Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2014-2018-жылдар мезгилине "Шаар жана шаардыктар"

Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн

стратегиялык артыкчылыктарын бекитүү жөнүндө

 

2013-2017-жылдар мезгилине туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын жоболорун ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "2014-2018-жылдар мезгилине "Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыктары" бекитилсин (тиркелет).

2. Бишкек шаарынын мэри - К.К.Кулматов 2014-2018-жылдарга Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн Программасын иштеп чыгууда "2014-2018-жылдар мезгилине "Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыктары" тарабынан аныкталган максаттарды жана милдеттерди жетекчиликке алсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы М.А.Аманкуловго жана Бишкек шаарынын мэри К.К.Кулматовго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

М.Аманкулов

 

Бишкек шаары,

18-февраль 2014-жыл,  № 70 

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин
2014-жылдын 18-февралындагы
№ 70 токтомуна
тиркеме

2014-2018-жылдар мезгилине "Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
СТРАТЕГИЯЛЫК АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

Урбанизация, шаар калкынын өсүшү жана шаарлардын ролун жогорулатуу бул Кыргыз Республикасынын борбор шаарынын келечегине сөзсүз таасир этүүчү негизги глобалдуу тренди болуп саналат. Ошондуктан, Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн сценарийи жакынкы он, жыйырма жылга инвестициялардын жана ресурстардын олуттуу көлөмүн тартуу менен урбанистиканын бардык заманбап тенденцияларын эске алуу менен иштелип чыгат. Мындай ыкма шаардын жаңы көрүнүшүн ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү мааниси боюнча стратегиялык багыттарды аныктоону талап кылат.

Берилген документ орто мөөнөттүү мезгилге (2014-2018-жж.) Кыргыз Республикасынын борбор шаарын өнүктүрүү багыттарын аныктайт. Стратегиялык артыкчылыктар борбор шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги программалары иштелип чыга турган векторлорун түзөт.

"Шаар жана шаардыктар" стратегиялык артыкчылыктар - бул шаардык бийликтер тарабынан бекитилген, аны иштеп чыгуунун бардык стадиясында талкууга катышкан шаардыктар менен бирге иштелип чыккан документ. Бул документ шаардык бийликтер үчүн ишке гана эмес, аны ишке ашырууда катышууну каалаган Бишкек шаарынын жашоочулары үчүн дагы жетекчилик болуп саналат.

Шаардын жашоосу - бул ишке барышкан, мектепке баланы алып барышкан, муниципалдык кызматтарды пайдаланышкан, эс алышкан шаардыктар тарабынан күнүгө түзүлө турган жандуу процесс. Адам баласынын жашоо тартиби гана чөйрөнү жана шаарды түзөт. Ошентип, шаардын өнүгүүсү анын өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликти ала турган шаардыктардын өздөрүнүн колунда.

I глава. Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары - бийликтин жана шаардыктардын өнөктөштүгүнүн өзөгү

"Шаар жана шаардыктар" борбор шаарды өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары - бул келечектеги мыкты шаардын жетишкендиктери үчүн шаардык коомчулуктун жана бийликтин биримдигин түзө турган документ.

Бишкек шаары - Кыргыз Республикасынын борбору, өзгөчө мамлекеттик мааниси бар, республиканын административдик - саясий, экономикалык, илимий-билим берүү, тарыхый-маданий борбору. Борбор шаарда башкаруу өкүлдөнгөн мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар менен айкалышууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырылат.

Шаардыктар жана муниципалдык бийлик өзүбүз жайлуу жашай ала турган, өз идеяларыбызды, демилгелерибизди, долбоорлорду ишке ашыра ала турган шаарды түзүшүбүз керек болгон убакыт келди. Өнүгүүнүн өзөгү болуп шаар биз каалагандай болушу керек жана биз аны кура алабыз деген түшүнүк болуусу керек.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекетинин статусун алган баштапкы мезгилде жүргүзүлгөн шаардык чарбаны, башкаруу системасын реформалоо натыйжа бербей калды. Азыркы башкаруу системасынын, бийликтин жана калктын өз ара мамилесинин ресурстары түгөндү, башкаруунун механизмдери шаарды өнүктүрүүдө сапаттуу жаңы умтулууну камсыздабайт. Инвестициялардын агымын камсыздоо үчүн шаардык инфраструктураны жаңыртууну талап кылат.

Ошону менен бирге, шаарда болгон жарандык коомдун өнүккөн институттары, өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу шаардыктардын активдүү топтору, бизнес-топтору шаарды өнүктүрүүнү камсыздоо үчүн жаңы ыкмаларды талап кылат. Бийлик менен шаардыктардын өнөктөштүктү бириктирген идея болгон учурда гана ийгиликтүү өнүгүү болот деген түшүнүк бар. Ушуга байланыштуу 2013-жылдын ичинде Бишкек шаардык кеңештин (БШК) депутаттары Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте шаардын келечекте өнүгүү багыттарын, шаардык жергиликтүү коомчулук ишке ашырууга умтулган жана бөлүшкөн көз жеткен келечекти аныктаган документти иштеп чыгышты. Ошентип, Стратегиялык артыкчылыктар борбор шаарыбыздын ар кандай социалдык топторунун муктаждыгын канааттандыруу үчүн артыкчылыктуу милдеттерди тандоонун негизинде иштелип чыкты.

Документти иштеп чыгууда дүйнөнүн шаарларынын өнүгүү тажрыйбасы эске алынды жана ушул сыяктуу документтерди иштеп чыгууда тажрыйбасы бар Голландиянын, Япониянын, АКШнын, Украинанын, Испаниянын, Грузиянын, Батыш Европа өлкөлөрүнүн жана башка өлкөлөрдүн урбанистика чөйрөсүндөгү жетектөөчү адистеринин сунуштары пайдаланылды.

Иштеп чыгуу процесси жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылды. Маалымат ар кандай тегерек столдорду, эки тараптуу жана көп тараптуу тематикалык жолугушууларды өткөрүү аркылуу Интернет тармактарында таркатылды.

1. Өнүгүүнүн стратегиялык вектору

"Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын өнүктүрүү стратегиялык артыкчылыктары - бул шаарды өнүктүрүүнүн негизги максаттарын жана милдеттерин, анын конкуренттүү мүмкүнчүлүктөрүн, коюлган максаттарга жетишүүгө багытталган өнүгүүнүн маанилүү багыттарын жана негизги уюштуруу аракеттерин аныктоочу документ.

Документти иштеп чыгууда борбор шаардын өнүгүүсүнүн маанилүү стратегиялык багыттарын белгилеген "2025-жылга чейинки Бишкек шаарынын Башкы планынын" негизги жоболору эске алынды. Документ регионалдык өнөктөштүктү, түзүү аянтчаны жана инновациялык чечимдерди жана регионду, маданий көп түрдүүлүктү жана тарыхый мурасты өнүктүрүү боюнча коммуникациялык түйүн катары Бишкек шаарынын келечектеги көрүүсүнүн негизги багыттарын өнүктүрүүнү улантат. "2009-2025-жылдар  мезгилине Бишкек шаарын өнүктүрүү концепциясынын" принциптерин жана жоболорун жолун жолдоо аркылуу бул документте мурда кабыл алынган чечимдердин улантуучулугу сакталды.

Шаардык коомчулуктун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын табылган артыкчылыктарынын негизинде түзүлгөн негизги идеялар документтин өзөгү болуп калды.

1) Бишкек шаары шаардыктардын жашоосунун жогорку сапатын жана борбор шаарыбыздын меймандары үчүн ыңгайлуулуктун жогорку деңгээлин камсыздоо менен борбор шаардын функцияларын айкалыштырууга умтулат;

2) Бишкек шаары өнүгүүнүн натыйжалуу башкаруусун камсыздоо жана акылга сыярлык ресурстук саясатты жүргүзүү үчүн жеткиликтүү интеллектуалдуу, уюштуруу, финансылык жана кадр ресурстарына ээ;

3) шаардын калкы ага жаңы шаардыктарды жуурулуштуруу менен өзгөчө шаардык маданиятты түзө турган жалпы максаттардын биргелешкен кыймылына багытталган бирдиктүү ак ниеттүү коомчулукту түзөт;

4) Бишкек шаары ачык шаар куруу саясатына жана жогорку эстетикалык сапаттагы мыкты урбанистикалык чөйрөгө ээ;

5) Келечекте Бишкек шаары динамикалуу өнүгүү бизнеси менен иш чөйрөсүнүн жагымдуулугунун деңгээли боюнча регионалдык лидери болуп калат.

Сүрөт

2. Стратегиялык артыкчылыктардын өзгөчөлүктөрү

Берилген документтин негизги өзгөчөлүгү болуп шаардыктардын ар кандай топторунун, бизнестин, жергиликтүү бийликтин натыйжалуу өнөктөштүгүн түзүүгө багытталгандыгы эсептелет. Берилген милдеттердин реалдуулугу борбор шаардын төмөнкү ресурстарынын олуттуу потенциалы менен шартталган: шаарды өнүктүрүүгө катышууга шаардыктардын чын ниети, олуттуу финансылык жана экономикалык потенциал, географиялык абал жана жаратылыш шарттар, саясий жана экономикалык эркиндиктин жогорку деңгээли.

"Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык мекемелердин функцияларын ишке ашырууну гана камсыздабастан, шаардыктардын кызыкчылыгын жана керектөөсүн белгилеп, жетишүү керек болгон максаттарын аныктайт. Документ коюлган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетин баалоого мүмкүндүк берет.

"Шаар жана шаардыктар" документинин өзгөчөлүктөрү:

1) Шаардын атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатууга багыт алуусу. Документ Бишкек шаарынын потенциалын максималдуу ача турган өнүгүүнүн эң артыкчылыктуу багыттарын белгилейт.

2) Иштеп чыгуудагы жана ишке ашыруудагы өнөктөштүк. "Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары директивалуу документ эмес, ал - бийлик, бизнес жана шаардын коомдук уюмдары менен өз ара макулдашылган милдеттенмелерди өздөрүнө алган коомдук макулдашуу келишими.

3) Узак мөөнөттүү пландардын жана биринчи кезектеги аракеттердин конкреттүүлүгүнүн айкалышы. Узак мөөнөттүү пландар Бишкек шаарынын көрүүсүнүн жетишүүсү үчүн багыттарды чагылдырат. Биринчи кезектеги чаралар шаардын тиричилик аракетинин базалык сфераларын модернизациялоого багытталат, индикаторлордун тизмеги менен конкреттүү милдеттердин топтомун түзөт.

4) Иштин үзгүлтүксүздүгү. "Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары" документи менен иштөө аны кабыл алуу менен эле бүтүп калбайт. Анын бөлүнгүс бөлүгү болуп саналган Стратегияны башкаруу системасы ишке киргизилет, ошондой эле анын аткарылышынын мониторинги, ишке ашыруунун жүрүшүн жыл сайын баалоо, зарыл болгондо иш-чараларды корректировкалоо жүргүзүлөт.

