Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун

жана протоколдук тапшырмаларынын

аткарылышы жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун жана протоколдук тапшырмаларынын  аткарылышы жөнүндө маалыматын карап жана талдап чыгып, Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы  боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун жана протоколдук тапшырмаларынын  аткарылышы боюнча иши жетишсиз деп табылсын.
  2. Бишкек шаарынын мэри - К. К. Кулматов:

а) Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун жана протоколдук тапшырмаларынын  аткарылышын камсыздоо боюнча чара көрсүн;

б) көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча маалыматты Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Л. В. Ардаминага жана Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

Төрага                                                               М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

25-июнь  2014-жыл, №81