Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

2013-2014-жылдары жылуулук

мезгилинин өтүүсү  жөнүндө

         Бишкек шаарынын коммуналдык кызматтарынын “2013-2014-жылдары жылуулук мезгилинин өтүүсү  жөнүндө”  отчётторун карап чыгып, турак жай-коммуналдык чарба  жана отун - энергетикалык комплекси маселелерине тийиштүү Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун жетишсиз аткарылышын эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын коммуналдык кызматтарынын “2013-2014-жылдары жылуулук мезгилинин өтүүсү  жөнүндө”  отчёттору эске алынсын.
  2.  Бишкек шаарынын мэриясы:

а)  аткаруу тартибин бекемдөө боюнча таасир этүүчү чара көрсүн;

            б) Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү токтомдорунун аткарылышын камсыз кылсын:

- 2009-жылдын 2-декабрындагы №117 “Бишкек шаарынын керектөөчүлөрү тарабынан отун-энергетикалык жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө”;

- 2009-жылдын 2-декабрындагы №123 "Бишкек шаарынын аймагында энергия сактоо программаларынын максаттуу расчёттук эсебинин каражаттарын түзүү жана чыгымдоо жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө”;

- 2007-жылдын 15-октябрындагы №356 “Бишкек шаарынын имараттары үчүн энергия натыйжалуулугу боюнча муниципалдык программа жөнүндө”;

- 2009-жылдын 30-апрелиндеги №70 “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2006-жылдын 31-январындагы N 158 "Бишкек шаарындагы турак жай фондун техникалык жактан тейлөө чөйрөсүндөгү иштин абалы жана аны нормалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө", 2006-

- жылдын 11-июлундагы N 219 "Бишкекжылуулукэнерго" КИси,"Бишкексууканал" ӨЭБсы, "Кыргызгаз" АКнын Бишкек шаардык газ чарбасы тарабынан калк менен түзүлгөн энергия жабдуу келишимдеринин аткарылышы жөнүндө" токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”.

 

3. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы №287 “Бишкек шаарынын коммуналдык кызматтарынын 2011-2012-жылдары жылуулук мезгилге даярдыгы жөнүндө” токтому контролдон алынып салынсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловго, Бишкек шаарынын вице-мэри Т. М. Имашовго жана Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

18-декабрь 2014-жыл, №68