II глава. Шаардын профили

3. Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө таасир этүүчү факторлор

Экономика, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү реформалар, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү борбор шаардын жашоосуна түз таасирин тийгизди. Бишкек шаары акыркы жылдардагы бардык саясий окуялардын эпицентринде болду, шаардыктар бул окуялардын таасиринин позитивдүү тарабын да, терс тарабын да башынан өткөрдү.

Жаратмандык да, бузукулук да мүнөздөгү ар кандай формада боло турган шаар тургундарынын активдүүлүгү абдан түрдө өстү. Ошону менен бирге, бийликтин жергиликтүү органдары шаардыктардын пайда болгон активдүүлүгүнө адекваттуу тез чара көрүүгө жетишпегендиктен, жарандар жыйынтык ала албагандыгына байланыштуу, бийликтин аракеттерине каршылык көрсөтүп жатышат. Жыйынтыгында, шаарда шаардыктардын активдүү топтору менен шаардык бийликтин ортосунда өз ара өнөктөштүк жок, позитивдүү мүнөздү алып жүргөн бийликтин демилгелери шаардыктар арасында колдоо тапкан жок. Бишкек шаары жергиликтүү өз алдынча башкаруу принциптерине биринчилерден болуп өткөндүгүнө карабастан, ушул жерде өлкөдө жүргүзүлүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформанын көрүнүктүү натыйжалары аз деңгээлде пайда болууда. Бул саясий өз алдынчалык, бюджеттик автономия, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү ж.б. маселелерге тийиштүү. Башкаруунун татаал, көп тепкичтүү системасы жана муниципалдык кызматтарды берүү шаардыктардын керектөөлөрүн канааттануусуна эмес, адегенде, шаардык мекемелердин жана ишканалардын өздөрүнүн функцияларынын аткаруусуна иштейт. Бийликтин борбордоштурулган башкаруу формалары демократиялык кайра жаралуу, рынок экономикасын өнүктүрүү шарттарында иштебей жаткандыгынан, шаардыктардын муниципалдык бийликке ишенбөөчүлүгүнө алып келди.

Өлкөнүн жаңы тарыхындагы бардык доо кетирүүлөрдүн натыйжасында, борбор шаар өзүнүн техникалык, интеллектуалдык потенциалын ылдам жоготуп баратат жана миграциялык агымдардын күчөөсүнүн күбөсү болду. Коомдогу экономикалык жана социалдык ажырым маданият чөйрөсүн калдык принциби боюнча каржылоо, традициялуу шаардык маданияттын деңгээлинин бузулуусуна алып келди. Булар көчө кылмыштуулугунун өсүүсүндө, билим берүүнүн баалулугунун төмөндөөсүндө, коррупциянын өнүгүүсүндө, шаардын тышкы көрүнүшүндө пайда болду. Заманбап Бишкек шаарында керектөө маданияты, өзүнчө четтөө ниети жана көңүл чөгөттүк жана шаардын жашоосунда катышкысы келбегендигинде билинген өз менчигинин чектерин белгилөө үстөмдүк кылат. Кызыкчылыктардын чөйрөсү жана коомдук турмуш үй жана батирдин масштабына чейин кичирейди, шаардыктар өздөрүнүн жалпылыгын жана корголгондугун сезбей калышты.

Рынок мамилелеринин башкарылбай калган баш-аламандыгы борборлоштурулган башкаруунун бюрократиялык формалары менен кезигип, шаар куруу, шаардык чарбаны башкаруу, кызматтарды көрсөтүү жаатындагы коррупциялык өз ара мамилелердин системасын пайда кылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына тиешелүү болбогон бийлик ыйгарым укуктарынын концентрациясы өнүгүүнүн улуттук программасынан тиричилик аракеттин кээ бир өзөктүү чөйрөлөрүнүн ажыроосуна мүмкүндүк берет, кызматкерлердин жоопкерчилик деңгээлин жана шаардыктардын жашоо сапатын төмөндөттү. 2000-жылдардын башына карата шаардык коомчулукта социалдык-экономикалык ажырым жана борбор шаарда географиялык сегментация белгиленди. Бир жагынан, Бишкек шаарына региондордон келген миграция толкундары инженердик жана социалдык инфраструктурасы жок борбор шаардын өздөштүрүлбөгөн участокторуна жайгашышты. Алардын алдында "жашап кетүү" милдети туруп, ал эми билим алуу жана өнүктүрүү, аймакты көрктөндүрүү, шаардыктардын өз укуктарын ишке ашыруу азырынча алар үчүн артыкчылык болуп саналбайт. Экинчи жагынан, жаңы обочолонгон тандамал райондор өсүп чыкты жана шаардын борборунда тандамал турак жайдын курулушу уланып жатат. Ошентип, камсыздалган жана кедей тургундардын жашоо деңгээлдеринин ортосунда айырма абдан билинип турат.

Бирок, Бишкек шаары көптөгөн элдер үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн шаары болгон, азыр да ошондой шаар жана ошондой шаар болуп кала берет. Бишкек шаарында ишкердик активдүүлүк өсүп жатат, шаар өлкөнүн ИДПсынын 40%ын берет, эмгекке жарамдуу жаштар үчүн трамплин болуп калат. Шаардын экономикалык потенциалы шаардык бюджеттин туруктуулугун камсыздайт. Чакан жана орто ишкерлик рыноктук суроонун жана сунуштун өзгөрүүсүнө ийкемдүү чара көрүү менен шаардын экономикасында болуучу өзгөрүүлөрдүн негизги индикатору катары болуп калды. Бишкек шаарында чакан жана орто бизнестин 47370 объекти катталган, республика боюнча ушул сыяктуу көрсөткүчтөрдөн 18,2%ын түзөт. Чакан жана орто ишкерлик шаардын экономикасынын ар бир секторунда бар, ал эми кээ бир секторлордо (тигүү өндүрүшү, мейманкана кызматтары, коомдук тамактануу, транспорт, соода) басымдуу абалды ээлейт.

Бүгүнкү күндө соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү шаардык экономиканын негизги сектору болуп саналат жана эмгек акы төлөөнүн жогорку деңгээлине карата бизнести өнүктүрүү көз карашы жагынан абдан жагымдуу. Чек араларды ачуу, кээ бир чет элдик мамлекеттер үчүн визасыз режимди жайылтуу, өлкөнүн өсүүчү туристтик жагымдуулугу, Интернетти кеңири жайылтуу сыяктуу факторлор Бишкек шаары үчүн инвестицияларды тартуу жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бишкек шаарындагы кызмат көрсөтүүнүн жана сооданын өнүккөн системасы бардык өлкө боюнча бул тажрыйбаны таркатууга таасир этүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Бул секторду өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү Бишкек шаары Россия, Казакстан жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы түйүнү болуп кала турган географиялык абал, экономикалык жана саясий факторлор шарт түзөт. Бул мүмкүнчүлүктөр "Дордой" дүң базарында өндүрүштүк-логистикалык комплексин түзүү жана өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорлорду кое берүүнүн натыйжасында кеңейүүсү мүмкүн. Шаардан 30 км аралыкта жайгашкан "Манас" Эл аралык аэропорту Европа, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азия, Жакынкы жана Алыскы Чыгыш, Океан, Түндүк Американын ортосундагы жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн ири транзиттик түйүн болуу келечеги бар.

4. Бүгүнкү шаар - утурумку абалдын анализи

"Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары" документи өнүгүүнүн ар кандай варианттарын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген азыркы жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөргө негизделет. Шаар өзүнчө өнүгүүнүн тарыхый түзүлгөн ресурсуна жана инфраструктуранын, башкаруу системасынын потенциалына, өзүнүн менталитети жана маданияты менен шаардык коомчулукка ээ.

Эгемендүүлүк алган мезгилде Бишкек шаарынын өнүгүүсү демократиялык кайра жаралуулардын, рыноктук мамилелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсү менен байланышкан реформалар нугунда өттү. Бишкек шаарынын өнүгүүсүндөгү реформаларды улантууну камсыздоочу позитивдүү факторлор Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү сыяктуу эле мамлекеттик башкаруу системасы жалпысынан тиешелүү болгон азыркы ченемдик-укуктук актыларга негизделет. Тарыхый түзүлгөн негизде өнүгүүнүн жаңы тенденцияларын салуу Бишкек шаарынын азыркы абалын түздү.

Шаардык коомчулуктун жашоосунун төмөндө берилген абалы, аны өнүктүрүү шарттары, азыркы көйгөйлөр шаардыктардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин, эксперттик коомчулуктун позицияларынын чагылдырылышы болуп саналат.

Бишкек шаарынын жашоосунун азыркы абалын мүнөздөөчү негизги көйгөйлөр:

1) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын ишениминин төмөнкү деңгээли реформаларды ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылбайт.

Көптөгөн шаардыктардын ою боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шаардык кеңештин жана мэриянын атынан толук эмес көлөмдө өзүнүн башкы дайындалышы - жарандардын укугун жана мүмкүнчүлүгүн өз алдынча ишке ашырууга жана өз жоопкерчилиги алдында шаардык коомчулукту жана аймакты өнүктүрүү маселелерин чечүүгө жооп бербейт. Башкаруунун азыркы системасы муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын функцияларын камсыздоого жана аз деңгээлде шаардыктардын керектөөлөрүн жана муктаждыктарын канааттандырууга багытталган. Шаардыктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨАБ) органдарынын өз ара мамилелериндеги негизги көйгөй болуп жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу механизминин жоктугу болуп саналат. Түзүлгөн кырдаал жарандардын шаардык бийликке ишенүү деңгээлинин төмөндөөсүнө таасир этти. 2012-жылы Бишкек шаарынын ЖӨАБ органдарына жарандардын ишенүү индекси 14,8 терс өлчөмдү түздү. Ошол эле убакта шаардык коомчулукка бийликтин реалдуу отчеттуулугунун жоктугу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун объективдүү баалоо мүмкүнчүлүгүн бербейт. Пайда болгон каршылык тараптардын позицияларынын түшүнбөстүгү менен шартталып, шаардык бийликтердин дарегине негизсиз сын-пикирлерге айланып жатат. Өз ара аракеттенүүнүн мындай төмөнкү натыйжалуулугунун башкы себептеринин бири болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, муниципалдык аймактык башкаруулардын (МАБ) жана жергиликтүү калктын атынан, Турак жай ээлеринин шериктештигинин (ТЖЭШ), үй жана кварталдык комитеттердин жана шаар калкынын жалпысынын атынан аймактык аткаруу органдарынын ортосундагы болгон ажырым саналат.

