Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык Адилет Башкармасында 2009-жылдын 13-июлунда каттоодон өткөн.

Каттоо номери N 20-1-09

ДЕПУТАТТАРДЫН БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2009-жылдын 30-июну N 75

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө

(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 51 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 51 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жергиликтүү жамааттын төмөнкү сыйлыктары белгиленсин:

а) Эң жогорку артыкчылык даражасы (орден):

- "Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн" (За заслуги перед городом Бишкек);

б) Артыкчылык белги (медаль):

- "Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн" ("За безупречную службу городу Бишкек").

2. "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө" жожана бул жобонун 1, 2-тиркемелери бекитилсин (тиркелет).

3. Бишкек шаарынын мэриясы бул токтомду жүзөгө ашыруу боюнча тийиштүү чара көрсүн.

4. Шаардык каржы башкармалыгы 2009-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө муниципалдык сыйлыктарды даярдоо үчүн каражат издеп тапсын жана тийиштүү сунуш киргизсин.

5. Бул токтом Бишкек шаарынын Адилет башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн жана массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Мандат, регламент жана этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, коопсуздук, коргонуу жана адам укуктарын сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы В.Н.Кимге жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Э.Дж.Мамыровго жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

А.Суракматов

Тиркемелер (pdf, 242Кб)

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 29-ноябры № 37

Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, шаардык коомчулуктун алдында өзгөчө эмгеги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, илим, маданият, адабият, искусство, билим берүү, саламаттык сактоо жаатындагы, мамлекеттик, коомдук жана Бишкек шаарынын жашоо тиричилигинин башка чөйрөлөрүндөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн сыйлоо үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү сыйлыктары белгиленсин:

а) Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты;

б) Бишкек шаардык кеңештин ардак грамотасы;

в) Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси;

г) Бишкек шаардык кеңештин "Патриот" төш белгиси;

д) Баалуу белек - аты жазылган кол сааттар (эркектердики, аялдардыкы).

2. Төмөнкү жоболор бекитилсин:

а) 1-тиркемеге ылайык, "Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты жөнүндө";

б) 2-тиркемеге ылайык, "Бишкек шаардык кеңештин ардак грамотасы жөнүндө";

в) 3-тиркемеге ылайык, "Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси жөнүндө";

г) 4-тиркемеге ылайык, "Бишкек шаардык кеңештин "Патриот" төш белгиси жөнүндө";

д) 5-тиркемеге ылайык, "Баалуу белек - аты жазылган кол сааттар (эркектердики, аялдардыкы) жөнүндө;

е) 6-тиркемеге ылайык, сыйлоо барагынын формасы;

ж) 7-тиркемеге ылайык "Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Бишкек шаардык комиссиясы жөнүндө".

3. Жогоруда аталган сыйлыктарды даярдоо боюнча чыгымдар Бишкек шаардык кеңештин чыгымдар сметасынын чектеринде жүзөгө ашырылсын.

4. Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын буйругунун негизинде Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Бишкек шаардык комиссиясынын чечимине ылайык тапшырылат.

5. Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары (Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси, "Патроит" төш белгиси жана баалуу белек - аты жазылган кол сааттар (эркектердики, аялдардыкы) күбөлүксүз жараксыз болоору белгиленсин.

6. Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 21-декабрындагы № 267 "Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамотасы жөнүндө", 2013-жылды 25-декабрындагы № 61 "Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө" токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.

7. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (А.А.Имангазиева) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

К.Музуралиев

Тиркемелер:

1. Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты жөнүндө (pdf, 206 Кб)

2. Бишкек шаардык кеңештин ардак грамотасы жөнүндө (pdf, 207 Кб)

3. Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси жөнүндө (pdf, 204 Кб)

4. Бишкек шаардык кеңештин "Патриот" төш белгиси жөнүндө (pdf, 207 Кб)

5. Баалуу белек - аты жазылган кол сааттар (эркектердики, аялдардыкы) жөнүндө (pdf, 193 Кб)

6. Сыйлоо барагынын формасы (pdf, 149 Кб)

7. Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Бишкек шаардык комиссиясы жөнүндө (pdf, 189 Кб)