Бишкек шаардык кеңештин
ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын муниципалдык
менчигинин негизги каражаттарынын
реестринен алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин 2012-жылдын 27-июлундагы №308 көрсөтүүсүн негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын балансынан Баткен областынын Лейлек районунун “Кулундук” жалпы дарыгерлик практика борборунун балансына медициналык жабдууларды өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы (А. М. Омуралиев) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин негизги каражаттарынын реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Төрага М. А. Аманкулов
Бишкек ш.,
30-июнь 2014-жыл, №97