Ошентип, шаар курулуш, турак жай-коммуналдык чарба, жашылдандыруу, маданият жана эс алуу көйгөйлөрү менен байланышкан эң оор маселелер толук көлөмдө угулбай калды. Алар боюнча чечимдер өзүнчө, бул чөйрөдөгү системалуу көйгөйлөргө байланыштырылбай жалпысынан кабыл алынат.

Шаардыктардын, бийликтин жергиликтүү өз алдынча органдарынын терең көз карашы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкарууну окчундаштыруу жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясатты өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга карабастан, бийликтин жергиликтүү органдары бийликтин жана калктын түз, ачык диалогу үчүн шарттарды түзө алган жок. Шаарды өнүктүрүүдө реалдуу салым кошкусу келген шаардыктардын активдүү тобу менен иштөө фрагментардуу өтүп жатат, мындай ыкманын туруктуулугу эң эле шарттуу.

2) Коомдук мейкиндикти (жалпы пайдалануудагы жерлер) кыскартуу жана сейил бак зоналарын деградациялоо жайлуулук деңгээлин төмөндөтөт, шаардык чөйрөнүн түзүлүүсүнө түрткү түзбөйт.

Бишкек шаарында мурда көчөлөрдөгү, турак райондордогу, көптөгөн шаардык сейил бактардагы жашыл зоналар калктын эс алуучу маанилүү жерлери, борбору шаардын визиттик карточкасы болчу.

Жашыл бак-дарактарды сактоо жана кам көрүүгө пландуу мамиле кылуу жок. Ирригация системасынын бузулуусу, бак-дарактарды санитардык иштетүүнүн жана сугаруунун жоктугу жашыл бак-дарактардын жоголуусуна алып келди.

Шаардыктар тарабынан жалпы пайдалануу үчүн пландалган коомдук мейкиндиктерди (сейил бактар, көкмайсандар, жашыл жол жээктери, гүл бакчалар, токойчолор, аянттар, көлмөлөр, тротуарлар жана башкалар) жоготуу чоң тынчсызданууну туудурат. Бет алды курулуш жана курулуштун тыгыз салынышы турак кичирайондордун ичинде муниципалдык аймактарда, конуштарда жүзөгө ашырылып жатат. Коомдук жана социалдык маанидеги объекттер үчүн (сейил бактар, мектептер, бала бакчалар, бейтапканалар) калтырылган аймактар турак жай курулушу үчүн берилип жатат.

Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын нуктарынын потенциалы пайдаланылбайт, суу жээктери тазаланбайт, тиричилик таштандылары менен булганып, ал эми суунун корголгон зоналары көрктөндүрүлгөн эмес, же курулуш ченемдерин бузуу менен курулган.

3) Баш-аламан курулуш Бишкек шаарынын өзгөчө окшоштугун түзүүгө мүмкүндүк бербейт, шаардыктардын жалпы пайдалануудагы жерлерди пайдаланууга укуктарын бузат.

Заманбап шаар курулуш кызыл сызыктан чыгуу менен, архитектуралык чөйрөнүн бүтүндүгүн бузуучу, коңшу участоктордун курулуш потенциалын өзүнө алып алган, автомобилдерди токтотуу менен көйгөйлөрдү түзүүчү жана үй алдындагы жер участоктордун аянттарын кичирейтүүчү мыйзамсыз алынган участоктордо куруу жана кичинекей жер участокторунда көп кабаттуу курулмаларды куруу менен пландуулуктун жоктугу, борбор шаардын архитектуралык стилдеринин, архитектуралык-курулуш ченемдеринин жалпылыгынын бузулушу менен мүнөздөлөт.

Мындан тышкары, жер участокторун алып салуу үчүн компенсациялоонун реалдуу механизмин колдонууга мүмкүндүк берүүчү ченемдик-укуктук актылардын жоктугу курулуш чөйрөсүндө терс тенденциялардын пайда болуусуна шарт түзөт. Шаар курулушунун көйгөйлөрү жалпы пайдалануудагы жер участокторуна карата: тротуарлар, көкмайсандар, гүлбакчалар, кичи архитектуралык формалар жана башкалар ушул сыяктууларга карата терс таасир берип жатат.

Жерлерди сатуудагы ачык эместик жана коррупциялык тобокелдер Бишкек шаарындагы заманбап шаар курулуш жана архитектурасынын абдан курч көйгөйү болуп саналат. Бишкек шаарынын Башкы планынын жашырындуулугу, шаардык аймактарды курууну пландоодо жана жер участокторун сатуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууда айкындуулуктун жоктугу шаардын муниципалдык аймактардын чоң бөлүгүн жоготууга алып келди.

4) Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетин түзүү жана аткаруу калктын артыкчылыктарына жана муктаждыктарына жооп бербейт.

Бишкек шаарынын бюджетинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башка органдарынын бюджеттеринен айырмаланган бир топ өзгөчөлүктөрү бар. Шаардыктарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мамлекеттик органдардын кээ бир чыгымдык ыйгарым укуктарын биргелешип каржылоо зарылчылыгын камсыздайт. Шаардын өзгөчө статусун эске алуу менен республикалык жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды каржылоону, ички мигранттардын жашоо шарттарын түзүү жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү камсыздоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоо керек.

Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кээ бир объективдүү жана субъективдүү себептери менен катар жергиликтүү маанидеги маселелер сыяктуу эле өкүлдөнгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды да каржылоого тийиштүү болгон чыгым милдеттенмелеринин кеңири спектрларын өзүнө алат. Алардын чектелүүсүндөгү финансылык ресурстарды чачуу шаардын бюджеттик саясатындагы системалык кризистин олуттуу тобокелин пайда кылууда. Билим берүүнүн мектеп жана мектепке чейинки бардык уюмдарын, ошондой эле саламаттык сактоо мекемелеринин олуттуу бөлүгүн муниципалдык мекемелер статусуна муктаждыгын баалоосуз которуу шаардык бийликтерден окуу процесси же дарылоо процесси сыяктуу эле имараттарды жана курулмаларды күтүү да каржылоону талап кылат. Баарынан мурда социалдык чөйрөдөгү чыгымдардын көбөйүшү менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бардык тобокелдери жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджети салык саясаты, коомдук тартипти коргоо, экология, республикалык маанидеги саламаттык сактоо жана башка чөйрөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түз чыгымдар милдеттенмелерин каржылайт.

Иштин мындай абалы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетин түзүү жана аткаруу маселелеринде финансылык системалык кризиске алып келүү коркунучун туудурат. Мисалы, 2012-жылы, Бишкек шаарынын бюджетинин кирешелери 372 млн.сомго, б.а. 7,8%га өстү. Кирешелердин көбөйүшү шаардын өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу багыттарга жана биринчи кезекте көрктөндүрүүгө жана жолдорду реконструкциялоого жөнөтүлөт деп толук негизде күтсө болмок. Бирок, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү корголгон статьяларга чыгымдарды көбөйтүү зарылчылыгына байланыштуу, камсыздоого бул каражаттарды жөнөтмөк тургай, социалдык чөйрө боюнча чыгымдарды 50 млн.сомго, ТЖКЧ чөйрөсүндө 19 млн.сомго кыскартылды. Өз каражаттардын эсебинен жолдорду реконструкциялоого чыгымдар 55,0 млн.сомго кыскартылды.

Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктын кээ бир түрлөрүн тескөө боюнча Бишкек шаарынын мэриясына берилген мүмкүнчүлүккө карабастан кырдаал күчөп баратат, азыркы күнгө чейин салык кирешелерин чогултууну жогорулатууга таасир өтүүчү механизмдер иштелип чыга элек.

Көйгөйлүү кырдаалдын себептери болуп төмөнкүлөр саналат:

а) мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдар милдеттенмелеринин так чектөөлөрүнүн жоктугу, ошондой эле шаардын бюджеттик көйгөйлөрүн талкуулоо боюнча шаардык бийликтердин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракеттенишүүсүнүн жоктугу;

б) жергиликтүү бюджетти түзүү шаардык коомчулукту мүмкүнчүлүктөрүнүн жана керектөөлөрүнүн негизинде эмес жүргүзүлбөстөн, борбор шаардын утурумдук керектөөлөрүнөн бир топ төмөн турган Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин "контролдук цифраларынын" негизинде жүргүзүлүп жатат;

в) бизнести өнүктүрүүгө, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин өсүүсүнө мүмкүндүк бере алган шаардын натыйжалуу инвестициялык саясатынын жоктугу;

г) жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн натыйжалуу божомолдоо жана пландоо үчүн экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөрдүн толук тизмегинин жоктугу;

д) шаардык бюджетке түшүүчү салыктардын кээ бир түрлөрүн тескөө боюнча ЖӨАБ органдарынын укуктарын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу механизмин аныктоочу ченемдик-укуктук актылардын жоктугу;

е) реалдуу керектөөнүн алдында шаардын бюджетин түзүүдө кыйынчылык туудуруучу ички миграциянын контролдонбогон агымы.

5) Бишкек шаарынын тургандарынын өз убагында сапаттуу коммуналдык кызматтарга туруктуу, стабилдүү жетишүү мүмкүндүгү жок.

Турак жай-коммуналдык чарбаны реформалоонун негизинде иштөөнүн рыноктук шарттарына өтүү принциби киргизилген. Ошону менен бирге коммуналдык чөйрөдө реформаларды жүргүзүү жылдарында коммуналдык кызматтарды үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүүнү камсыздоочу турак жай-коммуналдык комплексти туруктуу иштетүү системасын түзө алган жок. Мындан тышкары, жергиликтүү бийликтин каалоосуна таасир эте турган, эрк жана саясий усулдар менен бул маселелерди чече турган ТЖКЧ чөйрөсүндөгү кризистик көрүнүштөр сыяктуу тобокел бар. Бир аз бюджеттик ресурстар көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатууга каралбастан, көбүнчө муниципалдык ишканалардын өздөрүнүн иштөөсүн колдоого жөнөтүлөт. Бул мамиле кыска мөөнөттүү көйгөйлөрдү чечет, бирок тармактын туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзбөйт.

Турак жайдын мониторинги жана анализи башкаруунун азыркы системасы орчундуу өзгөрүүлөргө муктаж экендигин көрсөттү. Имараттардын күчөгөн техникалык эскирүүсү ири системалык авариялардын пайда болуу тобокелдеринин өсүүсүнө алып келип жатат, жүргүзүлүп жаткан кайра өзгөрүүлөргө калктын терс мамилесин пайда кылууда.

Мындан тышкары, жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктарын аныктайт. Бүгүнкү күнгө көпчүлүк курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйлөр орточо кирешеси менен калк үчүн дагы кымбат жана жеткиликтүү эмес.

