Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

2014-жылга Бишкек шаарынын

бюджетин бекитүү жана 2015-2016-

жылдарга болжолу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" мыйзамынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылга карата кирешелер жана чыгашалар боюнча Бишкек шаарынын бюджети 7 074 815,0 миң сом суммада бекитилсин, анын ичинен:

- 4 917 421,0  миңсом - шаардык бюджет;

- 561 138,3     миңсом - Ленин районунун бюджети;

- 557 446,6     миңсом - Октябрь районунун бюджети;

- 489 658,7     миңсом - Биринчи май районунун бюджети;

- 549 150,4     миңсом - Свердлов районунун бюджети.

2. 2015-2016-жылдарга карата Бишкек шаарынын бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:

1) кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол 2015-жылга карата 7 637 311,0 миң сом суммасында, 2016-жылга карата 8 394 503,0 миң сом суммасында;

2) 2015-2016-жылдарга карата жактырылган шаардын бюджетинин болжолдук параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда такталууга тийиш.

3. Бишкек шаарынын 2014-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү жана 2015-2016-жылдарга карата болжолу 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.

4. 2014-жылга карата шаардын бюджетинин чыгашаларын жана 2014-2015-жылдарга карата болжолун каржылоого карата каражаттар 2, 2-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.

5. 2014-жылга карата чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча чыгашаларды (айлык акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактандыруу, даректүү социалдык жардам, акчалай камсыздоо, стипендиялар) жана коммуналдык кызматтарды каржылоо жүргүзүлөт.

1) Бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы вакансияларга жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга байланыштуу чыгашалардын корголгон статьялары азайтылышы мүмкүн.

2) Чыгашалардын статьяларынын максаттык пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелерге жана муниципалдык ишканаларга жүктөлөт.

6. 2013-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2014-жылга карата бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана анын чегинде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.

7. Бишкек шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2014-жылдын 1-январына карата 600,0 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде шаардык бюджет боюнча 200,0 миң сом жана райондук бюджеттер боюнча 100,0 миң сомдон суммада бекитилсин.

8. 2014-жылга карата пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн төмөндөгүдөй ченемдери бекитилсин:

а) салык агенти тарабынан төлөнүүчү жеке киреше салыгы, жер казынасын пайдалангандык үчүн салык, сатуудан алынган салык, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык, мүлк обьекттерине карата салык, жер салыгы,  таштандыларды ташып чыгаруу үчүн салык боюнча:

Ленин районуна - 26,0%;

Октябрь районуна - 30,3%;

Биринчи май районуна - 11,6%;

Свердлов районуна - 24,6%;

б) юстиция органдары тарабынан алынган мамлекеттик алымдар, администрациялык укук бузуулар үчүн мамлекеттик органдар тарабынан салынган айып акылар, ар кандай салыктар жана жыйымдар, Бишкек шаарынын ЭЭЗсынан алынган салык жана салыктык эмес түшүүлөр – 100% шаардык бюджетке.

9. Атайын каражаттардын сметаларында бекитилген суммадан ашык түшүүчү бюджеттик мекемелердин кирешелери толугу менен тийиштүү бюджеттин кирешесине алынат.

10. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык системасынан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Бул көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100% тийиштүү бюджеттин кирешесине кайтарып алынат.

11. Бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттык дайындалышынан башкага пайдаланылган шаардын бюджетинин каражаттары тийиштүү бюджетке кайтарып алынууга жатат.

