Бишкек шаардык кеңештин
ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңештин ХХVI
чакырылышынын депутаттарына берилген
шайлоочулардын сунуш-талаптарын
ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 22- жана 23-беренелерине, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 27-июнундагы № 39 “Бишкек шаардык кеңештин ХХVI чакырылышынын депутаттарына берилген шайлоочулардын сунуш-талаптары жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Бишкек шаардык кеңештин ХХVI чакырылышынын депутаттарына берилген шайлоочулардын сунуш-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы” тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бишкек шаарынын мэриясы:
а) Бишкек шаардык кеңештин ХХVI чакырылышынын депутаттарына берилген шайлоочулардын сунуш-талаптарын ишке ашырууга каражаттарды Бишкек шаарынын бюджетинде жыл сайын карасын;
б) экономикалык жана социалдык өнүктүрүү пландарын жана программаларын иштеп чыгууда, башка маселелерди чечүүдө Бишкек шаардык кеңештин ХХVI чакырылышынын депутаттарына берилген шайлоочулардын сунуш-талаптарын эске алсын;
в) кийинки отчёттук жылдын 1-февралына чейин жыл сайын кабыл алынган сунуш-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Бишкек шаардык кеңешке маалымат берсин.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго, Бишкек шаардык кеңештин фракцияларына “КСДП” (А. М. Кененбаев), “Республика” (М. К. Жеенчороев), “Ата-Мекен”(С.С. Салиев), “Замандаш-Современник” (Т. Дж. Сагынов) жана Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясына (Н. А. Айсаев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы М. А. Аманкулов
Бишкек ш.,
30-июнь 2014-жыл, №94