Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын 2013-жылдагы

бюджетинин аткарылышы жөнүндө

 

         Бишкек шаардык кеңеши 2013-жылы атайын каражаттарды жана  республикалык бюджеттен  алынган расмиий каражаттарды кошуп алганда шаардын бюджетине  6 243 220,1 миң сом суммадагы,  же  такталган планга карата 91,4%   киреше түшкөндүгүн  белгилейт. Бюджеттин чыгаша бөлүгү  6 300 908,8миң сомду, же такталган планга карата 91,9% түздү.

         Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги №12  “2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2014-2015-жылдарга карата болжолу жөнүндө” токтомунун 5-пунктуна ылайык шаардын бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлдү.

         Отчеттук мезгил ичинде  республикалык бюджеттен  115 922,7 миң сом түштү, анын ичинде Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын утурумдук ремонтуна - 9 176,2 миң сом сумма, калкты  жылуулук энергиясы менен камсыздоо жана жаратылыш газы үчүн карызды төлөө чыгымдарына - 47 200,0 миң сом сумма, муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин  эмгек акысын жогорулатууга - 39 546,5 миң сом сумма, Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун имаратынын ремонт жумуштарына - 10 000,0 миң сом сумма,  Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-кеңешин өткөрүүгө даярдануу алкагында Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык, коомдук имараттардын жана курулмалардын тышкы жарыктандыруусун жакшыртууга - 10 000,0 миң сом сумма.

         Бюджеттик мекемелердин кредитордук карызы 2014-жылдын 1-январына карата абал боюнча 555 127, 2 миң сом түздү, анын ичинде:

         - шаардык бюджет боюнча - 362 629,7 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча – 56 519,7 миң сом, дары-дармектерди сатып алуу боюнча – 5 903,8 миң сом, тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча – 25 193,6 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча – 2 242,0 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча – 7 334,8 миң сом, алынган лотерея бланктары боюнча “Шуансинь” Кытайлык хромофототипия компаниясынын алдында – 6 049,5 миң сом, капиталдык салымдар боюнча – 33 033,7 миң сом, жылуулук энергиясына дотациялар боюнча (БЖЭ, ведомстволук отканалар) – 4 575,0 миң сом, жол куруу боюнча – 41 758,8 миң сом, муниципалдык ишканалардын аткарган иштеринин көлөмү боюнча – 17 893,6 миң сом, жол чуңкурларын ремонттоо боюнча – 5 928,9 миң сом, бюджеттик мекемелерди капиталдык ремонттоо боюнча – 13 138,5 миң сом, эмерек, компьютердик жабдууларды, китептерди, механизмдерди сатып алуу боюнча - 7 901,5 миң сом жана башкалар;

         - Ленин району боюнча - 55 651,8 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча - 17 905,9 миң сом, тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча – 16,5 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча – 1 894,8 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча – 25 499,3 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча – 8 040,2  миң сом жана башкалар;

         - Октябрь району боюнча – 61 823,0 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча - 22 943,2 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча- 2 959,6 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 33 448,5 миң сом жана башкалар;

         - Биринчи май району боюнча – 46 913,6 миң сом, анын ичинен  эмгек акы жана  Социалдык фондго төгүмдөр боюнча - 13 154,6  миң сом, тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча – 183,6 миң сом,  калкка  жеңилдиктер боюнча – 973,8 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча – 15 363,4 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча – 16 360,1 миң сом жана башкалар;

         - Свердлов району боюнча – 28 109,1 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча – 16 068,8 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча – 11 793,8 миң сом жана башкалар.

         Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана кирешелер менен чыгашалар боюнча милдеттерди эске алуу менен  6 318 837,3 миң сом суммада бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго салык жана жыйымдар боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерин кызматка дайындоого макулдук берүүдө, алардын бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландуу көрсөткүчтөрүн аткаруу боюнча мурунку ишин эске алуу сунушталсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э. Ш. Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                                    М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь  2014-жыл, №89