12. 2014-жылга карата шаардын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөндөгүлөр белгиленсин:

1) жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларынын эмгек акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдикке ай сайын 2800 сомго чейинки үстөк акы (100 окуучуга чейин - 450 сом, 100дөн 600 чейин 1000 сом, 600дөн 1200 чейин - 1600 сом, 1200дөн 1800 чейин - 2200 сом, 1800дөн жогору - 2800 сом);

2) балдар музыкалык мектебинин жаш адистерине ай сайын 500 сом үстөк акы;

3) карылар үйүнүн, мүмкүнчүлүктөрүчектелүүадамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, "Коломто" муниципалдык мекемесинин жана "Ардагер" пансионунун кызматкерлерине ай сайын 1 кызматкерге 1650 сом эсебинде үстөк акы;

4) Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлеринин айлык акыларына ай сайын 1 кызматкерге 2000 сом эсебинде үстөк акы;

5) Бишкек шаарынын мэриясынын Маданиятжана туризмбашкармалыгынын үйлөмө аспап, симфония оркестрлеринин, элдик аспаптар оркестринин, "Семетей", "Доор", "Сувенир" ансамблдеринин жана "Кыргыз руху" фольклордук ансамблинин, "Акак" комузчулар ансамблинин, Бишкек шаардык драм театрынын негизги жана инженердик-техникалык персоналдарынын айлык акыларына ай сайын 1 кызматкерге 2500 сом эсебинде үстөк акы;

6) билим берүү жана маданият мекемелеринин борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлерине ай сайын 2000 сомдон үстөк акы;

7) шаардык маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин айлык акыларына ай сайын төмөндөгүдөй үстөк акы:

мэриянын, шаардык кеңештин жетекчилерине 1000 сомдон;

шаардык финансыбашкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча казыначылыктын регионалдык бөлүмүнүн жетекчилерине 2750 сомдон;

шаардык каржы башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча казыначылыктын регионалдык бөлүмүнүн, МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмүнүн, Шаардык мамлекеттик архивдин, Материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлерине 2000 сомдон;

мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүнжетекчилерине, кызматкерлеринежана башка кызматкерлерине, шаардык кеңештинбашка кызматкерлерине,башкаруу органдарын тейлеген айдоочуларга4000 сомдон;

муниципалдык аймактык башкармалыктардынкызматкерлерине 3000 сомдон;

8) райондук маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин айлык акыларына ай сайын төмөндөгүдөй үстөк акы:

администрациялардын жетекчилерине 1000 сомдон;

райондук билим берүү борборлорунун аппараттарынын кызматкерлерине, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлерине жана райондук администрациялардын башка кызматкерлерине 3000 сомдон;

финансы органдарынын, казыначылыктын регионалдык бөлүмдөрүнүн, МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине 1500 сомдон;

9) райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик-учеттук персоналдарынын, укук коргоо органдарынын жалданма курамынын кызматкерлеринин айлык акыларына ай сайын 500 сомдон үстөк акы;

10) билим берүү, социалдык өнүгүү, маданият, спорт уюмдарынын башка кызматкерлеринин жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, автотоктотмолор жана авто коюу жайлар дирекциясынын кенже тейлөө кызматкерлеринин айлык акыларына бир кызматкерге ай сайын 1000 сом эсебинде үстөк акы;

11) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин айлык акыларына ай сайын төмөндөгүдөй үстөк акы:

- дарыгерлерге, орто жана башка персоналдарга 1 ставкага 1000 сом эсебинде, бирок бир кызматкерге 1000 сомдон ашпаган суммада;

- кенже медициналык персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок бир кызматкерге 1500 сомдон ашпаган суммада;

12) Билим берүү башкармалыгынын медициналык-педагогдук комиссияларына 1 кызматкерге 1500 сом эсебинде ай сайын үстөк акы;

13) медициналык тез жардам автомашиналарынын айдоочуларына ай сайын 1 кызматкерге 2000 сом эсебинде үстөк акы.

13. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен тамактандырууга карата төмөндөгү ченемдер белгиленсин:

1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:

- 3 жашка чейинкикурактагыбалдар үчүн-29,00 сом;

- 3төн 7 жашка чейинкикурактагыбалдар үчүн - 30,00 сом;

2) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында- 57,00 сом;

3) кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада- 95,00 сом;

4) жалпы билим берүү уюмдарындагыжетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн5-7-класстардагы балдары үчүн жалпы - 14,00 сом;

5) жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстардын балдары үчүн - 14,00 сом;

6) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн жалпы билим берүү мектептеринде- 14,00 сом;

7) Балдардын социалдык адаптациялоо борборунда, Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунда, Свердлов районунун кароосуз балдар үчүн приютунда- 70,00 сом;

8) Адистештирилген балдар үйүндө - 105,00 сом;

9) Шаардык перинаталдык борбордун жаңы төрөлгөн балдар үчүн бөлүмүндө-15 тен 25,00 сомго чейин;

10) Медициналык тез жардамдын шаардык балдар клиникалык ооруканасынын жаңы төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүндө бала эмизген энелер жана 1 жашка чейинки балдар үчүн- 30,00 сомдон;

11) шаардын стационардык уюмдарында- 60,00 сом;

12) стационардык кургак учукка каршы мекемелерде- 105,00 сом;

13)ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрүчектелүүадамдарүчүн шаардык реабилитациялоо борборунда-  35,00 сом;

14) жатып калган оорулууларга ысык тамак берүүгө - 60,00 сом;

15) белгилүү бир жашаган жери жок адамдарга тамак берүүгө - 35,00 сом;

16) мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына тамак берүүгө- 44,00 сом.

14. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен алынуучу дары-дармектерге карата төмөндөгүдөй бир күндүк ченемдер белгиленсин:

1) стационардык кургак учукка каршы мекемелерде-45,00 сомго чейин;

2) №1 жана №2 балдардын кургак учук мекемелеринде- 35,00 сомго чейин;

3) Кургак учукка каршы күрөшүү борборунда - 6,00 сомго чейин;

4) Бишкектеги травматалогия жана ортопедия илимий изилдөө борборунун хирургия жана травматология бөлүмүндө- 14,00 сомго чейин;

5) стационардык мекемелерде бир орун үчүн:

- терапевтикалык профилде - 5,00 сомго чейин;

- хирургиялык, реанимациялыктарда- 10,00 сомго чейин;

- гинекологиялык профилде-5,00 сомго чейин;

6) Адистештирилген балдар үйүндө- 8,00 сомго чейин;

7)Медициналык тез жардамдын шаардык балдар клиникалык ооруканасынын жана Медициналык - консультациялык кызматтар жана спорттук медицина борборунун травматологиялык пункттарында бир дарыгердик катышуучуга (мындан ары - 1 в/к)-6,00 сомго чейин;

8) Студенттер бейтапканасында 1 в/к-1,50 сомго чейин;

9) Медициналык - консультациялык кызматтар жана спорттук медицина борборунун спорттук медицина бөлүмүндө 1 в/к-5,00 сомго чейин;

10) Шаардык эндокринологиялык диспансерде 1 в/к- 3,00 сомго чейин;

11) Үй-бүлөлүк медицина борборунда 1в/к - 0,25 сомго чейин;

12) Медициналык тез жардам станциясында бир чакырууга - 20,00 сом;

13) стоматологиялык бейтапканаларда бир шарттуу эмгек бирдигине (шэб) - 0,50 сом;

14) стоматологиялык бейтапканаларга караштуу балдар ортодонтия бөлүмүндө 1 в/к- 4,00 сомго чейин;

15) Балдардын социалдык адаптациялоо борборунда, Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунда, Свердлов районунун кароосуз балдар үчүн приютунда- 2,00 сомго чейин;

16) мүмкүнчүлүктөрүчектелүүадамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда- 0,55 сомго чейин;

17) белгилүү бир жашаган жери жок адамдар үчүн - 6,50 сомго чейин.

15. 2014-жылга карата жарандардын турак жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө карата өздүк чыгымынын эң четки жол берилген үлүшү 16% өлчөмүндө белгиленсин.