Коммуналдык кызматтардын негизги керектөөчүлөрү болгон шаардыктар жарандардын жайлуу жашоо, сапаттуу, заманбап кызматтарды өз убагында алуу укуктарын ишке ашыруу борбор шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан толук көлөмдө аткарылбай жаткандыгын белгилеп жатышат.

Түзүлүп жаткан кырдаалдын негизги себептери болуп төмөнкүлөр саналат:

а) көйгөй чечилбей, "мэрия, акимиат-муниципалдык ишкана" чынжыры боюнча өткөрүлүп берилип жаткан учурда, өз ишинин жыйынтыктары үчүн муниципалдык коммуналдык ишканалардын жана мекемелердин жоопкерчилигинин төмөн деңгээли;

б) көрсөтүлүп жаткан кызматтардан жарандардын канааттануусунун деңгээли боюнча калк менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы кайтарма байланыштын жоктугу;

в) шаардыктардын өздөрүнүн коммуналдык кызматтарын пайдалануусунун жоопкерчилигинин жана маданиятынын төмөн деңгээли.

6) Жол-транспорт инфраструктурасын тереңдетүүчү көйгөйлөр шаар боюнча жайлуу жашоо үчүн шарттарды түзбөйт, экологияга терс таасирин тийгизет.

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында турган негизги милдеттердин бири - бул транспорт инфраструктурасын жакшыртуу.

Транспорт чөйрөсүнүн негизги көйгөйлөрү болуп төмөнкүлөр саналат: жол тилкесинин начар абалы, жүргүнчүлөрдү ташуунун төмөнкү натыйжалуулугу, автомобилдер үчүн токтотуу орундарынын жетишсиздиги, айлана-чөйрөнү булгоо.

Транспорт билдирүүсүн өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мындай абал биринчи кезекте жол жана транспорт чарбасын башкарууну уюштурууда болгон көйгөйлөр менен байланыштуу транспорт саясатынын жоктугу, каржылоонун жетишсиздиги.

Шаардыктар стабилдүү, жалпыга жеткиликтүү, жайлуу коомдук, муниципалдык транспортту каалашаарын изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөттү.

Жол-транспорт чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү мүнөздөөчү себептер төмөнкүлөр:

а) транспорт агымын жөнгө салууга жана автомобилдер үчүн токтотмолорду башкарууга мүмкүндүк берген жол жана транспорт инфраструктураны башкаруунун натыйжалуу системасынын жоктугу;

б) жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча жайлуу шарттарды кошо, Бишкек шаарынын коомдук транспортун жөнгө салуучу муниципалдык кызматтардын натыйжалуу ишинин жетишсиздиги;

в) жол тилкесинин куруу жана ремонттоо боюнча программалар үчүн каржылоонун жоктугу.

7) Шаардын маданий окшоштугун жоготуу жашоо эрежелерин түзүүгө терс таасир тийгизет.

Шаардык маданий мейкиндиктин өзгөчөлүгү болуп эс алуу, тиричилик жана маданият мекемелеринин (маданий жана эсе алуу сейил бактары, кафе жана ресторандар, театрлар жана музейлер, китепкана, галереялар, бий залдары ж.б.у.с.) кеңири тандоосунун бардыгы, шаардыктар үчүн кызыкчылыктар боюнча пикир алмашуу айлампасын түзүү же тандоо мүмкүнчүлүгү саналат. Шаардыктар көпчүлүк убагын мекемедеги, офистеги, өндүрүштөгү жумуш орунунда өткөрүшөт. Ушуга байланыштуу, шаардыктар бош убагында адабият, искусство, спорт чөйрөсүндө өзүнүн өнүгүү маселелерине, ошондой эле эс алууга көбүрөөк көңүл буруусун талап кылышат. Ошол эле убакта шаардык чөйрөдө коммуникациялык байланыштардын, социалдык жоопкерчиликтин, туугандык байланыштардын төмөнкү деңгээли таандык.

Ушулар менен катар ички мигранттар, эреже катары айыл жеринен шаардык маданиятка коомдук жана улуттук үрп-адаттарды, жаратылышка болгон сүйүүнү, патриархалдуулукту киргизет. Ошону менен бирге, чоң шаарда айыл жашоосунун жалпыга кабыл алынган адаттарын сактоонун зарылчылыгынын жоктугу, контролсуздук, "жакшы жашоонун" жакындыгынын алдоо менен Бишкек шаарында кылмыштуулуктун өсүүсү, жашоонун жалпы кабыл алынган эрежелерин бузуу түрүндө терс көрүнүштөрдүн өсүүсүнө мүмкүндүк берет. Жогоруда көрсөтүлгөн көрүнүштөр шаардык коомчулукту "шаардыктарга" жана "сырттан келгендерге" бөлүнүүсүн пайда кылды. Акыркы 20 жылда шаардын калкы ички миграциянын эсебинен дээрлик үчтөн бир бөлүккө өстү. Шаардык бийликтер бардык ушул жылдары шаардын жаңы конуштарынын аймагында жашоонун минималдуу стандарттарын уюштурууга көңүл бурду жана ресурстарды багыттады. Конуштарда авто жол линиялары, электр берүү жана суу менен камсыздоо жүргүзүлдү, амбулаториялар жана билим берүү мекемелери курулду. Бирок, жаңы шаардыктардын көпчүлүк бөлүгү жашоонун жана сүйлөшүүнүн мурунку тартибин сактап калышты, түзүлгөн шаардык чөйрөдө толук кандуу көнүп кете алышкан жок жана убакыт өткөн сайын шаардыктарга тийиштүү болгон жүрүш-туруш жана сүйлөшүү ченемдерин жоготуу менен аныктоочу мааниге ээ боло баштады.

Шаардык жана айыл маданиятынын эң мыкты өзгөчөлүктөрүнүн органикалык аралашуусунун ордуна Бишкек шаарында традициялуу шаардык баалуулуктарды жоголушу байкалууда. Шаардын калкын социалдык-маданий жактан тейлөө объекттерин каржылоо бир топ кыскаргандыгы менен гана эмес, жаңы шаардыктардын конуштарды жана тыкыз жашоо орундарын камтуусунун жоктугу менен кырдаал тереңдеп баратат. Көпчүлүк конуштарда көңүл ачуу-рекреациялык шаардык чөйрөнүн (жабдылган эс алуу сейил бак зоналар, театрлар, жайкы эстрада, спорт окуулары ж.б. аянттар) инфраструктурасы өнүккөн эмес же такыр эле жок. Ички мигранттардын көпчүлүгү үчүн борбор шаардын жашоосуна катышуунун жалгыз формасы - бул майрам күндөрү шаардын борборундагы массалык иш-чараларга келип катышуу мүмкүнчүлүгү. Ошентип, Бишкек шаарындагы социалдык-маданий жагдай шаардык калктын олуттуу жана тереңдеген катмарга бөлүнүүсү, бир шаардык организмге бирге катышуу идеясынын жоктугу менен мүнөздөлөт. Бул идея бардык шаардыктарды бириктирмек жана коомдук орундарда жүрүм-турумдун жогору ченемдерин, жашоо үчүн жайлуу чөйрөнү, борбор шаардын меймандары үчүн жагымдуулукту түзүүнү аныктамак.

Азыркы шаардык интеллигенция шаардык маданияттын, үрп-адаттын сактоочусу ролун аткарбай калды, жыйынтыгында анын талап кылынуусу жана мааниси түштү. Шаардын театрдык, адабий жашоосу шаардык коомчулуктан өзүнчө өнүгүп жатат жана аз өлчөмдө мамлекет жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу тарабынан колдоого алынган. Рынок принцибинде өнүгүп жаткан гана маданияттын төмөнкү тармактарынын: кино, эстрада, цирк искусствосунун өнүгүү келечеги бар.

Шаарда шаардык жашоонун мурунку образын кайта өндүрүүгө багытталган төмөнкү уюмдардын көп саны: китепканалар, музейлер, ар кандай драмалык жана музыкалык театрлар, кинотеатрлар, филармония, консерватория бар жана алар жаңы талаптарга ылайык кайра курула алышкан жок.

8) Шаардын инвестициялык жагымдуулугуна жана бизнести өнүктүрүүгө багытталган жөнөкөй жана түшүнүктүү эрежелер толук көлөмдө түзүлгөн жок.

Бизнестин өнүгүү деңгээлинин мүнөздөмөсү болуп тартылган инвестициялардын көлөмү саналат. Өлкө боюнча инвестициялардын жалпы көлөмүндө 2011-жылы 28%дан 2012-жылы 22%га чейин Бишкек шаарындагы негизги капиталга инвестициялардын көлөмүн олуттуу төмөндөөсү кооптондурат. Бишкек шаарындагы инвестициялардын жалпы көлөмүнүн төмөндөөсүнө карабастан курулган турак жайдын жалпы көлөмүнөн - 26,7% турак жай курулуштун көлөмү боюнча лидер болуп калды. Турак жай куруунун 80%дан көбү калктын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп жатат.

Жергиликтүү бюджет тарабынан негизги капиталга инвестициялардын үлүшү абдан эле аз калат. 2012-жылдагы негизги капиталга инвестициялардын жалпы көлөмүндө - 17,97 млн.сомду, жергиликтүү бюджеттин үлүшү бардыгы 100 млн.сомду же 0,6%ды түзөт.

Акыркы жылдары Бишкек шаары шаардын инвестициялык жагымдуулугун жалпысынан мүнөздөгөн түз чет элдик инвестицияларды тартуу бөлүгүндө жетектеген позицияны жоготуп бара жатат.

Программалык камсыздоону иштеп чыгуу, туризм, эс алуу, соода сыяктуу бизнестин мындай перспективдүү чөйрөлөрү мамлекет, тактап айтканда муниципалитет тарабынан бизнес үчүн мотивациялоо жана белгилүү преференцияларды түзүү бөлүгүндө колдоо болбогондуктан көмүскөдө болуп жатат.

1-таблица

Бишкек шаарынын экономикасына түз чет элдик инвестициялардын көлөмүнүн үлүшү (млн.сом)

 

2008

2009

2010

2011

2012

Кыргыз Республикасы

866,2

660,9

666,1

849,2

590,7

Бишкек шаары

588,5

412,9

237,3

181,0

205,4

Инвесторлор 2012-жылы Бишкек шаарында түз чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмүнөн эң чоң кызыкчылык финансылык секторго - 33,7%га жана байланыш чөйрөсүнө 20,0%га болду.

