Размер шрифта
Интервал
Изображения
 

Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү Адиса Имангазиева, Эрмек Усубалиев,  Наталья Кулматова жана Улан Абдыкадыров шаардык “Куткаруу кызматын”, №5 өрттөн куткаруу бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда  болушту.

Ал жерлерге баруунун максаты – аталган мекемелердин иши, көйгөйлөрү жана жетишкендиктери  менен таанышуу.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана жаңыртуу зарылдыгы бар экендиги аныкталды.