2020-жылдын 01-декабры
Бишкек шаардык кеңеши Бишкек шаардык кеңешинин аппаратындагы бош административдик муниципалдык кызмат орунду ээлөөгө конкурс жарыялайт:
Бишкек шаардык кеңеши Бишкек шаардык кеңешинин аппаратындагы төмөнкү бош административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт:
Уюштуруу иши бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (М-А) - 1 бирдик.
Кесиптик билим деңгээли:
- кандай болбосун профилдеги жогорку же орто кесиптик билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт.
Билүү:
- “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
- Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин регламентин;
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын.
Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды (Windows,Word, Excel, “Токтом Мамлекет Про” маалыматтык-укуктук системаны) колдоно билүү.
Туруктуу комиссиялар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (М-А) - 1 бирдик.
Кесиптик билим деңгээли:
- жогорку же орто (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык, экономикалык, техникалык, гуманитардык) кесиптик билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт.
Билүү:
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин;
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
- “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
- “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
- “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
- Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентин;
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын.
Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө.
Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды (Windows, Word, Excel, “Токтом Мамлекет Про” маалыматтык-укуктук системаны) колдоно билүү.
Экономика, бюджет жана финансы боюнча бөлүмүнүн адиси (М-Б) – 1 бирдик
Кесиптик билим деңгээли:
- жогорку же орто кесиптик экономикалык же финансылык билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт.
Билүү:
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
- “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
- “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
- “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
- Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин регламентин;
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын.
Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды (Windows, Word, Excel, Power Point, “Токтом Мамлекет Про” маалыматтык-укуктук системаны) колдоно билүү.
Жогорудагы бош кызмат орундарга талапкерлер:
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү зарыл.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер кабыл алынат:
- бош орунду көрсөтүү менен өздүк арыз;
- 3-4 өлчөмүндөгү сүрөт менен кадр учету боюнча өздүк барак жана таржымал;
- нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтар тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даража, илимий наам ыйгаруу тууралуу дипломдун көчүрмөсү;
- нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтар тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү;
- паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын аныктаган документтин түпнускасы, конкурска документтерди берүүдө, тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
- мурунку иштеген жеринен сунуш кат (мүмкүнчүлүккө жараша).
Конкурс боюнча маалыматты Бишкек шаардык кеңешинин сайтынан www.gorkenesh.kg жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан www.mkk.gov.kg дагы таба аласыздар.
Документтер 2020-жылдын 1-декабрынан тартып 14-декабрын кошуп алганга чейин (дем алыш күндөрүнөн тышкары), саат 9.00дөн 18.00гө чейин (тыныгуу убактысы 12.00дон 13.00го чейин) Бишкек шаары, Чүй проспектиси 166 дареги боюнча Бишкек шаардык кеңешинде №214 кабинетте кабыл алынат. Сурап билүү телефону 62-26-27.
Эскертүү: Конкурска мындан ары катышуу үчүн коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүүсү зарыл.