Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Билим берүү мекемелеринин (мектептер жана МЧББУ)

жер участокторуна укук белгилөөчү документтерди

берүү боюнча маалымат жөнүндө

         Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү мекемелеринин (мектептер жана МЧББУ)  жер участокторуна укук белгилөөчү документтерди  берүү боюнча маалыматын угуп чыгып,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү мекемелеринин (мектептер жана МЧББУ)  жер участокторуна укук белгилөөчү документтерди  берүү боюнча маалыматы эске алынсын.
  2. Бишкек шаарынын вице-мэрлери  Б. О. Дюшембиевдин жана А. И. Усубакунованын  билим берүү муниципалдык мекемелеринин (мектептер жана МЧББУ)  жер участокторуна укук белгилөөчү документтерди жол-жоболоштурууну камсыздоо боюнча иши жетишсиз деп табылсын.
  3. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр тапшырылсын:

- 2014-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинде муниципалдык мекемелердин жер участокторго укук белгилөөчү документтерин жол-жоболоштурууга каражат карап чыгуу;

- билим берүү муниципалдык мекемелеринин жер участокторго укук белгилөөчү документтерин жол-жоболоштуруу  боюнча ишти активдештирүү;

- 2014-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна тийиштүү маалымат берүү.

         4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков), бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э. Ш. Докенов), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

Кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов      

 Бишкек ш.,

19-ноябрь 2013-жыл, №45