Бишкек шаарынын ишкерлери менен талкуулоонун анализи бийлик менен бизнестин ортосунда өнөктөштүк жок экендигин көрсөттү. Ишкерлердин бийликке болгон ишеним деңгээли анча жогору эмес, ошондой болсо да ишкерликтин курулуш, соода, кызмат көрсөтүү сыяктуу негизги чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүндөй эле жана башка бизнестин түрлөрүнүн өкүлдөрү да бул ойду карманышат. Иштин мындай абалы бизнестин гана өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизбестен, жергиликтүү бюджеттерге карата бюджеттик саясат жергиликтүү экономиканын өсүү көрсөткүчтөрү менен түздөн-түз байланышкан жергиликтүү бюджеттин кирешелерине таасирин тийгизет.

Түзүлгөн абалдын негизги себептери:

а) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шаардын өнүгүүсүнө олуттуу салым киргизе турган тең укуктуу өнөктү бизнесте көрбөй жатат;

б) бизнестин традициялуу пассивдүүлүгү, киреше алуудагы артыкчылык өнүгүү программаларын ишке ашырууда киргизиле турган бизнестин активдүү топторун түзүү мүмкүндүгүн бербейт;

в) шаардын бюджеттик саясаты жергиликтүү экономиканын өнүгүү багыттарынан өзүнчө өнүгүп жатат.

9) Шаардыктардын социалдык муктаждыгынын өсүүсү шаардын мүмкүнчүлүгүнө туура келбейт.

Шаардын социалдык саясатынын артыкчылыктуу чөйрөлөрү болуп саламаттык сактоо жана мектеп/мектепке чейинки билим берүү маселелери саналат. Бул чөйрөдөгү болгон көйгөйлөр төмөнкү ыраатта болушу мүмкүн экендигин жагдайдын анализи көрсөттү:

а) ички миграцияны кошкондо шаардын тургундарынын өскөн санын камтый ала турган билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин санынын жетишсиздиги;

б) билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндө минималдуу муктаждыгын жабуу үчүн жетишсиз болгон финансылык ресурстардын туруктуу дефицити;

в) шаардык бийликтер менен мамлекеттик органдардын (Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрликтеринин) ортосундагы өнөктөштүк, координацияланган аракеттердин жоктугу шаардыктарга көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын төмөндөтүүгө алып келет;

г) билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине ЖОЖдордон келген кадрлардын төмөн потенциалы.

Социалдык коргоо жаатында Бишкек шаарында жүргүзүлүп жаткан иш кедейчиликтин, ошондой эле калктын социалдык аяр катмарынын чегинде жашаган калктын, жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган.

Калкты социалдык коргоо маселелериндеги азыркы жагдай төмөнкү факторлор менен мүнөздөлөт:

1) 53,1 миң адам жашаганда эсепте 22,7 миң социалдык аяр үй-бүлөнүн, ошондой эле, 15477 ден соолуктун чектелүү мүмкүнчүлүктөрү менен балдардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн балдардын болуусу;

2) калктын социалдык аяр катмарынын санынын көбөйүү динамикасы. Ошентип, 2010-жылдан тартып социалдык аяр үй-бүлөлөрдүн саны 6,2%га. 2010-жылы 21055 үй-бүлөдөн (46148 адам) 2013-жылы 22368 үй-бүлөгө чейин ( 53081 адам) көбөйдү;

3) Бишкек шаарынын бюджетинин жалпы чыгымдарына карата мамиле боюнча социалдык коргоого бөлүнүүчү каражаттардын үлүшүнүн төмөндөөсү менен мүнөздөлгөн финансылык ресурстардын чектелгендиги: 2011-жылы - 5,0%, 2012-жылы - 4,3%, 2013-жылы - 3,6%.

Бишкек шаары үчүн олуттуу көйгөй болуп тобокел топторунун жарандарынын санынын өзгөчө өсүүсү: балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү; эркинен ажыратуу орунунан бошотулгандар; турак жайын жоготкондор; иш издеп башка региондордон иштегенге келген мигранттар. Сапаттуу анализ бул категориядагы адамдардын негизги көйгөйү - бул үйсүздүк. Үйү жок адамдарды алдын-алуу жана социалдык реабилитациялоо маселелери шаардын өзгөчө катуу жана оор социалдык көйгөйү.

Саламаттык сактоонун жана билим берүүнүн жаңы объекттерин эксплуатацияга киргизүү маселелери боюнча эң эле курч жагдай пайда болду. 2012-жылы Бишкек шаарында 1370 орунга гана билим берүү мекемелери эксплуатацияга киргизилген. Ошону менен бирге, өлкө боюнча жалпысынан 13462 орун жалпы саны менен мектептер эксплуатацияга киргизилген. Бул көрсөткүч боюнча Бишкек шаары республикада 5-орунду гана ээлейт, ошону менен бирге шаарда бардык окуучулардын 12%ы окушат.

Андан да татаал жагдай саламаттык сактоо жаатында пайда болду. 2008-жылдан 2012-жыл мезгилинде ооруканаларда болгону 30 кошумча орун эксплуатацияга киргизилген. 2012-жылы өлкөдөгү алмаштырууга 734 амбулаториялардын/бейтапканалардын кошумча келүүлөрүн эксплуатацияга киргизилгендерден Бишкек шаарынын үлүшүнө болгону 20сы туура келет.

Мындай көрсөткүчтөр Бишкек шаарындагы билим берүү жана саламаттык сактоо сыяктуу негизги социалдык чөйрөлөрүндөгү бышып жетилген системалык кризис жөнүндө айтып турат.

III глава. Бишкек шаарынын стратегиялык көрүнүүсү - 2018-жыл

5. Шаардыктардын баалуулугу жана шаарды өнүктүрүүнүн багыттары

Шаардын келечектеги көрүнүүсүн, анын проблемаларын, анын өнүгүүсүндөгү шаардыктардын ролун талкуулоо 20+фокус-топтордун, семинарлардын, тегерек столдордун деңгээлинде 40+жеке интервьюлар, 10+ачык талкуулоолор аркылуу жүргүзүлгөн. Шаардыктарга "Шаар жана шаардыктар" борбор шаарды өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары" документин иштеп чыгууга катышуу аркылуу шаарды өнүктүрүүдө өз салымдарын кошуу үчүн мүмкүндүк камсыздалган. Документти даярдоо процессинин бардык стадияларында утурумку жагдайды жана шаардык кызматтардын потенциалын анализдөө жаатында бир топ салым кошкон Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышышты.

Бишкек шаарын көрүнүүсүнүн негизинде "Шаар жана шаардыктар" борбор шаарды өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары" документин иштеп чыгуу процессинде шаардыктар белгилеген төмөнкү баалуулуктар түзөт:

а) активдүү турмуштук позициясы менен шаардыктардан турган мыйзамды жана этикалык ченемдерди сактаган шаардык коомчулук;

б) бизнести жүргүзүү, билим алуу, дарылануу жана туризм үчүн жагымдуу шаар;

в) кызматтарга (адам укуктарын сактоо, социалдык акыйкат) бирдей мүмкүндүктү камсыздоочу жана эркин өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүк берүүчү жооптуу жергиликтүү бийлик;

г) теңдештирилген, аутенттүү архитектурасы, кызыктуу жерлери жана жеткиликтүү коомдук мейкиндиктери менен жашоо үчүн экологиялык таза, коопсуз жана жайлуу шаар.

Бишкек шаарынын жагымдуулугунун негизги факторлору - бул башкаруунун реформаланган системасы, коомдук мейкиндиктерди (жалпы пайдалануудагы жерлер) реабилитациялоо, кызматтардын жана эс алуу, шаардык жана улуттук үрп-адаттарга негизделген маданият чөйрөсүн колдоо.

Бишкек шаары регионалдык кызматташтыктын потенциалын ишке ашырат, ошондой эле меймандос шаар - туристтик Кыргызстандын борбору болот.

Бишкек шаарынын көрүнүүсү - шаардыктар, бийлик менен өнөктүктө эл жашаган жайлуу чөйрө түзө турган ачык мүмкүнчүлүктөрдүн шаары. Бишкек шаары - динамикалуу экономикасы жана натыйжалуу башкаруусу менен шаар.

6. Өнүгүү артыкчылыктары

Өнүгүү артыкчылыктары өзүнө биз келечекте күткөн перспективдүү жетишкендиктер сыяктуу, утурумдук жана артыкчылыктуу маанидеги милдеттерди, келечектеги багыттарды жетишүүнү камсыздаган чечимдерди камтыйт.

Сүрөт

Артыкчылыктар келечектеги Бишкек шаарынын көрүнүүсү менен шаарды ишке ашырыла турган конкреттүү долбоорлордун ортосундагы байланыштыруучу звено болуп саналат. Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн негизги үч багыты шаарда өзгөрүүлөрдү жайылтуунун өзгөчө инструменти болуп саналат, күчтөрдү жана ресурстарды чогултуу керек болгон эң маанилүү участокторду аныктайт. Улуттук мааниси бар, республикалык маанидеги ресурстарды тартууну талап кылган маанилүү, эң кеңири социалдык жана экономикалык маселелер шаарды өнүктүрүү стратегиясынын чегинде чечилүүсү мүмкүн. Артыкчылыктарды аныктоодо көйгөйлөрдү чечүүнүн потенциалдуу таасир этүү жана тездиги эске алынды. Ошентип, бул документтин артыкчылыктары Бишкек шаарынын мындан ары жаңыруусунун өзөгүн түзө турган шаардын үч маанилүү чөйрөсүнө багытталган жана келечекте мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрдүн толук кандуу, талашсыз көрүнүштү берет.

Бул артыкчылыктарды ишке ашыруу шаарды башкаруу системасын реформалоону жана жаңы бюджеттик саясатты түзүүнү талап кылат. Башкача айтканда, башкаруучу мүнөздөгү базалык маселелерди чечүүсүз артыкчылыктуу максаттарга жетишүүгө ишенүүгө болбойт.

"Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарынын өнүгүүсүнүн негизги стратегиялык артыкчылыктары:

1. Шаар жана шаардыктар.

2. Атаандаша алгыдай локалдуу экономика.

3. Шаардык чөйрөнүн сапаты.

Бул артыкчылыктар Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн негизги максаттарына жетишүүгө багытталган жана Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн жаңыртылган көрүнүүсүнө туура келет.

1-артыкчылык. Шаар жана шаардыктар

Көрүүнүн элементтери: Бишкек шаары - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптери ишке ашырылган жана шаардыктарга чечимдерди кабыл алууда, Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн жалпы милдеттерин ишке ашырууда жарандардын катышуусу үчүн шарттар түзүлгөн эркин элдин шаары. Бишкек шаарында борбор шаардын тургундарынын жаңы муундары кошула турган уникалдуу шаардык маданият бар.

Шаарды өнүктүрүүдө шаардыктарды коомдук колдоо жана тартуу стратегиялык багыттарды жайылтуунун ийгилигинин негизги фактору болуп саналат. Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн бул негизги векторлору шаарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди кабыл алуу процессинде катышуу үчүн шаардыктардын активдүү топтору үчүн шарттарды түзөт. Шаардык коомчулук шаарды өнүктүрүү программасын ишке ашырууда тартылган жана мында негизги роль ойногон башкаруу моделинин бул маанилүү элементи.

