Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

                   БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 12

"2013-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана

2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө" токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамынаткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 12 "2013-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө" токтомунатөмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 1-пункттагы "6544218,8", "4439638,1", "543918,8", "540410,4", "493158,4", "527093,1" деген цифралар тийиштүү "6712958,1", "4615340,6", "542478,0", "537164,9" "493337,7", "524636,9" деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) "2013-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү" 1, 1-1-тиркемелери бул токтомдун 1, 1-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

3) "2013-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү" 2, 2-1-тиркемелери бул токтомдун 2, 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтомдун 3-тиркемесинеылайык чыгашалардын негизги топтору жана кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр бекитилсин.

3. 2012-жылдагы чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен 2495,1 миң сом суммадагы чыгымдарды бул токтомдун 4-тиркемесинеылайык багыттоого уруксат берилсин.

4. Токтомдун 27-пунктундагы "17192,2" цифрасы "19855,2" деген цифрасы менен алмаштырылсын. Токтомдун 6-тиркемесибул токтомдун 5-тиркемесининредакциясында берилсин.

5. Бул токтомдун 6-тиркемесинеылайык киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча атайын каражаттардын пландуу суммасы 15563,1 миң сомго көбөйтүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Докенов Э.Ш.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине (М.А.Исмаилов) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

М.Аманкулов

 

Бишкек шаары,

19-ноябрь 2013-жыл, №48