылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринде 2013-жылдын 2-апрелинде болгон жыйындын N 18-11 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Нарын шаарынын мэриясынын акысыз пайдалануусуна эки муниципалдык троллейбусту өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэрлери Т.М.Имашовго жана Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

М.Аманкулов

Бишкек шаары,

2013-жылдын 19-ноябры, № 53