Стратегиянын артыкчылыктуу чөйрөсү болуп шаардык өнүгүү үчүн мүмкүн жана келечектүү болгон багыттар боюнча өз эркин айта турган жана шаардыктардын ишине таасирин тийгизе ала турган топторду бириктирүү жана институциялоо үчүн шарттарды түзүү зарылчылыгы саналат. Шаардык бийликтин жана шаардыктардын өнөктөштүгүнүн ийгиликтүү тарыхтары жайылтылышы керек. Бул шаардыктарга тажрыйба менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет, шаардык демилгелерди көрсөтөт, өз жашоосун уюштуруу тажрыйбасын таркатат. Бул контекстте шаардык коомчулуктун, шаардыктардын өздөрүнүн жана так жана боорукер бийликтин ролу маанилүү. Шаардын жашоосуна активдүү катышуу максатында калкты мобилизациялоо үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруусу керек:

1-кадам - шаардыктарга тийиштүү шаардык өнүгүү максаттарын коюууда жана шаардык өнүгүүнүн бардык программаларында жарандардын катышуусу.

2-кадам - кызыкдар тараптарды идентификациялоо. Кайта өзгөртүүлөрдө кызыккан жана тапкан бардык топтордун ишин жүргүзүү. Кызыкчылыктарды макулдашуу боюнча иштерди жүргүзүү.

3-кадам - чечимдердин альтернативдерин иштеп чыгуу. Шаарды өнүктүрүү принциптерине жана коомдук кызыкчылыктарга максималдуу жооп бере турган чечимдерди тандоо критерийлерин иштеп чыгуу.

4-кадам - шаардыктарды тартуу менен ортодогу жыйынтыктарды баалоо, продуктыларды, жыйынтыктарды, камтылган ресурстарды салыштыруу.

5-кадам - шаардыктарды тартуу менен жыйынтык көз карандысыз баалоо. Жыйынтыктардын шаардык угуулары.

6-кадам - максаттар менен жыйынтыктарды салыштыруу, өлкөнүн стратегиясын жана шаардыктардын кызыкчылыктарын эске алуу менен жаңы максаттарды коюу.

Ачык жана отчет берүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен активдүү шаардык коомчулукту түзүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу керек:

а) ТЖЭШнын, кварталдык, үй комитеттеринин деңгээлинде өнүгүү программаларын түзүү жана ишке ашыруу боюнча жарандардын активдүү тобунун ишин популяризациялоо;

б) депутаттык коомдук кабылдамалар аркылуу шаардыктар менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы кайтарма байланыштын жана байланыштын туруктуу азыркы системасын караган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну камсыздоо;

в) жергиликтүү коомчулук менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көтөрүлүүчү эң маанилүү көйгөйлөр боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын аткарылышын камсыздоо;

г) кварталдык, үй жана ТЖЭШнын деңгээлинде, калктын милдеттүү түрдө катышуусу жана жоопкерчилик деңгээлдерин бөлүштүрүү менен стратегиялык өнүгүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча программаларды иштеп чыгуу.

Күтүлүүчү натыйжалар:

1) шаардыктардын өнүгүү программаларын ишке ашырууга катышуусу шаардын өнүгүүсүнө өз салымын камсыз кылат;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шаардыктардын демилгесине жана муктаждыгына тез чара көрүүсү;

3) калктын бийликке ишенүү деңгээлин жогорулатуу.

Шаардык маданият.

Шаардык маданият калктын ар кандай шаардык социалдык катмарына жана топторуна бирге жашоо, ар кандай ачык иш-чаралардын жүрүшүндө маданий ченемдерди жана өз ара түшүнүүнү түзүү мүмкүнчүлүгүн берет, ар кандай топтордун (субкультура) өз маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө кызыкчылыкты туудурат. Шаарда жана шаардык мейкиндикте шаардык чөйрөнүн социалдык конфликттерин чечүүнүн, фестивалдарды, көргөзмө-концерттерди, инновациялык топтордун шоуларын өткөрүү жолу менен жаңы ченемдер жөнүндө макулдашуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгү бар. Башкача айтканда, шаардык маданият шаардыктардын толеранттуу, өз ара толуктоочу коомчулугун түзүү процессине кызмат кылат. Бул үчүн шаардык бийликке шаардыктар менен кызматташууну түзүүсү, шаардыктардын бардык демилгелери мэрия, шаардык кеңеш жана башка кызматтар тарабынан тийиштүү механизмдер менен байкоого жана колдоого алынуусу керек.

Жаңы шаардык маданиятты түзүү төмөнкү милдеттерди чечүү талап кылынат:

а) маданият чөйрөсү үчүн минималдуу муниципалдык стандарттарды жана социалдык ченемдерди иштеп чыгуу;

б) чыгармачыл ишмерлердин активдүү топтору тарабынан киргизилүүчү сунуштарды колдоо менен шаардык маданиятты түзүү жана пропагандалоо программасын иштеп чыгуу;

в) сапат көрсөткүчү болсо бардык кирешелерден 2%дан кем эмес көлөмдө маданиятты өнүктүрүү социалдык программаларын (долбоорлорун) колдоого каражаттарды Бишкек шаарынын бюджетинде карап чыгуу;

г) социалдык заказды, муниципалдык-жеке өнөктөштүктү аткаруу, донордук каражаттарды тартуу, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин каражаттарын пайдалануу принциптеринде шаардын конуштарында маданиятты өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу;

д) маданий индустрияны жана шаардын чыгармачылык чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн укуктук жана экономикалык шарттарды түзүү;

е) шаардыктардын жаңы муундарын, ички мигранттарды шаардык жашоого толук кандуу интеграциялоо программасын иштеп чыгуу.

2-артыкчылык. Атаандаша ала турган локалдуу экономика

Көрүүнүн элементтери: Бишкек шаары - инвестициялык жагымдуулуктун жогорку деңгээли менен бизнести тартуу борбору. Шаардын экономикасы - туруктуу, атаандаша ала турган, кызматтарды көрсөтүүгө багытталган экономика.

Регионалдык деңгээлде Бишкек шаарынын атаандаша алуусу туруктуу өнүгүүсү үчүн анын потенциалдуу мүмкүнчүлүгү менен аныкталат.

Бишкек шаарынын атаандаша ала тургандыгын мүнөздөөчү негизги факторлор:

а) шаардын өнүгүүсүнө катышууга каалоосу, мүмкүнчүлүгү жана потенциалы бар активдүү жарандык коомчулуктун болуусу;

б) калктын бош убакыты жана эс алуусу үчүн көрсөтүлүүчү кызматтардын өнүккөн тармагы. Жайлуу эс алуу үчүн шаар Борбордук Азиянын жагымдуу борбору болуп калат;

в) көп тилдүү, толеранттуу калк;

г) бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар, тажрыйбаны мындан ары таркатуу үчүн инновацияларды тестирлөө;

д) маалыматтык технологиялардын жогорку деңгээли, Интернеттин тез өнүгүүсү.

Атаандаша ала тургандыктын деңгээлин жогорулатуу шаардык коомчулуктан жана жергиликтүү бийликтерден шаарды өнүктүрүүгө стратегиялык мамилени талап кылат.

Атаандаша ала тургандыктын ийгиликтүү өнүгүүсүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) экономикалык иштин жаңы түрлөрүн кеңейтүү жана анын кээ бир сегменттерин адистештирүү;

2) шаардык коомчулуктун, бизнестин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнөктөштүк өз ара аракети;

3) инвестицияларды тарткан, бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;

4) коомдук мейкиндиктерди (жалпы пайдалануудагы жерлер) көрктөндүрүү жана кеңейтүү.

Рыноктук мамилелердин өзгөчөлүгү бизнес сыяктуу эле жергиликтүү бийлик органдарынын да активдүүлүгүн пайда болуусун талап кылат. Коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттердин чечилишин талап кылат:

- локалдуу экономиканы өнүктүрүү, анын ичинде ишкерликти өнүктүрүү маселелерин талкуулоо маселелери боюнча ишкерлер ассоциациясы жана кошундары менен кызматташууну активдештирүү;

- базарга чыгуу жана ишкерлердин иши үчүн минималдуу тоскоолдуктар менен бизнес чөйрөсүн түзүү, ошондой эле коррупция деңгээлин төмөндөтүү.

3-артыкчылык. Шаардык чөйрөнүн сапаты

Көрүүнүн элементтери: Шаардын тышкы көрүнүшүн сактоо жана жакшыртуу. Толук кандуу коомдук мейкиндиктер: бардык сейил бактар, аянттар жана коомдук мейкиндиктердин бардык түрлөрү "жаңы жашоо" алууда жана шаардын тургундары кварталдын масштабында коомдук мейкиндиктерди өнүктүрөт. Шаардык инфраструктура тургундар үчүн жайлуулуктун тиешелүү деңгээлин камсыздайт. Кабыл алынган чечимдердин ишке ашуусунун натыйжалуулугун жогорулаткан башкаруу системасы.

Жашыл жана сейил бак зоналары.

Шаардын "өпкөсү" гана болбостон, калкты эң маанилүү эс алуу жерлери болгон жашыл бак-дарактардын болуусу - Бишкек шаарынын негизги баалулуктардын бири.

Төмөнкү иш-чаралар жана милдеттер шаардын жашыл фондун сактоо үчүн стратегиялык маанилүү болуп саналат:

а) муниципалдык жерлерди натыйжалуу, пайдалануу боюнча программаларды, жер жана шаар курулуш кадастрын, жерге жайгаштыруу чиймелерди жана долбоорлорду бекитүү, Бишкек шаарынын Башкы планына ылайык жерлерди пайдалануу жана сактоо үчүн контролду жүзөгө ашыруу;

б) шаардын жашыл зоналарынын чектерин аныктоо, муниципалдык менчикте турган жерлердин ачык реестрин түзүү;

в) сейил бактарды, жашыл бак-дарактарды калыбына келтирүү жана шаарды жашылдандыруу боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу, бул багытта муниципалдык-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, коомдук уюмдарды жана шаардыктарды активдүү тартуу;

г) шаардын ирригация тармагын калыбына келтирүү жана алардын иштөөсүн камсыздоо;

д) шаардын жашыл бак-дарактарына карата тыкан мамиле кылууну пропагандалоо, сактоо, күтүү жана калыбына келтирүү боюнча коюлган талаптарды сактоо, мектеп жана мектепке чейинки мекемелерде жашыл бак-дарактарды кароо маданиятын жана практикасын түзүү.

Архитектура жана курулуш.

