Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын

19-ноябрындагы №47 “Бишкек шаарынын

врач-педиатрынын  депозитижөнүндө” жобону

бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

         Бишкек шаардык кеңештин регламентин,  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы №47 “Бишкек шаарынын врач-педиатрынын депозити жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтомунун киришмеси төмөнкү редакцияда берилсин:

 “Жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн ишке тартуу жана иштеп калуусун бекемдөө, Бишкек шаарынын жаңы конуштарын жана Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасын, балдарга дарылоо иштерин алдын-алууну камсыздоочу  врач-педиатрлар, врач-неонатологдор жана  врач-реаниматологдор менен комплектөө, жаш медициналык кызматкерлерге финансылык жактан колдоо көрсөтүү, жаш адистердин иштөөсү үчүн социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш”.

  1.   Жобонун 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“Депозиттин максаты - бул кадр маселесин чечүү, тактап айтканда шаардын жаңы конуштарын жана Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасын (мындан ары - ШМТЖБКО), врач-педиатрлар, врач-неонатологдор жана врач-реаниматологдор менен камсыздоо болуп саналат.”.

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына      (Сариев А. Т.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри                        М. А. Исмаиловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин

төрагасы  

                                                                      М. А. Аманкулов

Бишкек шаары,

22-май 2014 жыл, №79