16. 2014-жылга карата төмөндөгү чыгашалар бекитилсин:

1) мектепке чейинки балдар уюмдарында кыргыз тил мугалиминин бир ставкасын күтүүгө;

2) жалпы билим берүү уюмдарында башталгыч аскердик даярдык боюнча жетекчинин бир ставкасын күтүүгө;

3) Медициналык тез жардам станциясында "медициналык кызматкердин депозитине" карата үч жыл иштегендиги боюнча бир дарыгерге айына 6000 сом жана бир орто медициналык кызматкерге 5000 сом эсебинде 40,0 штаттык бирдигине;

4) Биринчи май районунун "Коломто" муниципалдык мекемесин күтүүгө;

5) Ленин, Октябрь жана Свердлов райондору боюнча 3 кечки жалпы билим берүү мектебин күтүүгө;

6) "SOS - Герман Гмайнер орто мектебинин", "SOS - Бишкек шаарынын балдар айылынын" бала бакчасынын чыгымдарын төлөөгө;

7) жеке -мамлекеттик еврей мектебинин коммуналдык кызматтары үчүн чыгымдарын төлөөгө;

8) "Сезим" кризистик борборунун коммуналдык кызматтары үчүн чыгымдарын төлөөгө;

9) Согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн ардагерлеринин кеңешин жана Бишкек шаарынын укук коргоо органдарын тейлөө үчүн чыгымдарын төлөөгө;

10) муниципалдык милициянын 782,0 штаттык бирдигин күтүүгө;

11) Бишкек шаарынын ИИББнын УКЖсындагы жана Кабыл алуу бөлүштүрүү жайындагы фельдшерлердин 2,0 штаттык бирдигин күтүүгө;

12) зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборун күтүүгө;

13) 3-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген типтүү штаттар тарабынан каралбаган 502,75 сандагы штаттык бирдик кызматтарды күтүүгө;

14) анык аскердик кызматка чакыруу жана жөнөтүү мезгилинде Республикалык топтоо пунктунун ишин камсыздоого;

15) коомдук-профилактикалык борборлордун ишин камсыздоого;

16) айыл - чарба каттоосун өткөрүүгө;

17) Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык, инженердик инфраструктуралар, тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого жана жамааттардын өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган стимулдаштыруучу (үлүштүк) гранттарды берүүгө;

18) Бишкек шаардык кеңештин фракцияларынын консультанттарын күтүүгө;

19) Бишкек шаарынын билим берүү мекемелериндеги “Жаш мугалим депозити” Программасын ишке ашырууга.

17. 4 - тиркемеге ылайык кварталдык, үй комитеттеринин, аксакалдар сотторунун төрагалары, үй алдындагы аймакты тазалоочулар жана ирригация тармактарынын мурап-техниктери үчүн келишимдик негизде акы төлөө белгиленсин.

18. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.

19. 5-тиркемеге ылайык "Алга-Бишкек" Футбол клубу" муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык эмгек акылар белгиленсин.

20. "Алга-Бишкек" Футбол клубу" муниципалдык мекемесинин футболчуларына ай сайын 10000 сом өлчөмүндө стипендия белгиленсин.

21. Кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн үстөк акы эсептөөдө, жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилген кошумча акылар эсепке алынбастыгы белгиленсин.

22. Жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы жана туруктуу профилдик комиссиясы менен макулдашуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан ишке ашырылат. Артыкчылыктуу болуп, календардык жыл ичинде эксплуатацияга берилүүсү пландаштырылып жаткан объекттер аныкталсын.

23. 2014-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү боюнча болжолдонгон көрсөткүчтөр ашыра аткарылган учурда, ашыра аткарылган сумма Бишкек шаардык кеңештин сессиясында бекитилүүсү белгиленсин.

24. 2013-жылы чыгашалардан ашкан кирешенин эсебинен түшкөн 19 199,7 миң сом сумма 6-тиркемеге ылайык багыттоого уруксат берилсин.

25. Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаментинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын сунуштарынын негизинде саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарын ремонттоо боюнча чыгымдардын титулдук тизмесин, ошондой эле жабдууларды алуу боюнча чыгымдарды түзүү тапшырылсын.

26. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, аппараттардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен сыйлык акы берүү, кызматтык эмгек акыларын жана аларга үстөк акыларды белгилөө укугу Бишкек шаарынын мэринде сакталсын.

27. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы   № 618 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, иштетүү жана жокко чыгаруу тартиби жөнүндө" жобого ылайык, шаардын бюджетине кошумча каражаттарды тартуу үчүн зарылчылыкка жараша муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүргүзүүгө уруксат берилсин;

б) Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы №288 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участогуна ижара укуктарын берүү тартибин жана шарттарын жөнгө салган жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык көрсөтүлгөн кызматтары үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Бишкекбашкыархитектура жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментине караштуу Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы алдындагы карыздарын төлөөгө карата каржылоо жүргүзүүгө уруксат берилсин;

в) Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарын аткаруу үчүн «Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө» маселени Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна киргизсин;

г) Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы менен бирдикте Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жаңы түзүмүнө жана штаттык расписаниесине ылайык Бишкек шаардык кеңештин “Бишкек шаарынын 2014-жылга бюджетин бекитүү жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” маселени Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна киргизсин;

д) Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен бирдикте Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясына чейин Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 24-октябрындагы № 334 "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин карамагына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн маселени чечсин;

е) жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин кошумча булактарынын эсебинен Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо департаментине жүрүүчү автофлюроаппарат сатып алуу үчүн 12 000,0 миң сом суммада, Биринчи май районунун «Билим берүү» бөлүгүнө «Достук балдары-2014» КМШнын катышуучуларын мамлекеттеринин эл аралык маданий-билим берүү форумун өткөрүүгө 2 275,9 миң сом суммада каражат карап чыксын;

ж) 50 000,0 миң сом суммада Биринчи май районунун ИИБсынын жаңы имаратын курууга алмашуу менен Биринчи май районунун 300 бала орундуу №98 мектепке чейинки  уюмун эксплуатацияга киргизүүгө 16 407,6 миң сом суммада каражат табуу жөнүндө маселени карап чыксын;

з) Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо департаментинин каражаттарынан ТЖМС ШБКОсуна түстүү доплери менен ультразвук аппарат сатып алуу үчүн акча каражат бөлүп берсин;

и) 2015-жылдан тартып Бишкек шаарынын саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелерин республикалык бюджеттин эсебинен каржылоого которуу ишин жүргүзсүн;

к) Муниципалдык базарлар, токтотмолор жана туруучу жайлар дирекциясынын ишин, анын ичинде дирекциянын иштөө зарылчылыгы, Бишкек шаар аймагында авто транспортту токтоткондугу үчүн алынуучу жыйымдарды токтотуу же улантуу маселелери боюнча комиссия түзсүн. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча автотранспортту токтоткондугу үчүн алынуучу жыйымдарынан киреше планы боюнча тийиштүү сунуштарды киргизсин”;

л) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” 2013-жылдын 30-майындагы № 302 токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттарынан билим берүү чыгымдарын каржылоо механизмин аныктоо максатында, “Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартибин” иштеп чыксын, Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;

м) Бишкек шаардык кеңешке “Башка кызматтар” статьясы бонча 445,9 миң сом, анын ичинде Бишкек шаардык кеңештин фракция консультанттарын күтүүгө 417,1 миң сом суммага, ошондой эле “Байланыш кызматтары” статьясы бонча Бишкек шаардык кеңештин сессияларын түз трансляциялоо боюнча интернет кызматтарын төлөөгө жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин кошумча булактарынан 415,7 миң сом кошумча каражаттар каралсын;

н) 2014-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын бюджетинин 2015-2017-жылдарга киреше бөлүгүнүн долбоорун макулдашуу үчүн Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.

28. 2014-жылга авто транспортту токтотуу үчүн чогултуудан, ошондой эле муниципалдык жерди жана мүлктү ижарага берүүдөн түшүүчү кирешелер боюнча пландуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышына Бишкек шаарынын мэри       К. К. Кулматовдун жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

29. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык  кеңештин төрагасы М. А. Аманкуловгожана Бишкек шаарынын мэри                  К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                           М. А. Аманкулов

 

Бишкек шаары,

13-март 2014 жыл, №77