Толук архитектуралык көрүнүштү, балдар аянтчаларын, жашылдандыруу жана автомобилдик токтотмолорду, саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелерин уюштуруу үчүн жетиштүү мейкиндикти түзө турган шаардык аймакты комплекстүү кура берүү шаар курулушундагы артыкчылык болуп калуусу керек.

Шаар курулушу жана архитектура боюнча жаңы саясатты түзүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү керек:

а) шаар курулушу жана архитектура жаатында муниципалдык-жеке өнөктөштүк боюнча шаардык программаны иштеп чыгуу, инвесторлордун каражаттарын чогултуу;

б) архитектуралык эстеликтерди коргоо, архитектуралык стилдердин тарыхый улантуучулугун сактоо; архитектуралык эстеликтерди сактоо;

в) шаардык бийлик менен курулуш компанияларынын ортосунда өз ара пайдалуу мамилелердин негизинде кредиттөө жана баа түзүү боюнча инновациялык мамилелер менен социалдык турак жай программасын иштеп чыгуу жана жайылтуу;

г) жарандардын, бизнестин жана жергиликтүү бийликтин активдүү топторунун өнөктөштүктүгү механизмин пайдалануу менен өнөр жай зонасынын аймагында турган имараттарды жана шаардын бош турган имараттарын альтернативдүү пайдалануу.

Жер сатуу процессинин ачыктыгын камсыздоо жана шаарга жерлерди кайтаруу боюнча төмөнкү иш-чараларды көрүү керек:

1) эскизди иштеп чыгуу жана шаар курулуш кеңешине шаардыктардын катышуу практикасын киргизүү этабында долбоорлордун коомдук талкуулоолорун өткөрүү;

2) шаардыктардын кеңири тегереги үчүн Бишкек шаарынын Башкы планына жеткиликтүүлүктү камсыздоо;

3) Бишкек шаарынын Деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү;

4) Бишкек шаарында курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү;

5) Бишкек шаарынын шаар курулуш саясатын ишке ашыруу үчүн шаар курулуш ишинин мониторингин жүргүзүү.

Коомдук транспорт.

Жүргүнчү транспортунун ишин өнүктүрүү жана реформалоо алкагында эң маанилүү тапшырма болуп коомдук кызыкчылык менен транспорт ишканаларынын кызыкчылыктарын макулдашууну камсыздоочу ченемдик укуктук базаны түзүү, алардын укуктарын жана милдеттерин юридикалык жактан бекемдөө саналат.

Коомдук муниципалдык транспорт системасы шаардын калкынын бардык катмары үчүн шаардык активдүүлүктүн зонасын байланыштырат. "Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары" документи транспорттун ар кандай түрлөрүнүн ортосундагы оптималдуу баланска жетишүүнү, жолдордогу чыңалууну төмөндөтүүгө, көчөлөрдүн инфраструктурасын жакшыртууну сунуштайт. Муниципалдык транспорттун (автобустар жана троллейбустар) сапатын жакшыртуу жана тартуу зонасынын кеңейтүү шаар боюнча шаардыктардын жайлуу жүрүүсү үчүн автомобилдик транспорттун альтернативдерин түзүү максатында жана шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртуу үчүн керек.

Коомдук жана жеке транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөрдү ташуу коопсуздугун камсыздоо максатында ташуучуларга техникалык каражаттарынын абалына жана эксплуатациялоосуна, ташууда техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча талаптарды аткаруусуна, транспорт каражаттарынын техникалык абалын диагностикалоонун заманбап системасын жайылтууга контролду күчөтүү керек. Көчө-жол тармагын реформалоодо коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн кыймыл тилкесине артыкчылык берүү, жөө жүрүүчүлөр, велосипед менен жүрүүчүлөр үчүн шарттарды түзүү керек.

IV глава. Шаарды башкаруу

7. Муниципалдык башкаруу системасын өзгөртүп уюштуруунун милдеттери

Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаарынын динамикалуу өнүгүү процесси аны башкаруу боюнча жаңы милдеттерди коет. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдына коюлган бүгүнкү негизги милдет - бул бийликтин жана башка шаардык топтордун кызыкчылыктарынын балансын камсыздоого, алардын күчтөрүн жана ресурстарын борбор шаардын өнүгүүсүнө бириктирүүгө ылайыктуу заманбап шаардык башкаруунун жогорку натыйжалуу системасын түзүү. Жарандардын ишеним деңгээлин жогорулатуу Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максималдуу даярдыгына негизделет, жарандардын сурамаларына жана керектөөлөрүнө жооп берет.

Аймактык уюмдардын ишин жана ыйгарым укуктарын күчөтүү жана алардын ишине жарандардын ишенимин жана алардын ишине жарандардын тартылуусун жогорулатуу аркылуу Бишкек шаарынын кээ бир аймактарын башкаруунун формаларынын ар түрдүүлүгү керек.

Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн потенциалын өнүктүрүү төмөнкү милдеттерди камтыйт:

а) шаардык башкаруу системасын, анын ичинде аймактык башкарууну өнүктүрүү;

б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык сектордун түзүмдөрү менен шаардык башкаруунун сапатын жакшыртуу, шаардык өнүгүү жана шаардык саясаттын варианттарын коомдук макулдашуу көйгөйлөрүн талкуулоо боюнча өз ара аракеттерин уюштуруу.

Күтүлүүчү натыйжалар:

1) жарандардын алдында аймактык кызматтардын отчет берүү жана өз функцияларын аткаруу үчүн жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу;

2) аймактык кызматтардын мүмкүнчүлүктөрү жана ыйгарым укуктары муниципалдык кызматтарды көрсөтүү сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

8. Жаңы бюджеттик саясатты түзүү

Жаңыртылган бюджеттик саясаттын максаты - Бишкек шаарынын бюджетин түзүү жана аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздеринин принциптерине жана финансылык өз алдынчалуулукка туура келүүсү керек.

Коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттер түзүлгөн:

а) борбордук мамлекеттик органдар менен макулдашылган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ортосундагы чыгым милдеттенмелерин бөлүштүрүүнү ченемдик бекитүү;

б) жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүмүн түзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдар ыйгарым укуктарынын, стратегиялык артыкчылыктардын жана өнүгүү программаларынын негизинде жүзөгө ашыруу;

в) жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн прогноздоо жана пландоо экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөргө негизделген реалдуу эсептерге ылайык камсыздоо;

г) эки жыл ичинде өнүгүү максаттарына (программалык бюджеттөө) жетишүүгө негизделген бюджетти түзүүгө өтүү. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңешке жана шаар калкына конкреттүү индикаторлорду көрсөтүү менен максаттуу программалардын негизинде программалык форматта анын аткарылышы боюнча бюджеттердин долбоорлорун жана отчетторду берсин;

д) 2014-жылдын ичинде шаардык бюджетке түшүүчү, салыктардын кээ бир түрлөрү боюнча салыктык укук мамилелердин ЖӨАБ органдары тарабынан аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарынын аткарылышын камсыздоо;

е) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун ченемдик актыларындагы бул мамилени легализациялоо менен коомчулуктун демилгесине негизделген жергиликтүү бюджетти түзүүнү камсыздоо;

ж) жаңы бюджеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча коммуналдык инфраструктурага бюджеттик чыгымдардын артыкчылыгын белгилөө;

з) жарандык коом тарабынан бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугунун мониторинги жана баалоо системасын иштеп чыгуу;

и) бюджеттик процесстин (иштеп чыгуу жана жарыялоо процессин кошо) жана ЖӨАБнын жарандардын алдында жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча отчеттуулугунун ачыктыгын туруктуу негизде камсыздоочу эрежелерди мыйзамдуу бекитүү;

к) Жарандык бюджетти туруктуу негизинде иштеп чыгуу жана жарыялоо практикасын жайылтуу.

Күтүлүүчү натыйжалар:

1) шаардын жашоо-тиричилигиндеги артыкчылыктуу чөйрөлөрдү каржылоонун өсүүсү;

2) Бишкек шаарынын бюджетинин кирешелеринин өсүүсү;

3) бюджеттик каражаттарды чыгымдоонун натыйжалуулугунун өсүүсү;

4) көрсөтүлүп жаткан кызматтарга калктын канааттануу деңгээлин жогорулатуу.

9. Турак жай-коммуналдык чарбаны башкаруу системасын өркүндөтүү

Турак жай-коммуналдык чарбасын реформалоодогу негизги талап - бул турак жай-коммуналдык чөйрөдөгү жана турак жайды жана үй алдындагы аймактарды ремонттоо жана күтүү чөйрөсүндөгү кызматтардын жабдып туруучуларын эркин тандоого шаардыктардын укуктарын ишке ашырууну камсыздоо болуусу керек.

Рынок мамилелеринин шарттарында жана монополдук субъекттердин таасирлерин чектөө максатында төмөнкүлөр керек:

а) кызматтарды көрсөтүүчү монополдук жабдып туруучулар менен тейлөөчү компаниялардын ортосундагы ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти чектөөнүн негизинде турак жай-коммуналдык кызматтарды берүү процессин "демонополизациялоо" жүргүзүү;

б) муниципалдык заказ, муниципалдык мүлктү жана коммуналдык тармакты ижаралоо түрүндө турак жай-коммуналдык чөйрөсүндөгү жеке секторду тартуу механизминин ар түрдүүлүгүн, ийкемдүү тариф саясаты жана башка жеке секторго кирүүнүн теңдеш конкреттүү мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздоо;

в) муниципалдык коммуналдык кызматтарды реформалоо боюнча тармактык комплекстүү мамиле кылууну жайылтуу;

г) жалпы элдик кызматтарга (мамлекеттик, муниципалдык, коммерциялык) калктын түздөн-түз алар жашаган аймакта мүмкүнчүлүгүн камсыздоо;

д) калк-ЖӨАБО - жеке бизнес келишимдик мамилелерди аткаруу шарттарын кароо жана көрсөтүлүп жаткан кызматтарга калктын канааттануу деңгээлин баалоо аркылуу турак жай-коммуналдык кызматтарды жабдып туруучулардын ишин баалоо жана мониторинг системасын туруктуу негизде жайылтуу.

Күтүлүүчү натыйжалар:

1) шаардыктар сервистик кызматтарга альтернативдик мүмкүнчүлүк ала алышат;

2) кызматтарды көрсөтүү үчүн жооптуу муниципалдык ишканаларга жана мекемелерге жүк азаят;

3) көрсөтүлүп жаткан кызматтарга жарандардын канааттануу деңгээли жогорулайт.

