Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

 

Экологиялык жана техникалык  коопсуздук

боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек

шаары, Сокулук жана Аламүдүн  райондору

боюнча  региондук башкармалыгынын

отчёту жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянынБишкек шаары,  Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнчарегиондук башкармалыгынын отчётун угуп чыгып,   Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 28-февралындагы №3  буйругу менен түзүлгөн “Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянынБишкек шаары,  Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнчарегиондук башкармалыгынын ишинин натыйжалуулугун контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча”  жумушчу комиссиянын, Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуларын эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянынБишкек шаары,  Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнчарегиондук башкармалыгынын отчёту эске алынсын.
  2. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянынБишкек шаары,  Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнчарегиондук башкармалыгынын иши жетишсиз деп табылсын.
  3. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянынБишкек шаары,  Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнчарегиондук башкармалыгынын жетекчилигинин  жетишсиз иши белгиленсин.
  4. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянынБишкек шаары,  Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнчарегиондук башкармалыгынын начальнигинин орун басары - Б. К. Жанбоевдин  иши канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
  5. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянынБишкек шаары,  Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнчарегиондук башкармалыгынын начальнигинин орун басары- Б. К. Жанбоевго ишеним көрсөтүлбөсүн.
  6. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 20-статьясына ылайык шаардын мэриясынын компетенциясына кошумча кирген иш-чараларды ишке ашыруу боюнча планды иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна киргизсин;

б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан  категориясына карабастан бардык объекттердин курулушун жүзөгө ашырууда мыйзамдын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянынБишкек шаары,  Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнчарегиондук башкармалыгына толугу менен өткөрүп берүү маселесин иштеп чыксын.

  1.  Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков), Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

 

Бишкек шаары,

13-март 2014 жыл, №75