10. Калкты социалдык коргоонун менчик, муниципалдык саясатын түзүү

Калктын социалдык коргоо боюнча менчик шаардык саясатын түзүү, ошондой эле башка социалдык кызматтарды берүү бул чөйрөдө мамлекеттик органдар менен Бишкек шаарынын ЖӨАБ органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти чектөөгө негизделет. Бишкек шаарында социалдык саясатты түзүүдө негизги болуп төмөнкү жоболор саналат: (1) мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкагында өзгөчө социалдык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөк көрсөтүү зарылчылыгы жана (2) социалдык жардамда шаардыктардын кошумча керектөөсүн канааттандырууга негизделген шаардык социалдык программаны иштеп чыгуу.

Шаардын социалдык саясатында жаңы мамилелерди түзүү төмөнкү милдеттерди чечүүнү талап кылат:

а) башкаруунун муниципалдык түзүмдөрүн кайра өзгөртүп уюштуруу менен социалдык коргоо боюнча мамлекеттик саясаттын ыйгарым укуктарын борбордук мамлекеттик органдын карамагына өткөрүп берүү;

б) калктын аяр катмарын колдоонун жеке шаардык социалдык программасын иштеп чыгуу;

в) профилактикалык ишти персонификациялоону (анын керектөөлөрү менен конкреттүү инсанга багыттоо) жүргүзүү;

г) социалдык иштин субъективдүүлүгүн (социалдык иштин кардары профилактикалык процесстин активдүү катышуучусу болуусу керек) күчөтүү.

Бул иш калктын аяр катмарынын жана үйсүз адамдардын көйгөйү менен иштеген бардык шаардык кызматтардын, тийиштүү мамлекеттик органдардын максаттуулугун, координацияланган аракеттерин талап кылат.

Социалдык тобокел тобуна түшүп калууну алдын-алуу үчүн төмөнкү чаралар жүргүзүлөт:

1) кыргыз элинин эң мыкты үрп-адаттарын жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды, үйсүздүк көйгөйүн пропагандалоо, ошондой эле калк үчүн консультациялык-профилактикалык кызматтарды көрсөтүү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен идеологиялык жана маалыматтык ишти жүргүзүү;

2) балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн жана эркинен ажыратуу жерлеринен чыккандарды социалдык турак жай менен камсыздоо;

3) балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн жана эркинен ажыратуу жерлеринен чыккандарды социалдык коштоо механизмдерин жакшыртуу;

4) селсаяктыкты жана тиленчиликти алдын-алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Күтүлүүчү натыйжалар:

Жардамга муктаж адамдардын даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу:

Социалдык маселелерди башкаруу системасын оптимизациялоо;

Бюджеттик чыгымдарды оптимизациялоо.

11. Билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүү системасын реформалоо

Милдеттер шаардыктардын керектөөлөрүнө жана шаардык ресурстардын мүмкүнчүлүктөрүнө негизделген өнүккөн муниципалдык саламаттык сактоого жана муниципалдык билим берүүгө жетишүүгө багытталган. Иш программанын негизин түзө турган төмөнкү милдеттерди чагылдырылуусу керек:

а) муниципалдык мекеме статусун берүүнүн негиздүүлүгүнө Бишкек шаарынын саламаттык сактоонун жана билим берүүнүн бардык мекемелерин текшерүү жүргүзсүн;

б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды чектөө боюнча тийиштүү борбордук мамлекеттик органдар менен Бишкек шаарынын ЖӨАБ органдарынын ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыны кабыл алуу зарылчылыгын демилгелесин. 2017-жылга чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын саламаттык сактоо жана билим берүү системасын этап-этап менен реформалоону жүзөгө ашырсын;

в) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Бишкек шаарынын ЖӨАБ органдарынын ортосундагы өз ара мамилелердин жаңы шарттарына, ошондой эле шаардыктардын сапаттуу кызматтарга керектөөсүнө шаардык бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жана шаардык ресурстарга негизделген Бишкек шаарынын саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелери менен иштөөгө жаңы ыкма жайылтсын;

г) ЖӨАБ органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагында гана билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун муктаждыктарын каржылоону жүзөгө ашырсын.

Күтүлүүчү натыйжалар:

Билим берүү жана саламаттык сактоо системасын реформалоонун натыйжасында калк бир жагынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиктери менен, экинчи жагынан шаардын кошумча ресурстары жана мүмкүнчүлүктөрү менен чыңдала турган эң сапаттуу кызматтарга туруктуу мүмкүнчүлүк алат.

V глава. Башкаруу

12. Шаардыктар шаардын өнүгүүсүн башкарат

Бишкек шаарында стратегияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу тажрыйбасы жооптуу түзүмдөр тарабынын анын жоболорунун аткарылышын камсыздоого багытталган стратегия менен башкаруу системасынан алардын көпчүлүгүнүн ийгиликтүү аткарылышы байланыштуу экендигин көрсөттү. Ошону менен бирге, ар бир жаран шаардын негизги өнүгүү стратегиялык багыттарынын ишке ашуусуна катышуу мүмкүнчүлүгүн алганы маанилүү.

Мындан тышкары, стратегиянын артыкчылыктарынын канчалык аткарылышы көйгөйлөрдүн чечилишине таасир этээрин жана жарандардын жашоосунун жакшыруусуна алып келээрин кароо маанилүү. Стратегияны ишке ашыруунун негизги звеносу болуп баалоонун объективдүү индикаторлорун таба турган жана шаардын жашоосунда реалдуу жакшыруулардын өзөгүн түзө тургандарды пайдалануу менен мониторинг жана баалоо инструменти саналат. Туруктуу баалоонун жүрүшүндө шаардыктар жана шаардык бийликтер сунушталган чаралардын кайсынысы максатына жетти, кайсылары жеткен жок жана кайсы себептер менен экендигин аныктай алышат.

"Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары" документин ишке ашыруунун негизги өнөктөштөрү аныкталды:

Шаардык коомчулук берилген стратегиялык артыкчылыктар менен коомдук макулдашуунун негизинде бизнес менен бийликтин өнөктөштүктө долбоорлорду ишке ашырат. Шаардын өнүгүүсүнө кызыкдар активдүү шаардыктар короону/районду/шаарды өнүктүрүү үчүн өз тажрыйбаларын кызыккан тараптарга бөлүшүшөт. Жарандар өз кызыкчылыктарын коргоо боюнча активдүү позицияларга ээ, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан ачыктыкты жана отчеттуулукту талап кылат.

Жергиликтүү кеңештин демилгелүү депутаттары калктын кызыкчылыгын чагылдыруу менен Бишкек шаарынын өнүгүү саясатын түзөт. Жоопкерчиликтин жогорку деңгээлине ээ болуу менен жергиликтүү кеңеш калк алдында өнүгүү пландарынын аткарылышы үчүн туруктуу негизде отчеттуулугун камсыз кылат.

Бишкек шаарынын мэриясынын кесипкөй, жоопкерчиликтүү кызматкерлери жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери шаардык кеңеш менен жергиликтүү коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашырат. Жайлуу жашоону камсыз кылуучу, кызматтарды көрсөтүүнүн сапаты жана өз убагында болуусу менен калк тарабынан канааттануунун жогорку деңгээлин камсыздайт.

"Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары" документин ишке ашыруунун ийгилиги аны ишке ашырууну камсыздоо боюнча башкаруу чечимдерине байланыштуу. Коюлган милдеттерге ырааттуу жана так ылайык келүү үчүн шаардыктардын кызыкчылыктарын эске алуу менен жыйынтыктар боюнча башкарууга өтүүгө жетишүү менен кызыкдар жана жооптуу түзүмдөрдүн аракеттерин макулдашуу керек

"Шаар жана шаардыктар" стратегиялык артыкчылыктар менен туруктуу башкаруу үчүн Коомдук кеңеш түзүлөт.

Коомдук кеңеш төмөнкү тапшырмаларды чечет:

а) жобо, регламент, функциялар, кадрларды кайра окутуу, ченемдик укуктук актылардын жардамы менен жаңы киргизүүлөрдү бекитүү түрүндө мэриянын жана шаардык кеңештин иш процессинде стратегия пункттарын киргизүү менен байланышкан ишти координациялоо;

б) Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыккан борбор шаардын өнүктүрүү стратегиялык артыкчылыктарын ишке ашыруу программасын анализдөө;

в) "Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары" документин ишке ашыруу программасын кароо: ишке ашырууда жооптуу тараптардын салымын анализдөө жана баалоо;

г) "Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары" документин түзүү, мониторинг жана баалоо системасын контролдоо, отчетторду анализдөө, Бишкек шаардык кеңешке маалымат берүү;

д) жыл сайын көз карандысыз компания тарабынан стратегияны баалоону өткөрүү процедурасын жайылтуу жана баалоону жүргүзүү жыйынтыктарынын коомдук угууларын өткөрүү жана кабыл алынган системага баалоо жыйынтыктарын киргизүү.

"Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары" документин ишке ашырууну контролдоо боюнча Коомдук кеңештин иши жөнүндө жобо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

13. Мониторинг жана баалоо

Башкаруунун толук циклинин бөлүгү болуу менен стратегиянын мониторинги жана баалоо кийин кабыл алынуучу чечимдерде чагылдырылуучу иштелип чыккан максаттарга жана индикаторлорго ылайык өзүнө анык маалыматтарды камтыйт.

Башкаруу цикли:

Сүрөт

Баалоонун натыйжалары боюнча башкаруу баалоонун жыйынтыктарына жана циклдин башынан тартып аракеттердин аткарылышына гана эмес, бардык этаптардын чегинде тартылган бардык тараптар жыйынтыктарга жетишүүсүнө борборлошкондой аракеттенет. "Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары" документин баалоо жана мониторинг жүргүзүүнү контролдоо Коомдук кеңешке жүктөлөт. Мониторинг жана баалоо системасын жайылтуу боюнча иши Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Шаарды өнүктүрүү агентствосу тарабынан иштелип чыга турган "Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктары" документин баалоо жана мониторинги тууралуу" жобого негизделет.

Мониторинг жана баалоо көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтар топтомун иштеп чыгуу керек. Маалыматтарды топтоо боюнча адекваттуу процесстер стратегиянын мониторингин башкаруу үчүн, иштин оң жана терс натыйжалары тууралуу маалыматтар менен чечим кабыл алуучу жактарды өз убагында камсыздоо жана такталган маалыматтын негизинде чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүү өтө маанилүү.

"Шаар жана шаардыктар" Бишкек шаарын өнүктүрүү стратегиялык артыкчылыктарын жыл сайын баалоону жүргүзүү жагдайлардын жакшыруу динамикасына карата таасир этүүгө көмөк көрсөтөт, ошондой эле, шаар тургундарынын шаар бийлигине болгон ишенимин калыбына келтирүүгө жардам берет. Чечимдерди кабыл алуунун бардык учурларында маалыматтарды топтоо, маалыматтарды анализдөө жана чечимдерди кабыл алуу ишке ашырылуусу зарыл.

 

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси

 

Э.Нурдавлетов